bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Nehemiah 11
Nehemiah 11
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 12 →
1
Эл башчылар Иерусалимде жашап калышты, ал эми калган элдин ондон бир бөлүгү Иерусалимде жашаш үчүн, калган тогуз бөлүгү башка шаарларда жашаш үчүн, өкчөмө таш ыргытышты.
2
Эл өз ыктыяры менен Иерусалимде жашоого макул болгондордун баарына батасын берди.
3
Иерусалимде жашаган өлкө башчылары булар – Жүйүт аймагынын шаарларында ысрайылдыктар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, нетиндер, Сулаймандын кулдарынын уулдары ар бири өздөрүнө таандык шаарларда жашашты.
4
Иерусалимде Жүйүттүн уулдары менен Бенжемин уулдары жашап калышты. Жүйүттүн уулдарынан: Атая. Атая – Узиянын уулу, Узия – Захариянын уулу, Захария – Амариянын уулу, Амария – Шепатиянын уулу, Шепатия – Маалалелдин уулу, Маалалел Перес тукумунан.
5
Ошондой эле Маасея. Маасея – Барухтун уулу, Барух – Кол-Хозенин уулу, Кол-Хозе – Хазаянын уулу, Хазая – Адаянын уулу, Адая – Жойарыптын уулу, Жойарып – Захариянын уулу, Захария – Шейланын уулу.
6
Иерусалимде жашаган Перестин бардык уулдары төрт жүз алтымыш сегиз эле. Алар жоокер адамдар болчу.
7
Бенжемин уулдары: Ышайа уулу, Итиел уулу, Маасея уулу, Колая уулу, Педая уулу, Жойет уулу, Мешулам уулу Салу.
8
Алардын соңунан Габай, Салай, бардыгы болуп тогуз жүз жыйырма сегиз адам.
9
Зихри уулу Жоел аларга башчы болду, ал эми Асенуа уулу Жүйүт шаардын экинчи башчысы болду.
10
Ыйык кызмат кылуучулардан: Жойарип уулу Жедая, Жахин жана
11
Кудай үйүндө башчы болгон Серая. Ал – Хилкиянын уулу, Хилкия – Мешуламдын уулу, Мешулам – Садоктун уулу, Садок – Мерайоттун уулу, Мерайот – Акитуптун уулу.
12
Кудайдын үйүндө кызмат кылган алардын бир туугандары сегиз жүз жыйырма эки болду. Ошондой эле Адая. Ал – Жерохамдын уулу, Жерохам – Пелалиянын уулу, Пелалия – Амисийдин уулу, Амисий – Захариянын уулу, Захария – Пашхурдун уулу, Пашхур – Малкиянын уулу.
13
Уруу башчылары болгон анын бир туугандары эки жүз кырк эки адам болду. Ошондой эле Амашсай. Амашсай – Азариелдин уулу, Азариел – Аказайдын уулу, Аказай – Мешилеймоттун уулу, Мешилеймот – Имердин уулу.
14
Алардын бир туугандары жүз жыйырма сегиз эр жүрөк аскерлер эле. Аларга Хагедолим уулу Забдиел башчы болду.
15
Ал эми лебилерден: Шемая. Шемая – Хашуптун уулу, Хашуп – Азрикамдын уулу, Азрикам – Хашабиянын уулу, Хашабия – Бунинин уулу.
16
Кудай үйүндөгү тышкы иштер боюнча леби башчылардан Шаптай менен Жозабат,
17
Кудайга сыйынардагы даңктоо ырлардын башкы баштоочусу – Матания. Ал – Миханын уулу, Миха – Забдийдин уулу, Забдий – Асаптын уулу жана анын бир туугандарынын арасында экинчи болгон Бакбукея, ошондой эле Абда. Абда – Шамуянын уулу, Шамуя – Галалдын уулу, Галал – Жедутундун уулу.
18
Ыйык шаардагы бардык лебилер эки жүз сексен төрт адам болду.
19
Ал эми дарбазачылар: Акуп, Талмон жана дарбаза сакчылыгында турган алардын бир туугандары – жүз жетимиш эки адам.
20
Калган ысрайылдыктар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер жүйүттөрдүн бардык шаарларында, ар ким өз энчисине тийген жерде жашап турушту.
21
Ал эми нетиндер Опелде жашашкан. Нетиндердин үстүндө Зиха менен Гишпа турду.
22
Асаптын Кудай үйүндө кызмат кылган ырчы уулдарынын бири Узи Иерусалимде лебилердин башчысы эле. Узи – Банинин уулу, Бани – Хашабиянын уулу, Хашабия – Матаниянын уулу, Матания – Миханын уулу.
23
Алар тууралуу падышадан өзгөчө буйрук болуп, ырчылар үчүн күн сайын белгилүү кызмат акы бөлүнгөн.
24
Жүйүт уруусунан, Зерак уулдарынан чыккан Мешейзабел уулу Петахия элге тиешелүү ар кандай иштер боюнча падышанын ишенимдүү кишиси болгон.
25
Ал эми айыл-кыштактарда, өз жерлеринде жашаган Жүйүт уулдары Кирийат-Арбада жана ага караштуу айыл-кыштактарда, Дибондо жана ага караштуу айыл-кыштактарда, Жекапсейелде жана ага караштуу айыл-кыштактарда,
26
Жейшуяда, Моладада, Бейт-Палетте,
27
Хатсар-Шуалда, Бейер-Шебада жана ага караштуу айыл-кыштактарда,
28
Сыклакта, Мехондо жана ага караштуу айыл-кыштактарда,
29
Эйин-Римондо, Сорада, Жармутта,
30
Заноахта, Адуламда жана аларга караштуу айыл-кыштактарда, Лакиште жана анын талааларында, Азейкада жана ага караштуу шаарларда жашап турушту. Алар Бейер-Шебадан Ином өрөөнүнө чейин жайгашышкан.
31
Бенжемин уулдары Гебадан тартып, Мукмаста, Айда, Бейтелде жана ага караштуу шаарларда,
32
Анатотто, Нопто, Хананиде,
33
Хатсордо, Рамада, Гитайимде,
34
Хадитте, Себоимде, Небалатта,
35
Лоддо, Онодо, Гей-Ахарашим өрөөнүндө жашап турушту.
36
Лебилердин Жүйүт менен Бенжемин жерлеринде да турак-жайлары болгон.
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 12 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13