bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
1 Corinthians 5
1 Corinthians 5
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 6 →
1
Сөздүн ачыгын айтайын: мага араңардан бирөө атасынын төшөгүн тепсеп, өгөй энеси менен жатып жүрөт деген анык кабар жетти. Бул Кудайды тааныбагандарда да болуп көрбөгөн, жеткен бузукулук эмеспи!
2
Ушуну билип туруп, эмнеңерге мынчалык көөдөнүңөрдү көтөрүп жатасыңар?! Андан көрө, кайгырып, ушундай кылгылыкты кылган немени араңардан чыгарып таштаганыңар оң болот эле го!
3
null
4
Өзүм жаныңарда болбосом да, оюмда силер мененмин. Андыктан, араңарда турган сыяктуу, мындай бузукулук кылган адамга карата Эгебиз Ыйсанын атынан өкүм чыгарып койдум: баарыңар чогулганыңарда, оюмда мен өзүм да, Эгебиз Ыйсанын кудурети да силер менен экенин эске алып,
5
жанакы адамды шайтандын колуна тапшырып салгыла. Ошондо күнөөлүү денеси кыйраса да, Эгебиз Ыйса Машаяк кайтып келген күнү руху куткарылып калат.
6
Обу жоктонуп, көөдөнүңөрдү көтөрүп жатканыңар дурус эмес. Же бир аз эле камыр туруш бүтүндөй камырды ачытарын билген жок белеңер?
7
Күнөөнүн эски ачыткысын алып таштап, ачыткысыз жуурулган жаңы камырдай таза болгула. Силер чынында эле ошондойсуңар, себеби күнөөдөн куткарчу козубуз, Машаяк, биз үчүн курмандыкка чалынган.
8
Ошондуктан Куткарылуу майрамыбызды мурдагы, зулумдук менен кыянаттыкка толгон эски табиятыбыздын ачыткысы кошулуп жасалган нан менен эмес, анын ордуна, тазалык менен ак ниеттүүлүктүн ачыткысыз наны менен тосолу.
9
Мурдагы катымда мен силерге бузуку адамдар менен алакада болбогула деп жазгам.
10
Ошондо кеп кылганым бул дүйнөдөгү бузуку же ач көз адамдар, уурулар же бутпарастар эмес болчу, анткени алардан оолак болуш үчүн силер бул дүйнөнүн өзүнөн алынып кетишиңер керек болмок.
11
Айтайын дегеним, өздөрүн боордошуңар дегени менен, чындыгында мурдагыдай эле бузукулук кылып, же арам пайда табууну көздөп, же буркандарга табынып, же ушак таратып, же масчылыкка берилип, же болбосо уурдап-тоноп жүргөндөр менен баарлашпагыла, ал турсун бир дасторкондон даам татпагыла.
12
Жыйындан тышкаркыларды соттоп мен эмне кылмак элем? Силердин соттоп жаткандарыңар болсо жыйын ичиндегилер эмеспи?
13
Жыйындан тышкаркыларды Кудай Өзү жоопко тартат. Ошентип, «бузулган немени араңардан чыгарып салгыла».
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16