bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Psalms 118
Psalms 118
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 117
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 67
Chapter 68
Chapter 69
Chapter 70
Chapter 71
Chapter 72
Chapter 73
Chapter 74
Chapter 75
Chapter 76
Chapter 77
Chapter 78
Chapter 79
Chapter 80
Chapter 81
Chapter 82
Chapter 83
Chapter 84
Chapter 85
Chapter 86
Chapter 87
Chapter 88
Chapter 89
Chapter 90
Chapter 91
Chapter 92
Chapter 93
Chapter 94
Chapter 95
Chapter 96
Chapter 97
Chapter 98
Chapter 99
Chapter 100
Chapter 101
Chapter 102
Chapter 103
Chapter 104
Chapter 105
Chapter 106
Chapter 107
Chapter 108
Chapter 109
Chapter 110
Chapter 111
Chapter 112
Chapter 113
Chapter 114
Chapter 115
Chapter 116
Chapter 117
Chapter 118
Chapter 119
Chapter 120
Chapter 121
Chapter 122
Chapter 123
Chapter 124
Chapter 125
Chapter 126
Chapter 127
Chapter 128
Chapter 129
Chapter 130
Chapter 131
Chapter 132
Chapter 133
Chapter 134
Chapter 135
Chapter 136
Chapter 137
Chapter 138
Chapter 139
Chapter 140
Chapter 141
Chapter 142
Chapter 143
Chapter 144
Chapter 145
Chapter 146
Chapter 147
Chapter 148
Chapter 149
Chapter 150
Chapter 119 →
1
Туура жолдо жүргөндөр, Теңирдин мыйзамын сактагандар бактылуу.
2
Анын мыйзамдарын сактагандар, Аны чын жүрөгү менен издегендер бактылуу.
3
Алар мыйзамсыз иштерди кылышпайт, Анын жолдору менен жүрүшөт.
4
Сен Өзүңдүн буйруктарыңды бекем сактоону осуят кылгансың.
5
Оо, менин жолдорум Сенин мыйзамдарыңды аткарууга багыт алса кана!
6
Анда мен Сенин осуяттарыңды карап, уят болбос элем.
7
Мен Сенин адилет мыйзамдарыңды үйрөнүп, Сени таза жүрөгүм менен даңктар элем.
8
Сенин көрсөтмөлөрүңдү сактайм, мени таптакыр таштап койбо.
9
Жаш жигит өз жолун канткенде таза сактап жүрө алат? Өзүн Сенин сөзүң боюнча сактаганда гана.
10
Сени бүт жүрөгүм менен издейм, Өзүңдүн осуяттарыңдан четтеп кетүүмө жол бербе.
11
Сенин алдыңда күнөө кылбаш үчүн, мен Сенин сөзүңдү жүрөгүмө катып алдым.
12
Теңир, Сага даңк! Мага Өз мыйзамдарыңды үйрөт.
13
Сенин оозуңдан чыккан өкүмдөрүңдүн баарын өз оозум менен жар салдым.
14
Мен Сенин осуяттарыңды аткарганда, ар кандай байлыкка кубангандардай кубанам.
15
Сенин осуяттарың жөнүндө ойлоном, Сенин жолдоруңа назар салам.
16
Сенин көрсөтмөлөрүң менен соороном, Сенин сөздөрүңдү эсимден чыгарбайм.
17
Сенин сөздөрүңдү сактап жашашым үчүн, Өз кулуңа ырайымыңды көрсөт.
18
Сенин мыйзамыңдын кереметтерин көрүшүм үчүн, менин көздөрүмдү ач.
19
Мен жер үстүндө келгинмин, менден Өзүңдүн осуяттарыңды жашырба.
20
Ар убакта Сенин мыйзамдарыңды эңсегендиктен, жаным кыйналып бүттү.
21
Сен текеберлерди, каргыш тийгендерди, Өзүңдүн осуяттарыңдан баш тарткандарды моюн сундурдуң.
