bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Thessalonians 1
1 Thessalonians 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 2 →
1
Кудай Атабыздын жана Теңирибиз Ыйса Машайактын Тесалоника Жыйынына Пабылдан, Сыластан жана Тиметейден салам! Кудай cилерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!
2
Сыйынган сайын силерди эсибизге алып, бардыгыңар үчүн ар дайым Кудайга ыраазычылык билдиребиз.
3
Кудай Атабыздын алдында ишеним менен кылып жаткан ишиңерди, сүйүү менен кылып жаткан эмгегиңерди жана Теңирибиз Ыйса Машайакка үмүттөнүү менен чыдамдуулук көрсөтүп жатканыңарды дайыма эскеребиз.
4
Кудай сүйгөн бир туугандарым, силерди Ал тандап алганын билебиз.
5
Себеби биз силерге Жакшы Кабарды сөз менен гана эмес, күч менен, Ыйык Рух менен жана бекем ишеним менен жеткирдик. Силердин араңарда силер үчүн кандай болгонубузду өзүңөр билесиңер.
6
Көп кыйынчылыктарга карабастан, сөздү Ыйык Рухтан келген кубаныч менен кабыл алып, силер бизден жана Теңирден үлгү алуучулар болуп калдыңар.
7
Ошентип, силер Македониядагы жана Ахаядагы бардык ишенгендер үчүн үлгү болуп калдыңар.
8
Анткени Теңир Сөзү силерден Македония менен Ахаяга гана тараган жок. Кудайга болгон ишенимиңер бардык жерге тарады, бизге бул тууралуу айтуунун кажети жок.
9
Анткени алар биз жөнүндө, бизди кандай кабыл алганыңар жөнүндө, тирүү, чыныгы Кудайга кызмат кылуу үчүн, буркандардан баш тартып, Ага кайрылганыңар жөнүндө,
10
өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Уулу Ыйсаны асмандан күтүп жатканыңар жөнүндө айтып жатышат. Ал бизди келечектеги каардан куткарат.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5