bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
1 Corinthians 13
1 Corinthians 13
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 14 →
1
Адамдык тилде сүйлөп, ал гана эмес, Периштелер тилинде сүйлөп жатып, Ал эми башкаларды сүйө албасам, Каңгыраган жездин же даңгыраган Темирдин доошунан эмнем артык?
2
Пайгамбар касиетин Кудай берип, Түшүнүп турсам дагы бүт сырларды, Билимдин чокусуна жетип барып, Тоолорду козгой алган ишенимге Ээ болуп, ошондо да сүйө албасам, Анда мен эч нерсеге татыбаймын.
3
Таратып колумдагы мал-мүлкүмдү Жардыларга, денемди азаптарга, Бүтүндөй өрттөлүүгө берип салып Дагеле башкаларды сүйө албасам, Анымдан түк пайда да болбойт мага.
4
Сүйүүнүн чыдамы мол, кайрымы зор, Кызганбайт, мактанбайт ал, бой көтөрбөйт.
5
Адепсиздик кылбайт сүйүү, керт башынын Пайдасын көздөбөйт да ачуусуна Алдырбайт, башкаларга кек сактабайт.
6
Сүйүүнү кубандырбайт адилетсиздик, Акыйкат өкүм сүрсө сүйүнөт ал.
7
Баарына болот сүйүү көтөрүмдүү, Эч жазбайт ишенимден, колун үзбөйт Үмүттөн, бардыгына чыдап келет.
8
Пайгамбарлык сөз айтуу токтойт бир күн, Сүйлөнбөй кала берет бөтөн тилдер, Жоюлат билим дагы. Бирок сүйүү Жок болбой, түбөлүккө өмүр сүрөт.
9
Азыртан биле албайбыз бардыгын биз, Чектелген пайгамбарлык касиет да.
10
Ал эми жеткилеңдик келген кезде Чектелүү бүт нерселер артта калат.
11
Кичинемде балача сүйлөп мен да, Балача баамдап баарын, ой жүгүрткөм. Ал эми эр жеткенде таштап салдым Мурдагы жаш балалык адатымды.
12
Азыртан көргөнүбүз — элес-булас, Күзгүнүн күңүрт тарткан айнегине Чагылышкан. Ал эми келечекте Бардыгын биз бетме-бет көрө алабыз. Чектелген ушул чакта билгендерим, Ал эми келечекте билип калам, Кудай мени дайыма тааныгандай, Мен дагы бүт бардыгын толугунан.
13
Ошентип, үч нерсе бар ушул тапта: Ишеним, үмүт, сүйүү. Бул үчөөнөн Баарынан улуусу бар. Ошол — сүйүү.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16