bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Corinthians 13
1 Corinthians 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 14 →
1
Эгерде мен адамдын жана периштенин тили менен сүйлөй алсам, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен зың эткен жезмин же шыңгыраган коңгуроомун.
2
Эгерде мен пайгамбарчылык кылсам, бардык сырларды билсем, толук билимге ээ болсом, тоону ордунан жылдыра ала тургандай ишенимим бар болсо, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен эч ким эмесмин.
3
Эгерде мен мал-мүлкүмдүн баарын таратып берсем, денемди отко таштоого даяр болсом, бирок менде сүйүү жок болсо, мунун баары пайдасыз.
4
Сүйүү чыдамдуу, боорукер, сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, текеберденбейт,
5
адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт, ачууланбайт, кек сактабайт,
6
адилетсиздикке кубанбайт, чындыкка кубанат,
7
баарын жаап коёт, баарына ишенет, баарынан үмүт үзбөйт, баарын көтөрөт.
8
Сүйүү эч качан токтобойт. Пайгамбарчылык айтылбай калат, тилдер сүйлөнбөй калат, билимдин кереги жок болуп калат.
9
Анткени биздин билимибиз чектелүү, пайгамбарчылыгыбыз да чектелүү.
10
Жеткилеңдүүлүктүн убагы келгенде, чектелүү нерселер жок болот.
11
Бала кезимде жаш балача сүйлөп, жаш балача ойлонуп, жаш балача ой жүгүртчүмүн. Эр жеткенде балалык көз караштарымды калтырдым.
12
Азыр биз күңүрт күзгүдөн көргөнсүп, даана көрө албай жатабыз, кийин болсо даана көрөбүз. Азыр менин билимим чектелүү, Теңир мени кандай билсе, кийин мен баарын ошондой билип алам.
13
Ал эми азыр үчөө бар: ишеним, үмүт, сүйүү. Бирок сүйүү баарынан жогору.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16