bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Micah 1
Micah 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 2 →
1
Жүйүт падышалары Жотамдын, Ахаздын жана Хискиянын тушунда морейшилик Михейге Теңирден сөз болду. Ал Самария жана Иерусалим тууралуу көрүнүш көрдү.
2
Бардык элдер, уккула, бүт жер жүзү жана анда жашагандардын баары, жакшылап уккула! Кудай-Теңир, Теңир, Өзүнүн ыйык ийбадатканасынан силерге каршы күбө болсун!
3
Анткени мына, Теңир Өз ордунан чыгып келе жатат, түшүп келип, жердин бийик жерлеринде басат.
4
Анын астында тоолор отто эриген момдой эрийт, өрөөндөр кырдан түшкөн суулардай болуп бөлүнөт.
5
Мунун баары Жакыптын мыйзамсыздыгы үчүн, Ысрайылдын күнөөсү үчүн болот. Жакыптын мыйзамсыздыгы ким? Самария эмеспи? Жүйүттүн бийик жерлердеги бутканаларын ким курду?
6
«Ошон үчүн Самарияны талаадагы үйүлгөн урандыга, жүзүмдүк өстүрө турган жерге айлантам. Анын таштарын өрөөнгө кулатам, анын негиздерин жылаңачтайм.
7
Анын бүт таш буркандары талкаланат, бузуктук тартуулары өрттөлөт, анын бардык жасалма кудайларын кыйратам, анткени ал аларды бузуктук тартуулары менен орноткон, алар бузуктук тартууларына айланат».
8
Мен бул тууралуу ыйлайм, боздоп ыйлайм, таланып-тонолгон, жылаңачталган адамдай болуп басам, чөөлөргө окшоп улуйм, төө куштарга окшоп ыйлайм.
9
Анткени анын жарасы айыккыс, ал айыккыс жарасы Жүйүткө чейин жетти, атүгүл, ал менин элимдин дарбазасы болгон Иерусалимге чейин жетти.
10
Бул тууралуу Гатта жарыя кылбагыла, ал жерде катуу ыйлабагыла, бирок Опра кыштагында өзүңөргө күл чачкыла.
11
Шапирдин маскара болуп жылаңачталган тургуну, көчүп кет. Саанандын тургуну да качып кутулбайт. Бейт-Аетселдеги ый силерге ал жерге токтогонго жол бербейт.
12
Марота тургуну өзүнүн жакшы нерсеси үчүн күйүт тартып жатат, анткени Теңирден Иерусалим дарбазасына алаамат түштү.
13
Лакиш тургуну, арабага күлүк аттарды чек. Сион кызынын күнөөсүнүн башталышы сенсиң, анткени Ысрайылдын кылмыштары сенде пайда болду.
14
Ошондуктан сен Морешет-Гатка тартууларды жөнөтөсүң. Бирок Аказип кыштактары Ысрайыл падышаларынын үмүтүн актабайт.
15
Мореш тургуну, мен сага дагы бир мураскор алып келем. Ысрайылдын даңкы Адуламга чейин кетет.
16
Чачыңды ал, сакал-мурутуңду кыр, өзүңдүн сүйүктүү уулдарың үчүн аза күт. Жүнү түшкөн бүркүттүкүндөй кылып, алар үчүн башыңды дагы кыра түш, анткени алар сенин жаныңдан көчүрүлүп кетишет.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7