bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Thessalonians 3
1 Thessalonians 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 4 →
1
Ошондуктан биз чыдай албай, Афинде өзүбүз эле калып, бир тууганыбыз Тиметейди жибердик.
2
Ал – Кудайдын кызматчысы, Машайактын Жакшы Кабарын таратуу ишинде биздин кызматташыбыз. Аны силерге ишенимиңерди бекемдеши үчүн, силерди сооротушу үчүн,
3
ушул кыйынчылыктардан улам эч кимиңер олку-солку болбошуңар үчүн жибердик. Анткени бизге азап чегүү белгиленгендиги силерге маалым.
4
Азап чегерибиз тууралуу силерге барганыбызда, алдын ала айткан элек, айтканыбыздай болгонун өзүңөр да билесиңер.
5
Ошондуктан мен чыдай албай, ишенимиңер жөнүндө билип келсин деп, Тиметейди жибердим. Силерди азгыруучу азгырып, эмгегибиз текке кеткен жокпу, билейин дедим.
6
Тиметей бизге силердин ишенимиңер, сүйүүңөр жөнүндө жакшы кабар менен келди. Силер бизди кубаныч менен эскерериңерди, биз сыяктуу эле силер да бизди көргүңөр келерин айтты.
7
Азыр болсо биз, бир туугандар, азап чегип, муктаж болуп жатканыбызга карабастан, силер жөнүндө, силердин ишенимиңер жөнүндө угуп сооронуп калдык.
8
Анткени силер Теңир жолунда бекем турсаңар эле, биз тирүүбүз.
9
Кудайыбыздын алдында силер үчүн, силер үчүн кубанып жатканыбыз үчүн, Кудайга кандай ыраазычылык билдирсек болот?
10
Жүзүңөрдү көрсөк экен деп, ишенимиңердин жетишпегенин толуктасак экен деп, күнү-түнү чын жүрөктөн сыйынып жатабыз.
11
Кудай Атабыз Өзү жана Теңирибиз Ыйса Машайак биздин жолубузду силерге багыттаса экен.
12
Биздин силерге болгон сүйүүбүз кандай болсо, Теңир силердин бири-бириңерге жана бардык адамдарга болгон сүйүүңөрдү ошондой арттыра берсин.
13
Теңирибиз Ыйса Машайак Өзүнүн бардык ыйыктары менен келгенде, Кудай Атабыздын алдында, ыйыктык жолунда жүрөгүңөр бекем, кемчиликсиз болсун.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5