bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Nehemiah 7
Nehemiah 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 8 →
1
Дубал курулуп, эшиктери салынып, кызмат кыла турган дарбазачылар, ырчылар жана лебилер өз кызматтарына коюлуп бүткөн соң,
2
мен бир тууганым Хананиге жана Иерусалим чебинин башчысы Хананияга буйрук бердим. Анткени ал башкаларга караганда Кудайдан корккон, ишенимдүү адам эле.
3
Анан мен аларга мындай дедим: «Дарбазачылар күн жылыганча Иерусалим дарбазаларын ачышпасын, эшиктерди күн бата электе жаап, бекитип салышсын». Ошентип, Иерусалим тургундарын күзөткө койдум, ар бирин өз ордунда, өз үйүнүн маңдайында сакчы кылып койдум.
4
Бирок шаар кенен, чоң эле, анда жашаган эл болсо аз болчу, жаңы үйлөр курулуп бүтө элек эле.
5
Элди каттоодон өткөрүш үчүн, атактуулар менен эл башчыларын чогултууну Кудайым жүрөгүмө салды. Бул жакка биринчи келгендердин санжырасын таап алдым, анда мындай деп жазылган экен:
6
Бабыл падышасы Небухаданасар туткундап кеткен туткундардын ичинен Иерусалимге, Жүйүт аймагына, ар бири өз шаарына келген тургундар булар:
7
Зоробабыл, Жешуя, Некемия, Азария, Раамия, Нахмани, Мордохай, Билшан, Мисперет, Бикбай, Нехум, Баана жана алар менен кошо келгендер. Ысрайыл элинин саны:
8
Пароштун уулдары эки миң бир жүз жетимиш эки.
9
Шепатиянын уулдары үч жүз жетимиш эки.
10
Арахтын уулдары алты жүз элүү эки.
11
Жашыя менен Жойаптын уулдарынан Пахат-Мааптын уулдары эки миң сегиз жүз он сегиз.
12
Эйламдын уулдары бир миң эки жүз элүү төрт.
13
Затунун уулдары сегиз жүз кырк беш.
14
Закайдын уулдары жети жүз алтымыш.
15
Бинуйдун уулдары алты жүз кырк сегиз.
16
Бейбайдын уулдары алты жүз жыйырма сегиз.
17
Азгаттын уулдары эки миң үч жүз жыйырма эки.
18
Адонукамдын уулдары алты жүз алтымыш жети.
19
Бикбайдын уулдары эки миң алты жүз жети.
20
Адиндин уулдары алты жүз элүү беш.
21
Хиския тукумунан Атейирдин уулдары токсон сегиз.
22
Хашумдун уулдары үч жүз жыйырма сегиз.
23
Бейтсайдын уулдары үч жүз жыйырма төрт.
24
Хариптин уулдары жүз он эки.
25
Гибондо туулгандар токсон беш.
26
Бейт-Лехем менен Нетопанын тургундары жүз сексен сегиз.
27
Анатоттун тургундары жүз жыйырма сегиз.
28
Бейт-Азмабеттин тургундары кырк эки.
29
Кирийат-Жейаримдин, Кепиранын жана Бейроттун тургундары жети жүз кырк үч.
30
Рама менен Гебанын тургундары алты жүз жыйырма бир.
31
Мукмастын тургундары жүз жыйырма эки.
32
Бейтел менен Айдын тургундары жүз жыйырма үч.
33
Башка Небонун тургундары элүү эки.
34
Башка Эйламдын уулдары бир миң эки жүз элүү төрт.
35
Харимдин уулдары үч жүз жыйырма.
36
Жериходо туулгандар үч жүз кырк беш.
37
Лоддо, Хадитте жана Онодо туулгандар жети жүз жыйырма бир.
38
Сенаада туулгандар үч миң тогуз жүз отуз.
39
Ыйык кызмат кылуучулар: Жешуянын тукумунан Жедаянын уулдары тогуз жүз жетимиш үч.
