bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Corinthians 1
1 Corinthians 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 2 →
1
Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машайактын элчиси болууга чакырылган Пабылдан жана бир тууганыбыз Состенден
2
Кудайдын Корунттагы Жыйынына салам! Машайак Ыйса аркылуу ыйыкталган жана ыйык болууга чакырылган силерге, ошондой эле бардык жерде баарыбыздын Теңирибиз болгон Ыйса Машайактын ысымын чакыруучулардын баарына
3
Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!
4
Силер үчүн жана Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу силерге көрсөткөн ырайымы үчүн, Кудайга ар дайым ыраазычылык билдирем.
5
Себеби силер Ыйса Машайак аркылуу бардыгына: сөзгө жана билимге байыдыңар.
6
Анткени Машайактын күбөлөндүрүүсү силерде бекем орун алды.
7
Теңирибиз Ыйса Машайактын келишин күтүп жаткан силер рухий жөндөмдүүлүктөрдүн эч биринен кем эмессиңер.
8
Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү кемчиликсиз болушуңар үчүн, Ал силерди акырына чейин бекемдейт.
9
Силерди Өз Уулу – Теңирибиз Ыйса Машайак менен мамилелешүүгө чакырган Кудай ишенимдүү.
10
Бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан өтүнөм, баарыңардын сөзүңөр бир болсун. Өз ара бөлүнбөгүлө, тескерисинче, бир ой, бир пикирге келгиле.
11
Бир туугандарым, өз ара талашып-тартышып жатканыңар Хлоянын үйүндөгүлөрү аркылуу мага маалым болду.
12
Муну айтып жатканымдын себеби: бириңер: «Мен Пабылдыкымын», бириңер: «Мен Аполостукумун», дагы бириңер: «Мен Кейфаныкымын», дагы бириңер: «Мен болсо Машайактыкымын», – деп жатыптырсыңар.
13
Эмне, Машайак бөлүндү беле? Пабыл силер үчүн айкаш жыгачка кадалды беле? Же силер Пабылдын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлдүңөр беле?
14
Криспос менен Гайдан башкаңарды сууга чөмүлдүрбөгөнүм үчүн, Кудайга ыраазымын,
15
«Мен Пабылдын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгөм», – деп, эч ким айта албайт.
16
Степандын үйүндөгүлөрдү да сууга чөмүлдүргөм, алардан башка дагы кимди сууга чөмүлдүргөнүм эсимде жок.
17
Машайак мени сууга чөмүлдүрүү үчүн жиберген эмес, Жакшы Кабар таратуу үчүн жиберген. Бирок аны чечендик менен таратуу үчүн жиберген эмес, болбосо Машайактын айкаш жыгачы өз күчүн жоготуп коёт.
18
Себеби айкаш жыгач жөнүндөгү сөз – өлүмгө бара жаткандар үчүн акылсыздык, ал эми куткарыла турган биз үчүн Кудайдын күчү.
19
Анткени Ыйык Жазууда: «Даанышмандардын даанышмандыгын жок кылам, акылмандардын акылын четке кагам», – деп жазылган.
20
Даанышман кайда? Мыйзамды окутуучу кайда? Бул дүйнөнүн акылдуусу кайда? Бул дүйнөнүн акылмандуулугун Кудай акылсыздыкка айландырган жокпу?
21
Өзүн акылман санаган бул дүйнө Кудайды кудайлык акылмандуулук боюнча тааныбай койгондуктан, Кудай ишенгендерди акылга сыйбаган сөз аркылуу куткарып алууну туура тапты.
22
Анткени жүйүттөр керемет-жышаанды талап кылышат, эллиндер акылмандыкты издешет,
23
биз болсо айкаш жыгачка кадалган Машайак жөнүндө жарыялайбыз. Жүйүттөр үчүн бул – азгырык, ал эми эллиндер үчүн акылсыздык.
24
Чакырылгандар үчүн, алар жүйүт болобу, эллин болобу, Машайак – бул Кудайдын күчү жана Кудайдын акылмандыгы.
25
Анткени Кудайдын «акылсызы» адамдардан акылдуу, Кудайдын «алсызы» адамдардан күчтүү.
26
Кудай тарабынан чакырылып алынган бир туугандар, өзүңөрдүн ким экениңерди карап көргүлөчү: бир азыңар эле акылдуусуңар, бир азыңар эле күчтүүсүңөр, бир азыңар эле тектүү жерден чыккансыңар.
27
Акылдууларды уятка калтырыш үчүн, Кудай бул дүйнөнүн акылсыздарын тандап алды. Күчтүүлөрдү уятка калтырыш үчүн, Кудай бул дүйнөнүн алсыздарын тандап алды.
28
Бул дүйнөнүн барктууларынын баркын түшүрүү үчүн, Кудай бул дүйнөнүн тексиздерин, басынтылгандарын жана барксыздарын тандап алды.
29
Кудай алдында эч бир адам мактанбашы үчүн ушундай кылды.
30
Ал аркылуу силер Машайак Ыйсанын ичиндесиңер. Машайак биз үчүн Кудайдан келген акылмандуулук, адилеттик, ыйыктык жана куткарылуу болуп калды.
31
Ошондуктан Ыйык Жазууда жазылгандай, «Мактанган адам Теңир менен мактансын».
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16