bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Thessalonians 4
1 Thessalonians 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 5 →
1
Бир туугандар, Кудайга жагуу үчүн кандай жашаш керек экендигин бизден үйрөндүңөр. Мындан ары да бул нерседе ийгиликке жетишиңерди Теңирибиз Ыйсанын атынан өтүнүп суранабыз.
2
Силерге Теңирибиз Ыйсанын атынан кандай осуяттарды бергенибизди билесиңер.
3
Кудайдын каалоосу – силердин ыйыкталышыңар: ойноштук кылуудан алыс болгула;
4
ар ким өз денесин ыйык жана таза сактай билсин,
5
Кудайды тааныбаган бутпарастарга окшоп дене кумарына батпасын;
6
чектен чыгып, өз бир тууганын пайдаланып, бул нерседе өз кызыкчылыгын көздөбөсүн, анткени Теңир мунун баары үчүн өч алат. Биз мурун силерге бул жөнүндө айтканбыз, эскерткенбиз.
7
Анткени Кудай бизди ыпыластыкка эмес, ыйыктыкка чакырган.
8
Баш ийбеген киши адамга эмес, бизге Өзүнүн Ыйык Рухун берген Кудайга баш ийбеген болот.
9
Силерге бир туугандык сүйүү жөнүндө жазуунун кереги жок, анткени силер Кудайдан бири-бириңерди сүйүүнү үйрөндүңөр.
10
Анткени силер бүтүндөй Македония жериндеги бардык бир туугандарга ушундай мамиле кылып жатасыңар. Бирок, бир туугандар, силерден суранарыбыз: бул нерседе мындан ары да ийгиликке жеткиле,
11
силерге буйруганыбыздай, тынч жашаганга аракет кылгыла, өз ишиңерди кылгыла, өз колуңар менен иштегиле,
12
сырттагылардын алдында туура жашашыңар үчүн, эч нерсеге муктаж болбошуңар үчүн ушундай кылгыла.
13
Бир туугандар, үмүтсүз адамдарга окшоп кайгырбашыңар үчүн, өлгөндөр тууралуу билүүңөрдү каалайм.
14
Ыйсанын өлүп кайра тирилгенине ишенгенибиздей эле, Кудайдын Ыйсага ишенип жүрүп көз жумгандарды да Аны менен бирге алып келерине ишенебиз.
15
Теңирдин сөзүнүн негизинде силерге айтарыбыз бул: Теңир келгенге чейин өлбөй тирүү жүргөн биз өлгөндөрдөн озуп кетпейбиз.
16
Анткени буйрук берилгенде, башкы периштенин жана Кудайдын сурнайынын үнү чыкканда, Теңир Өзү асмандан түшүп келет. Адегенде Машайакка ишенип жүрүп көз жумгандар тирилишет.
17
Андан кийин тирүү жүргөн биз алар менен бирге Теңир менен абада жолугушуу үчүн, булут үстүндө асманга көтөрүлөбүз. Ошентип, түбөлүккө Теңир менен болобуз.
18
Ошондуктан бири-бириңерди ушул сөздөр менен соороткула.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5