bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Micah 2
Micah 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 3 →
1
Мыйзамсыздык ойлогондорго жана төшөгүндө жатып алып кыянат иштерди ойлоп тапкандарга кайгы! Алар ошол иштерди таң агарганда ишке ашырышат, себеби алардын колунда күч бар.
2
Талааларды каалашат, аларды күч менен тартып алышат; үйлөрдү каалашат, аларды зордук менен тартып алышат. Адамды үйү менен кошо, эркекти мурасы менен кошо тоноп алышат.
3
Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен бул тукумга алаамат каптатууну ойлоп жатам. Силер ал алааматтын айынан мойнуңарды кыймылдата албай каласыңар жана түз баса албай каласыңар, анткени ал мезгил – алааматтуу мезгил.
4
Ошол күнү силер тууралуу лакап айтышат, катуу ыйлап: “Биз таптакыр кыйрадык! Менин элимдин энчиси башкаларга берилди. Эми ал мага кайра кантип кайрылып келет? Биздин талаалар бөтөн урууларга бөлүнүп берилди”, – дешет.
5
Ошондуктан сенде Теңирдин алдындагы жыйында жерди бөлүш үчүн өкчөмө таш ыргыткан эч ким болбойт.
6
Пайгамбарлар, пайгамбарчылык кылбагыла. Маскара болуп калбашыңар үчүн, аларга пайгамбарчылык кылбагыла.
7
Оо Жакыптын тукуму деп аталгандар! Эмне, Теңирдин Руху чыдамкай эмеспи? Анын иштери ушундай бекен? Адил жашаган адамга Менин сөзүм жакшылык алып келбейт бекен?
8
Мурун Менин элим болуп жүргөн эл душман сыяктуу каршы чыкты. Силер согуштан кайтып, тынч өтүп бара жаткандардын сырт кийимин да, ич кийимин да тартып алып жатасыңар.
9
Менин элимдин аялдарын өздөрүнүн жакшынакай үйлөрүнөн кууп чыгарып жатасыңар. Алардын балдарынан Менин жасалгаларымды биротоло тартып алып жатасыңар.
10
Тургула, кеткиле, анткени бул жер силердин тынчтана турган жериңер эмес. Ал өзүнүн ыпыластыгы үчүн талкаланат, болгондо да ырайымсыздык менен талкаланат.
11
Эгерде жеңил ойлуу бир адам жалган нерсе ойлоп таап: “Мен сага шарап жана күчтүү ичимдик тууралуу насаат айтам”, – десе, анда ал бул элге жаккан насаатчы болмок.
12
Жакып, сенин бүт тукумуңду сөзсүз чогултам, Ысрайылдын калдыгын сөзсүз бириктирем, аларды Ботсрадагы койлордой, бир короодогу койлордой, бир жерге чогултам. Алар элинин көптүгүнөн бака-шака болушат.
13
Алардын алдында дубал талкалоочу барат. Алар тосмолорду кыйратышат, дарбазалар аркылуу кирип, дарбазалар аркылуу чыгышат, алардын алдында өздөрүнүн падышасы, ал эми алардын башында Теңир барат».
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7