bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Nahum 2
Nahum 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 3 →
1
Сага каршы кыйратуучу көтөрүлдү: чептериңди кайтар, жолуңду сакта, белиңди бек буу, күчүңдү жыйна.
2
Анткени Теңир Жакыптын даңкын Ысрайылдын даңкындай кылып калыбына келтирет, анткени кыйратуучулар аларды кыйратышты, алардын жүзүм сабактарын талкалашты.
3
Анын баатырларынын калканы кызыл, анын жоокерлери кочкул кызыл кийим кийишкен. Салгылашка даярдануу күнүндө майдан арабалары оттой жаркырайт, найзалары калың чердей кылкылдайт.
4
Майдан арабалары көчөлөрдө зуулдайт, аянттарда дүңгүрөйт. Алар шаманадай жаркырайт, чагылгандай жаркылдайт.
5
Ал өзүнүн кайраттууларын чакырып жатат, бирок алар басып баратып мүдүрүлүп жатышат. Алар шаардын дубалдарына шашылып жатышат, бирок курчоо коюлуп калган.
6
Дарыялардын дарбазалары ачылды, падыша сарайы кулап калды.
7
Чечилди: аны жылаңачтап, туткундап кетишет, анын күңдөрү төшүн койгулап, көгүчкөндөрдөй онтошот.
8
Байыртадан бери Нинеби сууга толгон көлмөгө окшош. Алар болсо качып бара жатышат. «Токтогула! Токтогула!» – деп кыйкырып жатышат. Бирок эч ким кылчайган жок.
9
Алтын-күмүштөрдү ташып кеткиле! Топтолгон ар кандай кымбат баалуу буюмдарга сан жетпейт.
10
Ал таланып-тонолду, ээн калды жана кыйратылды, ошондуктан жүрөк өлүп, тизелер титиреп жатат. Бардыгынын бели катуу ооруп жатат, бардыгынын өңү карарып кетти.
11
Арстандардын үңкүрү, арстан күчүктөрүнүн жүргөн жери азыр кайда? Ал жерде эркек арстан, ургаачы арстан, күчүк арстан жүрөр эле, аларды эч ким коркутчу эмес.
12
Күчүктөрүн тойгузуш үчүн, башкаларды тыткылап өлтүргөн, ургаачы арстандары үчүн башкаларды муунтуп өлтүргөн, өз үңкүрүн олжого, өз ийинин талап-тоноп алган нерсесине толтурган арстан кайда?
13
«Мен сага каршымын, – дейт Себайот Теңир, – сенин майдан арабаларыңды түтөтүп өрттөйм, сенин арстан күчүктөрүңдү кылыч жалмайт, олжоңду жер бетинен жок кылам, ошондон кийин сенин элчилериңдин үнү угулбайт.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3