bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Thessalonians 2
1 Thessalonians 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 3 →
1
Бир туугандар, биздин силерге барганыбыз пайдасыз болбогонун билесиңер.
2
Бирок буга чейин биздин Филипиде азап чегип, кордук көргөнүбүздү өзүңөр билесиңер. Катуу каршылыктарга карабастан, Кудайдан кайраттуулук алып, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын жарыяладык.
3
Анткени биз силерге насаатты адашкандыктан же арам ой менен айтпайбыз, эч кимди алдабайбыз.
4
Тескерисинче, Кудай ылайык деп таап, Жакшы Кабар таратуу ишин бизге ишенип тапшыргандыктан, биз адамдарга жагуу үчүн эмес, жүрөгүбүздү сынаган Теңирге жагуу үчүн сүйлөйбүз.
5
Өзүңөр билесиңер, биз силерге эч качан жагалданган жокпуз, куулук менен өз пайдабызды көздөгөн жокпуз. Буга Кудай күбө!
6
Силерден да, башкалардан да адамдык атак-даңк издеген жокпуз.
7
Машайактын элчилери катары силерге салабат менен келсек деле болмок, бирок биз баласын бөпөлөгөн энедей болуп, силерге жумшак мамиле кылдык.
8
Силерге болгон сүйүүбүздөн улам биз силерге Жакшы Кабарды таратып гана тим болбостон, өз жаныбызды берүүгө да даяр элек, анткени силер биз үчүн кымбат болуп калдыңар.
9
Бир туугандар, биздин эмгегибиз, кыйналганыбыз силердин эсиңерде: эч кимиңерге оорчулук түшпөшү үчүн, күнү-түнү иштеп жүрүп, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын тараттык.
10
Силердин – Ыйсага ишенгендердин алдында өзүбүздү ыйык, адил жана кемчиликсиз алып жүргөндүгүбүзгө өзүңөр күбөсүңөр, Кудай да күбө.
11
Анткени өзүңөр билесиңер, силердин ар бириңерге атасы балдарына кылгандай мамиле кылдык:
12
силерге кайрат берип, силерди сооротуп, силерди Өз падышачылыгына жана даңкына чакырып алган Кудайга татыктуу жашашыңарды өтүндүк.
13
Биз жарыялаган Кудай Сөзүн кабыл алганыңар үчүн, Кудайга дайыма ыраазычылык билдиребиз. Силер муну адамдын сөзү катары эмес, Кудай Сөзү катары кабыл алдыңар, чынында эле бул – Кудай Сөзү. Ыйсага ишенген силерде аракеттенип жаткан да ошол сөз.
14
Анткени силер, бир туугандар, Кудайдын Жүйүт аймагындагы, Машайак Ыйса жолундагы Жыйындарына окшоп кыйынчылык көрүп жатасыңар. Жүйүттөр тарабынан кыйынчылык көрүп жаткан алар сыяктуу силер да өз уруулаштарыңар тарабынан кыйынчылык көрүп жатасыңар.
15
Алар Теңир Ыйсаны өлтүрүштү, Анын пайгамбарларын өлтүрүштү, бизди кууп жиберишти. Кудайга жакканды кылышпайт, адамдардын бардыгына каршылык көрсөтүшөт.
16
Куткарылып калышсын деп, бутпарастарга Жакшы Кабар таратып жатсак, бизге тоскоол болуп жатышат. Ушул аркылуу алардын күнөөлөрү чегине жетет. Алар Теңирдин каарына калышты.
17
Бир туугандар, кыска убакытка силер менен жүз көрүшпөсөк да, жүрөгүбүздө силер менен биргебиз, ошондой болсо да силердин жүзүңөрдү көрсөк деген каалообуз чоң.
18
Биз, мен, Пабыл, силерге баралы деп, бир-эки жолу чыгындык, бирок бизге шайтан кедерги болду.
19
Үмүтүбүз, кубанычыбыз же мактанар таажыбыз ким? Теңирибиз Ыйса Машайак келгенде, Анын алдында ошол нерселерибиз силер эмессиңерби?
20
Ооба, биздин мактанычыбыз да, кубанычыбыз да силерсиңер.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5