bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Nahum 1
Nahum 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 2 →
1
Нинеби тууралуу пайгамбарчылык. Элкоштук Накумдун көрүнүш китеби.
2
Теңир – кызганчаак, өч алуучу Кудай. Теңир – өч алуучу, Анын каары коркунучтуу: Теңир Өзүнүн душмандарынан өч алат, Ал Өзүнүн жоолорун аябайт.
3
Теңир чыдамдуу, кудурети менен улуу, Ал жазасыз калтырбайт. Теңирдин жолу куюнда жана бороондо, булут – Анын таманынан чыккан чаң.
4
Ал деңизге тыюу салат, ошондо ал кургап калат, бардык өзөндөр соолуп калат. Башан менен Кармел куурайт, Лебанондун гүлү соолуйт.
5
Анын алдында тоолор титиреп турат, адырлар эрийт, Анын алдында жер, аалам жана анда жашагандардын баары титиреп турат.
6
Анын каарына ким туруштук бере алат? Анын каарынын жалынына ким чыдай алат? Анын каары оттой чачырайт. Анын алдында аскалар жарылат.
7
Теңир ырайымдуу, кайгы күнү Ал – баш паана, Ал Өзүнө таянгандарды билет.
8
Бирок баарын каптаган ташкыны менен Нинебини негизине чейин кыйратып салат, Анын душмандарына караңгылык түшөт.
9
Силер Теңирге каршы эмнени ойлоп жатасыңар? Ал кырып жок кылат, алаамат экинчи жолу кайталанбайт,
10
анткени тикенек сыяктуу өз ара чырмалышкандар жана аракечтер сыяктуу мас болгондор кургак самандай болуп таптакыр өрттөнүп кетишет.
11
Сенден Теңирге каршы жамандык ойлогон, жаман кеңеш берген адам чыкты.
12
Теңир мындай дейт: «Алар күчтүү жана өтө көп болушканына карабастан, кырылып жок болушат. Мен сени кыйнап келгем, мындан ары кыйнабайм.
13
Мен эми сенин мойнуңдагы анын моюнтуругун талкалайм, сенин кишендериңди үзөм».
14
Сен жөнүндө болсо, Ашур, Теңир мындай өкүм чыгарып койгон: «Мындан ары сенин ысымың менен атала турган тукумуң болбойт. Сенин кудайыңдын үйүнөн таш буркандарды жана жасалма кудайларды жок кылам, ал жерге сага мүрзө даярдайм, анткени сен жек көрүндүсүң».
15
Мына, тынчтыкты кабарлаган жакшы кабарчынын буттары тоолордун үстүндө. Өз майрамдарыңды майрамдай бер, Жүйүт, өз убадаларыңды аткара бер, анткени мындан ары сенин жериңден мыйзамсыз адам өтпөйт: ал таптакыр жок болду.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3