bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Thessalonians 2
2 Thessalonians 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 3 →
1
Бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын келиши жөнүндө жана биздин Аны менен биригүүбүз жөнүндө айта турган болсок, мындай өтүнүчүбүз бар:
2
«Машайак келип калды» деген рухка же сөзгө, же биздин атыбыздан жазылгансыган катка таянып, дүрбөлөңгө түшпөгүлө, үрөйүңөрдү учурбагыла.
3
Силерди эч ким эч бир жол менен адаштырбасын, анткени адегенде Кудайдан четтей турган учур келет; өлүм уулу, күнөөнүн адамы, ачыкка чыгат;
4
ал Кудай деп аталгандын же ыйык деп аталгандын бардыгына каршы чыгып, өзүн жогору көтөрөт; Кудайдын ийбадатканасында отуруп, өзүн Кудай кылып көрсөтөт.
5
Араңарда жүргөнүмдө, ушул жөнүндө айтканым эсиңерде жокпу?
6
Белгиленген убакытта ачыкка чыгышы үчүн, аны азыр эмне токтотуп жатканын силер билесиңер.
7
Анткени мыйзамсыздыктын жашыруун сыры азыр аракетте, бирок токтотуп туруучу алынмайынча, ал ачыкка чыкпайт.
8
Ошондон кийин гана мыйзамсыз адам ачыкка чыгат, аны Теңир Ыйса оозунун деми менен өлтүрөт, Өзүнүн келгендеги көрүнүшү аркылуу жок кылат.
9
Мыйзамсыз адамдын келиши шайтандын аракети боюнча болот. Анын келиши ар кандай күчтөр, белгилер жана жалган ажайыптар менен,
10
куткара турган чындыкты сүйбөгөндүктөрү үчүн өлүмгө дуушар боло тургандарды адаштыруучу азгырыктар менен коштолот.
11
Ошондуктан жалган нерселерге ишениши үчүн, Кудай аларга адаштыруучу күч жиберет.
12
Ошентип, жалганды жакшы көрүп, чындыкка ишенбегендердин баары соттолот.
13
Теңир сүйгөн бир туугандарым, биз силер үчүн Кудайга дайыма ыраазычылык билдирүүгө милдеттүүбүз, анткени Рух аркылуу ыйыкталып, чындыкка болгон ишенимиңер аркылуу куткарылышыңар үчүн, Кудай силерди башында эле тандап алган.
14
Ал силерди биз тараткан Жакшы Кабар аркылуу куткарылып, Теңирибиз Ыйса Машайактын даңкына жетишиңер үчүн чакырып алды.
15
Ошентип, бир туугандарым, бекем тургула! Сөзүбүз аркылуу, катыбыз аркылуу үйрөткөндөрүбүздү сактагыла.
16
Теңирибиз Ыйса Машайак Өзү жана бизди сүйгөн, Өз ырайымы менен бизди түбөлүк соороткон, бизге жакшы үмүт берген Кудай Атабыз
17
силерди сооротсун жана силерге ар кандай жакшы иштерди кылууга, жакшы сөз сүйлөөгө күч берсин.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3