22
Мени шылдың менен кордуктан куткар, анткени мен Сенин осуяттарыңды сактап жүрөм.
23
Төрөлөр отуруп алып, мага каршы сүйлөшүп жатышат. Сенин кулуң болсо Сенин мыйзамдарың жөнүндө ойлонуп жатат.
24
Сенин осуяттарың менин сооронучум, менин кеңешчилерим.
25
Жаным топуракка матырылды, мени Өзүңдүн сөзүң менен тирилт.
26
Мен өз жолдорум жөнүндө айтып бердим, Сен мени уктуң. Мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөт.
27
Мага Өзүңдүн буйруктарыңдын жолун түшүнүүгө акыл бер, ошондо мен Сенин кереметтериң жөнүндө ой жүгүртөм.
28
Менин жаным кайгыдан алсырап бара жатат, мага Өзүңдүн сөзүң менен күч бер.
29
Мени жалган жолдон алыстат, мага Өз мыйзамыңды бер.
30
Мен чындык жолун тандап алдым, Сенин мыйзамдарыңды өзүмдүн алдыма койдум.
31
Мен Сенин осуяттарыңа жабыштым, Теңир, мени уятка калтырба.
32
Сен менин жүрөгүмдү кенен ачканда, мен Сенин осуяттарыңдын жолдору менен жүрөм.
33
Мага Өз мыйзамдарыңдын жолун көрсөт, Теңир, ошондо мен Сенин мыйзамдарыңды өмүрүмдүн аягына чейин сактайм.
34
Мени акылга келтир, ошондо мен Сенин мыйзамыңды сактайм, аны бүт жүрөгүм менен аткарам.
35
Мени осуяттарыңдын чыйыр жолуна сал, анткени мен ошол жолду каалайм.
36
Менин жүрөгүмдү дүнүйөкордукка эмес, Өзүңдүн осуяттарыңа бур.
37
Курулай убаракерчиликтен көзүмдү бур. Өз жолуңда жүрүүгө күч бер.
38
Сенден коркушу үчүн, Өз кулуңдун жүрөгүндө Өз сөзүңдү бекемде.
39
Мени өзүм коркуп жаткан кордуктан куткар, анткени Сенин өкүмдөрүң жакшы.
40
Мына, Мен Сенин буйруктарыңды каалап жатам, мени Өз чындыгың менен тирилт.
41
Теңир, мага Өзүңдүн ырайымың, Өзүңдүн сөзүң боюнча куткарууң келсин.
42
Ошондо мен өзүмдү кордогонго жооп бере алам, анткени мен Сенин сөзүңө таянам.
43
Чындык сөздөрүңдү менин оозумдан таптакыр алып салба, анткени мен Сенин адилет өкүмүңдү күтүп жатам.
44
Сенин мыйзамыңды дайыма, түбөлүккө сактайм.
45
Эркин болом, анткени Сенин буйруктарыңды издедим.
46
Сенин осуяттарың тууралуу падышалардын алдында айтам, уялбайм.
47
Өзүм сүйгөн Сенин осуяттарың менен соороном.
48
Колдорумду өзүм сүйгөн Сенин осуяттарыңа сунам, Сенин мыйзамдарың жөнүндө ой жүгүртөм.
49
Кулуңа айткан Өз сөзүңдү эсте, Сен ошол сөзүң аркылуу мага үмүт бергенсиң.
50
Ал менин кыйынчылык учурундагы сооронучум, анткени Сенин сөзүң мени тирилтет.
51
Текеберлер мени абдан шылдыңдашты, бирок мен Сенин мыйзамыңдан четтеген жокмун.
52
Теңир, мен Сенин байыркы мыйзамдарыңды эстеп соороном.
53
Сенин мыйзамыңды таштап салган кудайсыздарды көргөндө, үрөйүм учат.
54
Мен жер кезген жерлерде Сенин мыйзамдарың менин ырым болду.
