bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
James 5
James 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
1
Байлар, кулак салгыла, башыңарга келе турган оор күндөр үчүн боздоп ыйлагыла.
2
Байлыгыңар чириди, кийимиңерди күбө жеди.
3
Алтын-күмүшүңөр карарды. Алардын карарганы силерге каршы күбө болуп, денеңерди оттой жалмайт. Силер байлыкты акыркы күндөргө жыйнадыңар.
4
Эгиниңерди жыйнаган жумушчуларга төлөнбөгөн эмгек акы өзүңөргө каршы айгак болуп, боздоп жатат, орокчулардын боздогон үнү Себайот Теңирге жетти.
5
Силер жер үстүндө доорон сүрүп, ыракат алып жашадыңар. Өзүңөрдү бордоп, союлчу күнүңөргө даярдадыңар.
6
Силер адил адамды айыптап, аны өлтүрдүңөр. Ал силерге каршылык көрсөткөн жок.
7
Ошентип, бир туугандар, Теңирдин келишин чыдамдуулук менен күткүлө. Дыйканды карагылачы, ал жерден жакшы түшүм алыш үчүн, эрте жаздагы жана кеч күздөгү жамгырды чыдамдуулук менен күтөт.
8
Силер да чыдамдуулук менен күткүлө, бекем болгула, анткени Теңирдин келер убагы жакындап калды.
9
Бир туугандар, соттолбош үчүн, бири-бириңердин үстүңөрдөн арызданбагыла. Соттоочу босогодо турат.
10
Бир туугандар, Теңирдин атынан сүйлөгөн пайгамбарлардан үлгү алгыла, алар кыйынчылыктарга чыдамдуу болушкан.
11
Чыдамдуулук көрсөткөндөрдү бактылуу дейбиз. Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер. Анткени Теңир аябай ырайымдуу жана боорукер.
12
Бир туугандарым, баарынан мурун айтарым: асманды да, жерди да, башка нерселерди да оозанып ант бербегиле. Соттолбошуңар үчүн, «ооба» деп айтуу керек болсо, «ооба» дегиле; «жок» деп айтуу керек болсо, «жок» дегиле.
13
Ким кыйналып жатса, ал сыйынсын. Ким кубанып жатса, ал Кудайды даңктап ырдасын.
14
Ким ооруп жатса, ал Жыйын башчыларын чакыртсын. Алар аны Теңирдин атынан зайтун майы менен майлап, ал үчүн сыйынышсын.
15
Ишеним менен сыйынганда, оорулуу айыгат, Теңир аны бутуна тургузат. Эгерде оорулуу күнөө кылган болсо, күнөөлөрү кечирилет.
16
Ошондуктан айыгышыңар үчүн, бири-бириңерге күнөөлөрүңөрдү ачык айтып, бири-бириңер үчүн сыйынгыла. Адил адамдын күчтүү сыйынуусу көп нерсени аткара алат.
17
Илияс пайгамбар бизге окшогон эле адам болгон. Ал жамгыр жаабасын деп сыйынганда, үч жыл, алты ай бою жамгыр жааган эмес.
18
Ал кайра сыйынганда, жамгыр жаап, жер түшүм берген.
19
Бир туугандарым, ким чындык жолунан четтеген адамды кайра туура жолго салса, ал билип койсун:
20
күнөөкөрдү туура жолго салуу менен ал анын жанын өлүмдөн алып калат жана көп күнөөлөрүн жаап коёт.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
All chapters:
1
2
3
4
5