bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Micah 7
Micah 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
1
Мага кайгы! Анткени мен жайкы жемиштерди жыйнап алгандан кийинки, жүзүмдү терип алгандан кийинки мезгилдей болуп калдым. Жегенге бир да мөмө жок, менин жаным каалаган, бышкан бир да жемиш жок.
2
Жерде ырайымдуу адамдар калбай калды, адамдардын арасында адил адамдар жок. Кан төгүш үчүн, бардыгы тузак коюшат, ар бири өз бир тууганына тор жаят.
3
Алардын колдору жамандык кылып, жакшылык күтүшөт: жетекчи белек талап кылат, сот пара алып соттойт, төрөлөр болсо өздөрүнүн жаман каалоолорун ачык айтышат, ишти бурмалашат.
4
Алардын эң жакшысы тикенектей, эң адилеттүүсү тикенектүү тосмодон жаман. Сенин пайгамбарларың айткан күн, Сен жазалай турган күн келе жатат. Эми аларга дүрбөлөң түшөт.
5
Досуңарга ишенбегиле, жолдошуңарга таянбагыла. Койнуңда жаткан аялыңдан оозуңдун эшигин сакта.
6
Анткени уулу атасын уят кылат, кызы энесине каршы чыгат, келини кайын энесине каршы болот. Адамдын душманы – өзүнүн үйүндөгүлөрү.
7
Мен болсо Теңирден үмүттөнөм, мени куткарган Кудайга таянам: Кудайым мени угат.
8
Душманым, мени табалаба! Мен кулап калсам да, кайра турам. Мен караңгылыкта отурсам да, Теңир мен үчүн жарык.
9
Менин ишимди чечкенге чейин, мени соттогонго чейин, Теңирдин каарын көтөрөм, анткени Анын алдында күнөө кылдым. Ал мени жарыкка алып чыгат, ошондо мен Анын адилеттүүлүгүн көрөм.
10
Мага «Сенин Кудай-Теңириң кайда?» деген душманым муну көрүп, уятка калат. Ал көчөдөгү баткакка окшоп тебеленгенде, аны көрүп, көзүмдүн моокуму канат.
11
Сен өзүңдүн дубалдарыңды курган күнү, ошол күнү чек араң чоңоёт.
12
Ошол күнү сага Ашурдан жана Мисир шаарларынан келишет, Мисирден тартып Эфрат дарыясына чейин, деңизден деңизге чейин, тоодон тоого чейин жашаган элдер келишет.
13
Ал жер болсо өзүнүн тургундарынын күнөөлөрү үчүн, алардын иштеринин жемиштери үчүн чөлгө айланат.
14
Кармелдин ортосундагы токойдо обочо жашаган Өз элиңди, Өз мурасың болгон койлоруңду, Өзүңдүн таягың менен кайтар. Алар Башан менен Гилатта байыркы күндөрдөгүдөй оттоп жүрүшсүн!
15
«Сен Мисирден чыгып келе жаткан күндөрдө кандай кереметтерди көрсөтсөм, азыр да ага ошондой кереметтерди көрсөтөм».
16
Муну көргөн элдер өздөрүнүн бардык күч-кубатына карабастан, уят болушат: колдору менен ооздорун жабышат, кулактары дүлөй болуп калат.
17
Жыландай болуп топурак жалашат, жер курттарындай болуп чептеринен сойлоп чыгышат. Биздин Кудай-Теңирден коркушат, Сенден үрөйлөрү учат.
18
Өз мурасынын калдыгынын мыйзамсыздыгын кечирип, айыбын мойнуна салбаган Сендей Кудай барбы? Ал түбөлүккө каарданбайт, анткени ырайым кылганды жакшы көрөт.
19
Ал бизге кайрадан ырайым кылат, биздин мыйзамсыздыктарыбызды өчүрөт. Сен биздин бүт күнөөлөрүбүздү деңиздин түпкүрүнө таштайсың.
20
Сен байыркы күндөрдөн бери биздин ата-бабаларыбызга ант берип убада кылып келгениңдей, Жакыпка ишенимдүүлүгүңдү, Ыбрайымга ырайымдуулугуңду көрсөтөсүң.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7