55
Теңирим, түн ичинде да Сенин ысымыңды эстедим, Сенин мыйзамыңды сактадым.
56
Ал меники болуп калды, анткени мен Сенин мыйзамдарыңды сактап жүрөм.
57
«Теңирим, Сенин сөздөрүңдү аткаруу – менин энчим», – деп айттым.
58
Мен Сага чын жүрөгүмдөн: «Мага Өз сөзүң боюнча ырайым кыл», – деп сыйынгам.
59
Өз жолдорум жөнүндө ойлонуп, буттарымды Сенин осуяттарыңа бурдум.
60
Сенин осуяттарыңды дароо аткарууга ашыктым.
61
Кудайсыздар мага тор жайышты, бирок мен Сенин осуяттарыңды унуткан жокмун.
62
Сени адилет өкүмдөрүң үчүн даңктоого түн ортосунда турчумун.
63
Сенден корккондорго, Сенин буйруктарыңды аткаргандарга шерикмин.
64
Жер бети Сенин ырайымыңа толгон, Теңирим. Мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөт.
65
Теңирим, Өз сөзүң боюнча кулуңа жакшылык кылдың.
66
Мени туура ой жүгүртүүгө үйрөт, туура түшүнүк бер, анткени мен Сенин осуяттарыңа ишенем.
67
Азап тартканга чейин, мен адашып жүргөм, азыр болсо Сенин сөзүңдү сактап жүрөм.
68
Сен жакшысың, жакшылык кыласың, мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөт.
69
Текеберлер мен жөнүндө жалган ушак таратып жатышат, мен болсо Сенин буйруктарыңды чын жүрөгүмдөн аткарам.
70
Алардын жүрөгүн май басты, мен болсо Сенин мыйзамың менен соороном.
71
Сенин мыйзамдарыңды үйрөнүш үчүн, азап тартканым жакшы болду.
72
Сенин оозуңдан чыккан мыйзам мен үчүн миңдеген алтындан да, күмүштөн да артык.
73
Мени Сенин колдоруң жаратты, мени Сенин колдоруң жасады. Мага акыл бер, ошондо мен Сенин осуяттарыңды үйрөнөм.
74
Сенден корккондор Сенин сөзүңө таянганымды көрүп кубанышат.
75
Теңир, Сенин өкүмдөрүң адилет экенин, мени адилеттик менен жазалаганыңды билем.
76
Сенин ырайымың Өз кулуңа айткан сөзүң боюнча менин сооронучум болсо экен.
77
Мага боор оорусаң экен, ошондо мен жашайм, анткени Сенин мыйзамың менин сооронучум.
78
Текеберлер уятка калышсын, анткени алар мени ак жерден кыйнап жатышат. Мен болсо Сенин буйруктарың жөнүндө ойлонуп жатам.
79
Сенден корккондор, Сенин осуяттарыңды билгендер мага кайрылышсын.
80
Уятка калбашым үчүн, жүрөгүм Сенин мыйзамдарың боюнча таза болсун.
81
Сенин куткарууңду күтө берип, жаным алсырап баратат. Бирок Сенин сөзүңө таянам.
82
Сенин сөзүңдү күтө берип, көзүм талыды. «Мени качан сооротосуң?» – дейм.
83
Мен ышталган чаначтай болуп калдым, бирок Сенин мыйзамдарыңды унуткан жокмун.
84
Кулуң дагы канча күн күтсүн? Мени куугунтуктагандарды качан жазалайсың?
85
Сенин мыйзамыңа каршы текеберлер мага ор казышты.
86
Сенин осуяттарыңдын баары – чындык. Мени ак жерден куугунтуктап жатышат, мага жардам бер.
87
Алар мени жер үстүнөн жок кылып коё жаздашты, бирок мен Сенин буйруктарыңды унуткан жокмун.
