bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Corinthians 10
1 Corinthians 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 11 →
1
Бир туугандар, мен силердин билишиңерди каалайм: ата-бабаларыбыздын баары булут астында жол жүрүшкөн, алардын баары деңизден өтүшкөн.
2
Алардын баары булутка жана деңизге, Мусанын урматына чөмүлдүрүлүшкөн.
3
Бардыгы бир эле рухий тамак жешкен.
4
Бардыгы бир эле рухий суусундук ичишкен: өздөрүнүн артынан келе жаткан рухий аскадан суу ичишкен. Ал аска Ыйса Машайак болчу.
5
Кудай алардын көпчүлүгүнө нааразы болду. Ошондуктан алар чөлдө өлүп жок болушту.
6
Алар сыяктуу жамандыкка жакын болбошубуз үчүн, бул бизге сабак болуп калды.
7
Алардын кээ бирөөлөрүнө окшоп бурканга табынуучу болбогула. Алар жөнүндө Ыйык Жазууда: «... эл ичип-жегени отурду, көңүл ачканы турду», – деп жазылган.
8
Кээ бирөөлөрүнө окшоп ойноштук кылбайлы, алардын жыйырма үч миңи бир күндө кырылган.
9
Алардын кээ бирөөлөрүнө окшоп Машайакты сынабайлы. Сынагандарды жылан чагып өлтүргөн.
10
Алардын кээ бирөөлөрүнө окшоп күңкүлдөбөгүлө. Күңкүлдөгөндөрдү Кыруучу өлтүргөн.
11
Алардын башынан өткөн нерселердин баары бизге сабак болуш үчүн болгон. Кылымдын акырында жашап жаткан бизге эскертүү болуш үчүн, кагазга түшүрүлгөн.
12
Ошондуктан туруп турам деп ойлогон адам жыгылып калуудан сак болсун.
13
Силер адам баласынын башына келе турган эле сыноолорго туш болдуңар. Кудай ишенимдүү, Ал силердин көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңарга жол бербейт. Сыноону көтөрө алышыңар үчүн, сыноо учурунда чыгуу жолун да берет.
14
Ошондуктан, сүйүктүүлөрүм, буркандарга кызмат кылуудан качкыла.
15
Силерди акыл-эстүү адамдар катары көрүп айтып жатам, айткандарым жөнүндө өзүңөр ойлонуп көргүлө.
16
Теңирге ыраазычылык билдирүү менен ыраазычылык чөйчөгүнөн ичкенде, биз Машайактын канына үлүштөш болуп жаткан жокпузбу? Нан сындырып жегенде, биз Машайактын денесине үлүштөш болуп жаткан жокпузбу?
17
Нан бирөө, бардыгыбыз биригип бир денебиз, анткени бардыгыбыз бир нандан жеп жатабыз.
18
Ысрайыл элин алып көрөлү: курмандыктан жегендер курмандык чалынуучу жайга үлүштөш болуп жатышкан жокпу?
19
Муну менен эмнени айткым келет? Буркан маанилүү нерсе демекчиминби? Же ага багышталган курмандыкты маанилүү нерсе демекчиминби?
20
Албетте, жок. Айтайын дегеним бул: бутпарастар курмандыктарын Кудайга эмес, жиндерге багышташат. Силердин жиндер менен үлүштөш болушуңарды каалабайм.
21
Силер бир эле учурда Теңирдин да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар. Силер бир эле учурда Теңирдин да, жиндердин да дасторконунан тамактана албайсыңар.
22
Теңирдин кызганычын ойготкубуз келеби? Же биз Андан күчтүүбүзбү?
23
Мага баарын кылууга болот, бирок баары эле пайдалуу эмес. Мага баарын кылууга болот, бирок баары эле ишенимди бекемдебейт.
24
Ар бир адам өзүн эле эмес, өзгөнү да ойлосун.
25
Базарда сатылгандын бардыгын текшербестен, тынчсызданбастан эле алып жегиле.
26
Анткени жер жана жердегинин бардыгы Теңирдики.
27
Эгерде Теңирге ишенбегендердин бири силерди үйүнө чакырып калса, аныкына барганыңарда, алдыңарга коюлган тамак-ашты текшербестен, тынчсызданбастан эле жегиле.
28
Эгерде кимдир бирөө силерге: «Бул – бурканга багышталган тамак», – десе, анда муну айткан ошол адам үчүн жана анын абийири үчүн жебей эле койгула.
29
Өзүмдүн эмес, анын абийирин айтып жатам. Башка бирөөнүн абийирине өз эркиндигимди соттотуп эмне кылам?
30
Эгерде мен тамакты Кудайга ыраазычылык билдирүү менен жеп жатсам, анда мени ыраазычылык билдирип жеген тамак үчүн айыптоонун эмне кереги бар?
31
Ошентип, ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла.
32
Жүйүткө да, эллинге да, Кудайдын Жыйынына да азгырык болбогула.
33
Мен да өз пайдамды эмес, көптөрдүн пайдасын көздөп, куткарылып калышы үчүн, аларга бардык жагынан жагууга аракеттенип жатам.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16