40
Имердин уулдары бир миң элүү эки.
41
Пашкурдун уулдары бир миң эки жүз кырк жети.
42
Харимдин уулдары бир миң он жети.
43
Лебилер: Кадмиел тукумунан Жешуянын уулдары, Адея тукумунан жетимиш төрт.
44
Ырчылар: Асаптын уулдары жүз кырк сегиз.
45
Дарбазачылар: Шалумдун уулдары, Атейирдин уулдары, Талмондун уулдары, Акуптун уулдары, Хатитанын уулдары, Шобайдын уулдары жүз отуз сегиз.
46
Нетиндер: Зиханын, Хасупанын, Табаотанын,
47
Кейростун, Сиянын, Падондун,
48
Лебандын, Хагаптын, Салмайдын,
49
Ханандын, Гиделдин, Гахардын,
50
Рейайдын, Ретсиндин, Некоданын,
51
Газамдын, Узанын, Пасейахтын,
52
Бейсайдын, Мейунимдин, Непишсимдин,
53
Бакбуктун, Хакупанын, Хархурдун,
54
Батсилиттин, Мехиданын, Харшанын,
55
Баркостун, Сисранын, Тамахтын,
56
Нетсиахтын, Хатипанын уулдары.
57
Сулаймандын кулдарынын уулдары: Сотайдын, Сопереттин, Периданын,
58
Жааланын, Даркондун, Гиделдин,
59
Шепатиянын, Хатилдин, Похерет-Атсебайымдын, Амондун уулдары.
60
Бардык нетиндер менен Сулаймандын кулдарынын уулдары үч жүз токсон эки.
61
Тейил-Мелахтан, Тейил-Харшадан, Керуп-Адондон жана Имерден чыккандар ушулар. Бирок алар өз тукумдарынын, өз урууларынын Ысрайылдан чыкканын көрсөтүп бере алышкан жок.
62
Делаянын, Тобиянын, Некоданын уулдары алты жүз кырк эки.
63
Ыйык кызмат кылуучулардан: Хабаянын уулдары, Акостун уулдары, Барзелайдын уулдары бар. Ал гилаттык Барзелайдын кызын алып, ошонун аты менен аталып калган.
64
Булар өз санжырасынын тизмесин таба алышпай, ыйык кызмат кылуучулардын тизмесинен чийилип калышкан.
65
Тиршапа аларга: «Урим менен тумим аркылуу Кудайдан сураган ыйык кызмат кылуучу чыкмайынча, ыйык тамактан жебегиле», – деди.
66
Бардык жамаат биригип, кырк эки миң үч жүз алтымыш адам болду.
67
Булар – жети миң үч жүз отуз жети кулдары менен күңдөрүнөн тышкары санакка киргендер. Алардын дагы эки жүз кырк беш ырчы кыз-жигиттери бар эле.
68
Булардын жети жүз отуз алты жылкысы, эки жүз кырк беш куланы,
69
төрт жүз отуз беш төөсү, алты миң жети жүз жыйырма эшеги болгон.
70
Кээ бир уруу башчылар ишти жүргүзүш үчүн каражат беришти. Тиршапа казынага миң алтын драхма, элүү чөйчөк, ыйык кызмат кылуучулар үчүн беш жүз отуз кийим берди.
71
Кээ бир уруу башчылар жумуштарды жүргүзүш үчүн, казынага жыйырма миң алтын драхма, эки миң эки жүз мина күмүш беришти.
72
Калган эл жыйырма миң алтын драхма, эки миң мина күмүш, ыйык кызмат кылуучулар үчүн алтымыш жети кийим беришти.
73
Ошентип, ыйык кызмат кылуучулар да, лебилер да, дарбазачылар да, ырчылар да, нетиндер да, жалпы эл да, бүткүл Ысрайыл эли да өз шаарларында жашап калышты.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13