88
Мени Өзүңдүн ырайымың менен тирилт, ошондо мен Сенин оозуңдан чыккан буйруктарды аткарам.
89
Теңирим, Сенин сөзүң асманда түбөлүккө орногон.
90
Сен түбөлүккө ишенимдүүсүң. Жерди Сен орноттуң, ал ошон үчүн турат.
91
Бардыгы ушул убакка чейин Сенин мыйзамдарың боюнча турат, анткени баары Сага кызмат кылат.
92
Сенин мыйзамың мага сооронуч болбогондо, мен кайгыдан өлүп калмакмын.
93
Сенин буйруктарыңды түбөлүккө унутпайм, анткени Сен мени ошолор аркылуу тирилттиң.
94
Мен Сеникимин, мени куткар, анткени мен Сенин буйруктарыңды издедим.
95
Кудайсыздар мени өлтүрүш үчүн, аңдып жүрүшөт. Мен болсо Сенин осуяттарыңа көңүл коём.
96
Мен ар кандай жеткилеңдиктин чегин көрдүм, бирок Сенин осуятыңдын чеги жок.
97
Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм! Күнү бою ошол жөнүндө ойлоном.
98
Өз осуятың менен Сен мени душмандарымдан акылдуу кылдың, анткени ал дайыма мени менен.
99
Устаттарымдын баарынан акылдуу болуп калдым, анткени мен Сенин осуяттарың жөнүндө ойлоном.
100
Карыяларга караганда көптү билип калдым, анткени мен Сенин буйруктарыңды аткарып жүрөм.
101
Сенин сөзүңдү сакташ үчүн, буттарымды ар кандай жаман жолдордон сактайм.
102
Сенин мыйзамдарыңдан четтебейм, анткени Сен мени үйрөтүп жатасың.
103
Сенин сөздөрүң менин таңдайымда кандай таттуу! Алар менин оозумда балдан да таттуу.
104
Мен Сенин буйруктарың аркылуу акылыма келгем, ошондуктан ар кандай жалган жолду жек көрөм.
105
Сенин сөзүң – бутума шам, жолума жарык.
106
Мен Сенин адилет мыйзамдарыңды сактоону убада кылгам, ошондуктан аткарам.
107
Теңир, мен абдан кыйналдым, мени Өз сөзүң боюнча тирилт.
108
Теңирим, менин оозумдан чыккан мактоо курмандыгын кабыл ал, мага Өзүңдүн мыйзамыңды үйрөт.
109
Менин жаным ар дайым коркунучта, бирок Сенин мыйзамыңды унутпайм.
110
Кудайсыздар мага тор жайышты, бирок мен Сенин буйруктарыңдан четтеген жокмун.
111
Сенин осуяттарыңды түбөлүк мурас катары кабыл алдым, анткени алар – менин жүрөгүмдүн кубанычы.
112
Мен жүрөгүмдү Сенин буйруктарыңды дайыма, өмүрүмдүн акырына чейин аткарууга бурдум.
113
Жаман ойлуу адамдарды жек көрөм, ал эми Сенин мыйзамыңды сүйөм.
114
Сен менин баш калкалар жайымсың, калканымсың. Сенин сөзүңө таянам.
115
Мыйзамсыздар, мага жолобогула, мен өзүмдүн Кудайымдын осуяттарын аткарам.
116
Жашашым үчүн, мага Өз сөзүң боюнча күч бер. Үмүттөнгөнүм үчүн, мени уятка калтырба.
117
Мени колдо, ошондо мен куткарылам. Сенин мыйзамдарыңа дайыма көңүл коём.
118
Мыйзамдарыңдан четтегендердин баарын Сен кулатасың, анткени алардын куулугунан эч нерсе чыкпайт.
119
Жер үстүндөгү кудайсыз адамдардын баарын Сен күлдөй сапырасың, ошондуктан мен Сенин осуяттарыңды сүйөм.
120
Сенин коркунучуңдан денем титирейт, мен Сенин жазаларыңдан корком.
