bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
James 3
James 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 4 →
1
Бир туугандарым, бизге, окутуучуларга, сурак катуураак болорун билесиңер, ошондуктан баарыңар эле окутуучу боло бербегиле.
2
Анткени баарыбыз көп жаңылабыз. Оозунан жаңылбаган адам – бүт денесин ооздуктай алган жеткилең адам.
3
Баш ийдириш үчүн, биз атты ооздуктап, анын бүт денесин башкарабыз.
4
Кеме канчалык чоң болсо да, канчалык катуу шамалдар менен жүрсө да, кемечи аны кичинекей эле бургуч менен каалаган жагына бурат.
5
Ошол сыяктуу тил да дененин кичинекей эле мүчөсү, бирок көп нерсе кылат. Оттун кичинекей эле учкуну чоң токойду өрттөп жок кылат.
6
Тил да – от, адилетсиз дүйнө. Денебиздин кичинекей эле жеринен орун алса да, ал бүт денебизди булгайт. Оттуу көлдүн оту менен тутангандыктан, бүт жашообузду өрттөп жок кылат.
7
Бардык жырткычтар, канаттуулар, сойлоочулар, деңиз жаныбарлары адам баласы тарабынан багындырылган жана багындырылып жатат.
8
Ал эми тилди эч бир адам багындыра албайт. Тил – ээ-жаа бербеген жамандык. Ал өлтүрүүчү ууга толгон.
9
Тилибиз менен Кудайды, Атаны, даңктайбыз, тилибиз менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган адамдарды каргайбыз.
10
Бир эле ооздон даңктоо да, каргоо да чыгат. Бир туугандарым, мындай болбошу керек.
11
Бир эле булактан таза суу да, шор суу да чыгышы мүмкүнбү?
12
Бир туугандарым, анжыр дарагы зайтун, жүзүм багы анжыр бере албайт. Ошол сыяктуу эле шор булактан таза суу чыкпайт!
13
Араңарда ким акылдуу жана эстүү? Ал өзүнүн ошондой экендигин жакшы жүрүм-туруму менен, акылдуу момундугу менен көрсөтсүн.
14
Эгерде жүрөгүңөрдө ачуу ичи тарлык жана өзүмчүлдүк бар болсо, анда мактанбагыла жана чындыкты бурмалабагыла.
15
Бул асмандан келген акылмандык эмес, жердеги, табигый, шайтандан келген акылмандык.
16
Анткени кайсы жерде ичи тарлык жана менменсинген өзүмчүлдүк бар болсо, ал жерде тартипсиздик жана ар кандай жаман нерселер бар.
17
Ал эми асмандан келген акылмандык баарынан мурун таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү, момун, тил алчаак, боорукер, жакшы жемиштүү, калыс, эки жүздүү эмес.
18
Ал эми адилеттиктин уругу тынчтыкты сактагандарга тынчтык менен себилет.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5