bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Nehemiah 2
Nehemiah 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 3 →
1
Нисан айында, Артакшаштанын падышачылыгынын жыйырманчы жылында, падышанын алдына шарап тартылды. Мен ал шарапты алып, падышага сундум. Адатта, мен анын алдында капалуу болуп турчу эмесмин.
2
Бирок падыша мага: «Эмне үчүн капалуусуң? Ооруп жатасың дейин десем, оорубай эле турасың, бирок жүрөгүңдү бир нерсе өйүп турса керек?» – деди. Ошондо мен абдан коркуп кетип,
3
падышага: «Падышам кылымдан кылымга жашасын! Ата-бабаларымдын сөөгү коюлган шаар кыйрап, дарбазалары өрттөнүп жатса, кантип капа болбойм!» – дедим.
4
Ошондо падыша мага: «Каалаганың эмне?» – деди. Мен асмандагы Кудайга сыйынып,
5
падышага: «Эгерде падышам ылайык көрсө, эгерде өзүңдүн алдыңдагы кулуңа ырайым кылгың келсе, мени Жүйүт аймагына, ата-бабаларымдын сөөгү коюлган шаарга жибер, мен ал шаарды кайра курайын», – дедим.
6
Ошондо падыша жана анын жанында отурган падышанын аялы менден: «Канча убакыт жол жүрөсүң, кайра качан кайтасың?» – деп сурашты. Мен бир убакытты белгилегенден кийин, падыша мени жиберүүнү туура көрдү.
7
Анан мен падышага мындай дедим: «Эгерде падышам туура көрсө, Жүйүт аймагына бара жатканымда дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчылар өз жеринен өтүүмө уруксат берип турушу үчүн, аларга кат жазып берсе экен.
8
Падышанын токойлорун кайтарган Асапка да кат берсе экен, ал Кудай үйүнүн тегерегиндеги чептин дарбазасы үчүн, шаар дубалдары үчүн жана мен тура турган үй үчүн карагай берсин». Кудайдын жакшылык кылуучу колу менин үстүмдө тургандыктан, падыша мага сураганымды берди.
9
Мен дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчыларга келип, падышанын каттарын бердим. Падыша мени менен кошо аскер башчыларды жана атчан аскерлерди жиберген эле.
10
Хорондук Санбалат менен амондук кул Тобия Ысрайыл уулдарынын жыргалчылыгы үчүн кам көргөнү бир адам келгендигин укканда, абдан ачууланышты.
11
Анан мен Иерусалимге келдим. Ал жерге келгениме үч күн болгондо,
12
түн ичинде ордумдан турдум. Жанымда бир нече киши бар эле. Бирок Иерусалим үчүн иштөөнү жүрөгүмө Кудайым салганын эч кимге айткан жокмун. Өзүм минип келген жаныбардан башка жанымда эч кандай жаныбар жок эле.
13
Түнү менен Ажыдаар башатынын алдындагы Өрөөн дарбазасынан өтүп, Кык дарбазасына чейин келип, Иерусалимдин кыйраган дубалдары менен өрттөлгөн дарбазаларын карап чыктым.
14
Анан Башат дарбазасы менен падыша көлмөсүнө келдим, бирок ал жерде астымдагы жаныбар өтө турган жер жок болгондуктан,
15
артыма кайрылып, коктуну өрдөп чыгып, дубалдарды байкап көрдүм, анан кайра Өрөөн дарбазасынан өтүп, кайрылып келдим.
16
Мен кайда барып, эмне кылып жүргөнүмдү башчылар билишкен жок: жүйүттөргө да, ыйык кызмат кылуучуларга да, атактуу адамдарга да, башчыларга да, башка жумуш башчыларга да мен буга чейин эч нерсе ачкан эмесмин.
17
Мен аларга мындай деп айттым: «Силер биздин башыбызга түшкөн кырсыкты көрүп турасыңар. Иерусалим кыйрады, дарбазалары өрттөлдү, жүргүлө, Иерусалим дубалдарын тургузалы, ошондо мындан ары мындай кордукту көрбөйбүз».
18
Анан мен аларга Кудайдын мага жакшылык кылган колу тууралуу, падышанын мага айткан сөздөрү тууралуу айтып бердим. Ошондо алар: «Курабыз», – дешип, жакшы ишти баштоого бел байлашты.
19
Муну уккан хорондук Санбалат, амондук кул Тобия жана аравиялык Гешем бизди шылдыңдап, жек көрүү менен: «Эмне иш кылганы жатасыңар? Падышага каршы чыкканы жатасыңарбы?» – дешти.
20
Ошондо мен аларга жооп кылып: «Бизди асмандагы Кудай Өзү колдойт, биз болсо, Анын кулдары, шаарды курабыз. Ал эми силердин Иерусалимде үлүшүңөр да, укугуңар да, атыңар да жок», – дедим.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13