bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Nehemiah 1
Nehemiah 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 2 →
1
Ахалиянын уулу Некемиянын сөзү. Артакшаштанын падышачылыгынын жыйырманчы жылында, Кислеп айында мен борбор шаар Шушанда элем.
2
Менин бир туугандарымдын бири Ханани бир топ киши менен Жүйүт аймагынан келди. Мен алардан туткундан аман калган жүйүт эли тууралуу, Иерусалим тууралуу сурадым.
3
Алар мага: «Туткундан аман калгандар ошол жерде, өз жеринде жашап жатышат. Алардын башына өтө оор күн түшүп, кордук көрүп жатышат. Иерусалимдин дубалдары уратылган, дарбазалары өрттөлгөн», – дешти.
4
Бул сөздөрдү укканда, отуруп алып ыйладым, бир нече күн кайгыга батып жүрдүм. Анан асмандагы Кудайдын алдында орозо кармап, сыйынып,
5
мындай дедим: «Оо Теңир, асмандагы Кудай, Өзүнүн келишимин бек сактаган, Өзүн сүйгөндөргө жана осуяттарын аткаргандарга ырайым кылган улуу жана коркунучтуу Кудай!
6
Өзүңдүн кулуңдун сыйынуусун уга көр, көз кырыңды сала көр. Мен азыр Сенин алдыңда күнү-түнү Сенин кулдарың – Ысрайыл уулдары үчүн, Сенин алдыңда биздин, Ысрайыл уулдарынын кылган күнөөлөрү үчүн, өзүмдүн да, атамдын тукумунун да күнөөлөрү үчүн сыйынып жатам.
7
Биз Өз кулуң Мусага берген осуяттарыңды, мыйзамдарыңды, буйруктарыңды аткарбай, Сенин алдыңда кылмышкер болдук.
8
Бирок Өз кулуң Мусага: “Эгерде силер ишенимсиз болсоңор, анда Мен силерди эл арасына чачыратып жиберем.
9
Эгерде Мага кайрылсаңар, Менин осуяттарымды сактап, аларды аткара турган болсоңор, анда жердин түбүнө чейин куулсаңар да, силерди ошол жактан чогултуп, Өзүмдүн ысымымды орнотуш үчүн, Өзүм тандап алган жерге алып келем”, – деп осуяттаган сөзүңдү эсте.
10
Алар Өзүңдүн улуу күч-кубатың, кудуреттүү колдоруң менен куткарган Өз элиң, Өз кулдарың эмеспи.
11
Оо Теңир, жалынам Сага! Өз кулуңдун сыйынуусуна жана Сенин атыңдын алдында коркуп турууну сүйгөн Өз кулдарыңдын сыйынуусуна кулак сала көр, Теңир! Эми Өз кулуңду колдой көр, аны мына бул адамдын ырайымына ээ кыла көр». Мен ошол убакта падышанын шарап сунуучусу элем.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13