bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
1 Corinthians 6
1 Corinthians 6
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 7 →
1
Кимдир бирөөңөр ишенимдеши менен доолашып кетсе, бул маселени ыйыктардын эмес, дүйнөнүн кудайсыз сотунун алдына коюуга кантип батынасыңар?
2
Ыйыктар дүйнөнү соттой турганын силер билген жок белеңер? Эгерде келечекте дүйнөнү соттоого тийиш болсоңор, анда эмне, жанакы болбогон маселени өзүңөр чече албай калдыңарбы?
3
Ал гана эмес, периштелерди да соттой турганыбыз силерге маалым эмес беле? Демек, кадыресе турмуштук көйгөйдү чечип коюш биз үчүн кыйынга турбас!
4
Андыктан, ушул сыяктуу иш келип чыкканда, жыйынга эч тиешеси жок немелерди өзүңөргө сот кылып алганыңар кандай?
5
Кайран гана бир боорлорум-ай! Боордошторунун ортосуна түшүп, доосун чечип бергидей араңардан бир дагы акылман адам табылбаптыр да.
6
Анын ордуна, боордоштор бири бирин сотко, болгондо да ишенбегендердин сотуна сүйрөп барат экен.
7
Бир-бириң менен араздашканыңардын өзү эле жеңилгендик эмеспи? Андан көрө, ак жерден айыпталганыңар, колуңардагыны тарттырып жибергениңер оң болбойт беле?
8
Силер болсо өзүңөрдүн эле карачечекей боордошторуңарды айыптап, бири бириңерди тоноп жатасыңар!
9
Же адилетсиздердин Кудай Падышачылыгында энчиси жок экенин билбей калдыңар беле? Алданбагыла, бузукулук кылгандар да, буркандарга табынгандар да, жубайынын көзүнө чөп салгандар да, бачабаздар да, кызтекелер да,
10
уурулар да, ач көздөр да, аракечтер да, ушакчылар да, тоноочулар да — бири дагы Кудай Падышачылыгына мураскор болушпайт.
11
Араңардагы кээ бирөөлөр да бир кезде ушундай болгон. Бирок силер Эгебиз Ыйса Машаяктын урматына жана Кудайдын Руху аркылуу күнөөдөн арылып, ыйыкталып, Кудай алдында ак болдуңар.
12
«Менин бардыгын кылууга акым бар» дейсиңер. Ырас, бирок бардык эле нерсе пайдалуу боло бербейт. «Менин бардыгын кылууга акым бар» дейсиңер, бирок эч нерсе бизди башкарбоого тийиш.
13
«Тамак — ашказан үчүн, ашказан да тамак үчүн жаратылган» дейсиңер, бирок Кудай бир күнү экөөнү тең жок кылат. Денебиз да бузукулук кылыш үчүн эмес, Эгебизге кызмат кылыш үчүн берилип, Эгебиз денебиздин камын көрөт.
14
Эгебизди өлгөндөн тирилткен Кудай бизди да Өз кудурет-күчү менен тирилтип алат.
15
Денеңер Машаяк денесинин бир бөлүгү экенин силер билбейт белеңер? Ушуну билип туруп, өз денемди Машаяктын денесинен бөлүп алып, аны эми кайсы бир сойкунун денесине кошомбу? Кудай анын бетин ары кылсын!
16
Же сойку менен төшөк бөлүшкөн эркек аны менен бир дене болуп калары силерге белгилүү эмес беле? «Экөө бир дене болушат»,— деп жазылып турбайбы.
17
Ал эми ким Эгебизге кошулса, Аны менен рухий бир болуп калат.
18
Бузукулуктан оолак болгула. Адам кетирген мындан башка күнөөлөр денеге зыян келтирбейт, ал эми бузукулук кылган адам өз денесин күнөөгө батырып, зыянга учуратат.
19
Денеңер Ыйык Рух жашаган ийбадаткана экенин билбейсиңерби? Рухту силерге Кудай берип, Ал денеңердин ичинде өкүм сүрөт. Андыктан силер эми өзүңөргө эмес, Кудайга таандыксыңар.
20
Ал силерди кымбат баага сатып алган. Муну билип, денеңер менен да Кудайдын атак-даңкын чыгаргыла.
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16