bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
James 4
James 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 5 →
1
Ортоңордогу чыр-чатак, талаш-тартыш кайдан чыгат? Дене мүчөлөрүңөрдө согушуп жаткан кумарларыңардан эмеспи?
2
Каалап жатасыңар, бирок ала албай жатасыңар; киши өлтүрүп, көрө албастык кылып жатасыңар, бирок эч нерсеге жете албай жатасыңар; талашып-тартышып, чатакташып жатасыңар, бирок ала албай жатасыңар, анткени сураган жоксуңар.
3
Сурасаңар да, ала албай жатасыңар, анткени жакшы нерсе үчүн эмес, өзүңөрдүн кумарларыңарды канааттандыруу үчүн сурап жатасыңар.
4
Бузуктук кылуучулар, бул дүйнө менен болгон достук Кудайга каршы кастык экенин билбейсиңерби? Бул дүйнө менен дос болууну каалаган адам Кудайдын душманы болуп калат.
5
Же силер Ыйык Жазуудагы «Кудай ичибизге салган Рух кызганчаактык менен сүйөт» деген сөз жөн эле айтылган деп ойлойсуңарбы?
6
Бирок Ал көп ырайым кылат, Ыйык Жазууда: «Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат», – деп айтылган.
7
Ошондуктан Кудайга моюн сунгула. Шайтанга каршы тургула, ошондо ал силерден качат.
8
Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт. Күнөөкөрлөр, колуңарды тазалагыла. Эки ойлуулар, жүрөгүңөрдү тазалагыла!
9
Кайгыргыла, ыйлагыла, боздогула. Күлгөндүн ордуна ыйлагыла, кубангандын ордуна кайгыргыла.
10
Теңирдин алдында моюн сунгула, ошондо Ал силерди көтөрөт.
11
Бир туугандарым, бири-бириңерди жамандабагыла. Ким бир тууганын жамандаса же соттосо, ал мыйзамды жамандап, мыйзамды соттогон болот. Эгерде сен мыйзамды соттоп жатсаң, анда мыйзамды аткаруучу эмес эле, соттоочусуң.
12
Мыйзам чыгаруучу да, Соттоочу да бирөө. Ал куткара да, жок кыла да алат. Жакыныңды соттогудай сен кимсиң?
13
«Бүгүн же эртең баланча шаарга барып, ал жерде бир жыл жашап, соода кылып пайда табабыз», – дегендер, кулак салгыла,
14
силер, эртең эмне болорун билбегендер, силердин өмүрүңөр эмне? Пайда болуп, кайра тез эле жок болуп кеткен буу.
15
Анын ордуна «Кудай буюрса, аман болсок, тигини же муну кылабыз» дешиңер керек эле.
16
Бирок силер текебер болгондуктан, курулай мактанып жатасыңар. Мындай курулай мактанчаактыктын баары – жаман нерсе.
17
Демек, ким жакшылык кылуу керек экендигин билип туруп, жакшылык кылбаса, ал күнөө кылган болот.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5