bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Corinthians 5
1 Corinthians 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 6 →
1
Силердин араңарда бузуктук кылган адам бар экенин уктум. Ал өзүнүн өгөй энесин алып алыптыр. Мындай нерсе бутпарастар арасында да кездешпейт.
2
«Мындай иш кылган адам арабыздан чыгарылса экен», – деп ыйлагандын ордуна кекирейесиңер да!
3
Араңарда болбосом да, рухум силер менен, ошондуктан өзүмдү араңарда жүргөндөй эле сезип, мындай иш кылган адамга карата чечим чыгарып койдум.
4
Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымынын урматына чогулганыңарда, рухум силердин араңарда.
5
Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү менен ал адамдын жаны куткарылып калышы үчүн, денеси кыйналышы үчүн, аны шайтанга берип салгыла.
6
Мактанар жөнүңөр жок! Бир аз эле ачыткы бүт камырды ачытарын билбейсиңерби?
7
Жаңы камыр болушуңар үчүн, эски ачыткыдан арылгыла. Силер ачыткысыз камырсыңар, анткени Пасах Козусу – Машайак биз үчүн курмандыкка чалынган.
8
Ошондуктан эски ачыткы – бузуктук жана куулук-шумдук менен эмес, ачыткысыз нан – таза жүрөк жана чындык менен майрамдайлы.
9
Мен силерге: «Бузуктук кылуучулар менен мамилелешпегиле», – деп, кат жазып жибергем.
10
Бул дүйнөнүн бузуктук кылуучулары, дүнүйөкорлору, талап-тоноочулары жана бутка табынуучулары менен мамилелешпегиле дебейм. Болбосо бул дүйнөдөн таптакыр эле чыгып кетүүгө туура келмек.
11
Мен силерге: «“Бир тууганыңармын”, – деп коюп, бузуктук кылганын, дүнүйөкорлугун, бутка табынганын, ушак сүйлөгөнүн, ичкилик ичкенин, уурулук кылганын таштабаган адам менен мамилелешпегиле. Атүгүл, аны менен бирге отуруп тамак да ичпегиле», – деп жазгам.
12
Сырттагыларды соттоп эмне кылам? Жыйындагыларды силер соттошуңар керек эмес беле?
13
Сырттагыларды Кудай соттойт. Ошондуктан бузулган адамды араңардан чыгарып салгыла.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16