bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Thessalonians 1
2 Thessalonians 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 2 →
1
Кудай Атабыздын жана Теңирибиз Ыйса Машайактын Тесалоника Жыйынына Пабылдан, Сыластан жана Тиметейден салам!
2
Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!
3
Бир туугандар, Кудайга ар дайым ыраазычылык билдиришибиз керек, ошенткенибиз туура, анткени силердин ишенимиңер өсүүдө, баарыңардын бири-бириңерге болгон сүйүүңөр артууда.
4
Ошондуктан биз Кудайдын Жыйындарында силер менен мактанып жатабыз. Башыңардан кечирип жаткан куугунтуктар, кыйынчылыктар учурундагы чыдамдуулугуңар, ишенимиңер менен мактанып жатабыз.
5
Ушуларды башыңардан кечирип жаткандыгыңар – Кудайдын адилет соту боло тургандыгынын белгиси. Кудайдын Падышачылыгы үчүн азап чегип жаткан силер Кудайдын адилет сотунун негизинде Кудайдын Падышачылыгына татыктуу деп табыласыңар.
6
Кудай адилеттүү: силерди кордогондорго Ал кордук көрсөтөт,
7
кордолуп жаткан силерге жана бизге кубаныч тартуулайт. Теңир Ыйса Өзүнүн күчтүү периштелери менен, жалындаган от менен асмандан келгенде ушундай болот.
8
Ошондо Ал Кудайды тааныбагандарды жана биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын Жакшы Кабарына баш ийбегендерди жазалайт.
9
Алар Теңирден жана Анын кудуретинин даңкынан ажырап, түбөлүк өлүм жазасына тартылышат.
10
Мунун бардыгы Теңирибиз Ыйса Машайак Өзүнүн бардык ыйыктарынын арасында даңкталыш үчүн жана бардык ишенгендер аркылуу таң калтырарлык улуулугу менен көрүнүш үчүн келген күнү болот. Алардын ичине силер да киресиңер, анткени биздин күбөлөндүрүүбүзгө ишенгенсиңер.
11
Ошондуктан биз Кудайыбыздын жана Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымына ылайык Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымы силер аркылуу даңкталышы үчүн жана силер Ал аркылуу даңкталышыңар үчүн,
12
Кудайыбыз силерди Өзүнүн чакырыгына татыктуу кылсын деп, жакшы иштерди кылууга болгон ниетиңерди ишке ашырсын деп, ишенимден улам кыла турган иштериңерди Өзүнүн күчү менен аягына чыгарсын деп, силер үчүн дайыма сыйынабыз.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3