bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Nahum 3
Nahum 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
1
Канкор шаарга кайгы! Ал бүт бойдон алдамчылыкка жана киши өлтүрүүгө толгон. Анын ичинде талап-тоноочулук токтобой жатат.
2
Камчынын үнү, чимирилген дөңгөлөктөрдүн калдырттаганы, аттын азынаганы жана катуу келе жаткан майдан арабанын дүңгүрөгү угулат.
3
Атчан зымырайт, кылыч жалаңдайт, найза жаркылдайт. Өлтүрүлгөндөр өтө көп, өлүктөр үстү-үстүнө үйүлүп жатат; өлүктөргө сан жетпейт, аларга мүдүрүлүп жатышат.
4
Бул чебер сыйкырчылык кылган, сырты жагымдуу бузулган аялдын көп бузуку иштери үчүн болду, ал өзүнүн бузуку иштери менен элдерди, сыйкырчылыгы менен урууларды сатат.
5
Мен сага каршымын, – дейт Себайот Теңир, – кийимиңдин этегин бетиңе чейин көтөрүп, элдерге жылаңач этиңди көрсөтөм, падышачылыктарга абийириңди ачам.
6
Анан сенин үстүңө жийиркеничтүү нерселерди үйөм, сени жек көрүндү кылам, сени маскара кылам.
7
Ошондо сени көргөндөрдүн баары сенден качып: Нинеби талкаланды! Аны ким аяйт? Сени сооротуучуларды кайдан табам? – дешет.
8
Сен дарыялардын ортосунда жайгашкан, суулар менен курчалган, чеби деңиз болгон, деңиз ага дубал болгон Но-Амон шаарынан артыксыңбы?
9
Эфиопия менен Мисир анын күчү эле. Пут менен Либия ага жардамга келип турушкан.
10
Бирок ал да көчүрүлүп кетти, туткундалып кетти. Атүгүл, анын наристелери да бардык көчөлөрдүн кесилиштеринде өлүп жатышат, анын атактуулары жөнүндө өкчөмө таш ыргытышты, анын бардык төрөлөрү чынжыр менен кишенделди.
11
Сен да мас болосуң, жашынасың, сен да душманыңдан качып, баш паана издейсиң.
12
Сенин бардык сепил-чептериң мөмөсү бышкан анжырга окшош. Эгерде аларды күбүсө, алар түз эле жегиси келгендин оозуна түшөт.
13
Сенин элиң өзүңдөгү аялдарга окшош. Жериңдин дарбазалары душмандарыңа аңырая ачылат, кулпуларыңды от жалмайт.
14
Курчоо убагына чейин суу ташып ал. Сепил-чептериңди бекемде. Ылайга кирип, баткак тебеле, кыш бышыра турган мешиңди оңдо.
15
Ошол жерде сени от жалмайт, кылыч кыя чабат. Сен кырк аяктай көбөйсөң да, чегирткедей жайнасаң да, сени кырк аяктай жейт.
16
Көпөстөрүңдү асмандагы жылдыздардан да көп кылдың. Бирок бул чегиртке туш-тушка учуп кетет.
17
Сенин төрөлөрүң чегирткелердей, аскер башчыларың чиркейлердин уюгундай, алар суукта дубалдардын кычыктарына уялашат, күн чыкканда, туш-тушка учуп кетишет, алардын орду кайда экенин билбей каласың.
18
Ашур падышасы, сенин койчуларың уктап жатышат, төрөлөрүң эс алып жатышат. Сенин элиң тоолорго чачырап кетти, аларды чогултар эч ким жок.
19
Сенин жараатыңа даба жок, жараатың оор. Сен тууралуу кабар уккандардын бардыгы кол чабышат, анткени сенин тыйылбаган кыянаттыгың кимге гана багытталган жок?!»
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
All chapters:
1
2
3