bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Micah 4
Micah 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 5 →
1
Акыркы күндөрдө мындай болот: Теңир үйү турган тоо тоолордун башына коюлат, ал адырлардан жогору көтөрүлөт, элдер ага агылып келишет.
2
Көп элдер келип: «Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге Өзүнүн жолдорун үйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз. Анткени Сиондон мыйзам чыгат, Иерусалимден Теңирдин сөзү чыгат», – дешет.
3
Ал көп элдерди соттойт, алыскы өлкөлөрдөгү көптөгөн уруулардын айыбын ашкере кылат. Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнүшпөйт,
4
тескерисинче, ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжыр дарагынын түбүндө отурат, аларды эч ким коркутпайт, анткени муну Себайот Теңир Өзү айтты.
5
Анткени бардык элдер, ар бири өз кудайынын аты үчүн жашайт. Биз болсо кылымдар бою өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин аты үчүн жашайбыз.
6
«Ошол күнү, – дейт Теңир, – аксагандарды чогултам, куулуп кеткендерди, Өзүм кимдин башына алаамат түшүрсөм, ошолорду чогултам.
7
Аксагандарды калдык кылам, алыска чачырап кеткендерди күчтүү эл кылам, Теңир Сион тоосунда азыр жана түбөлүккө алардын үстүнөн падышачылык кылат.
8
Сен болсо, үйүр мунарасы, Сион кызынын адыры! Сага мурунку бийлигиң кайрылып келет, Иерусалим кыздарына падышачылык кайра келет.
9
Эмнеге сен азыр ушунчалык катуу өкүрүп жатасың? Эмне, сенин падышаң жокпу? Төрөп жаткан аялга окшоп, эмне кыйналып жатасың? Эмне, кеңешчиңден айрылып калдыңбы?
10
Сион кызы, төрөп жаткан аялга окшоп азап тарт, кыйнал, анткени сен эми шаардан чыгасың, талаада жашайсың, Бабылга чейин жетесиң. Ошол жерде куткарыласың, ошол жерде Теңир сени душмандарыңдын колунан куткарат.
11
“Ал булгансын, Сиондун кыйроосун көзүбүз көрсө экен” деген көптөгөн элдер азыр сага каршы чогулушту.
12
Бирок алар Теңирдин ойлорун билишпейт, Анын кеңешин түшүнүшпөйт, анткени Теңир аларды кырмандагы боолордой кылып чогултту.
13
Сион кызы, тур, кырман бастыр, анткени Мен сенин мүйүзүңдү темирден, туяктарыңды жезден жасайм. Ошондо сен көп элдерди талкалайсың, алардын талап-тоноп алгандарын Теңирге, алардын байлыгын бүт жер жүзүнүн Эгедерине арнайсың.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7