121
Мен баарын адилеттик жана чындык боюнча кылдым, мени куугунтуктоочуларымдын колуна салып бербе.
122
Өз кулуңа болуш, текеберлер эзбесин.
123
Сенин куткарууңду жана акыйкат сөздөрүңдү күтө берип көзүм талыды.
124
Өз кулуңа Өз ырайымың боюнча ырайым кыл, мага Өз мыйзамдарыңды үйрөт.
125
Мен Сенин кулуңмун, мага акыл бер, ошондо мен Сенин осуяттарыңды түшүнөм.
126
Теңирдин чара көрө турган убакыты келди, анткени Сенин мыйзамыңды бузушту.
127
Мен болсо Сенин осуяттарыңды алтындан да, таза алтындан да жакшы көрөм.
128
Сенин буйруктарыңдын баарын адилеттүү деп эсептейм, жалган жолдорду жек көрөм.
129
Сенин осуяттарың кереметтүү, ошондуктан алар менин жүрөгүмдө сакталуу.
130
Сенин сөздөрүңдөн алган ачылыш көздү ачат, жөнөкөйлөргө акыл берет.
131
Мен оозумду ачып акактап жатам, анткени Сенин осуяттарыңды эңсеп турам.
132
Ысымыңды сүйгөндөргө кандай назар салып, ырайым кылсаң, мага да ошондой кыл.
133
Буттарымды Сенин сөздөрүң менен жүргүдөй кылып бекемде, эч бир мыйзамсыз иштин мени бийлеп алуусуна жол бербе.
134
Мени адамдын эзүүсүнөн куткар, ошондо Сенин буйруктарыңды аткарам.
135
Өз кулуңду Өз жүзүң менен жарык кыл, мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөт.
136
Сенин мыйзамыңды сактабай жатышкандыктан, көзүмдүн жашы көл болду.
137
Сен адилетсиң, Теңирим, Сенин мыйзамдарың да адилет.
138
Осуят кылган көрсөтмөлөрүң адилет, туптуура.
139
Мени кызганыч жеп жатат, анткени менин душмандарым Сенин сөздөрүңдү унутуп коюшту.
140
Сенин сөзүң абдан таза, Сенин кулуң аны сүйөт.
141
Мен кичинекей, жек көрүндү адаммын, бирок Сенин буйруктарыңды унуткан жокмун.
142
Сенин адилеттигиң түбөлүктүү, Сенин мыйзамың – чындык.
143
Башыма кыйынчылык түшүп, азап тартып жатам, бирок Сенин осуяттарың – менин сооронучум.
144
Сенин көрсөтмөлөрүң түбөлүккө адилеттүү. Мени акылыма келтир, ошондо мен жашайм.
145
Сени чын жүрөгүмдөн чакырам, Теңирим, мени ук, ошондо мен Сенин мыйзамдарыңды сактайм.
146
Сени чакырам, мени куткар, ошондо Сенин осуяттарыңды сактайм.
147
Таң заардан Сени чакырам. Сенин сөзүңө таянам.
148
Сенин сөзүңдү терең түшүнүш үчүн, түнү менен кирпик какпай чыгам.
149
Өзүңдүн ырайымың боюнча менин үнүмдү ук, Теңирим. Өз адилеттигиң боюнча мени тирилт.
150
Жамандык ойлогондор мага жакындап калышты, алар Сенин мыйзамыңдан алыс.
151
Сен жакынсың, Теңирим, Сенин осуяттарыңдын баары – чындык.
152
Өзүңдүн осуяттарыңды түбөлүккө орнотконуңду мен мурунтан эле билем.
153
Менин азап тартып жатканыма назарыңды салып, мени куткар, анткени мен Сенин мыйзамыңды унуткан жокмун.
154
Менин ишиме киришип, мени корго. Мени Өз сөзүң боюнча тирилт.
155
Куткарылуу кудайсыздардан алыс, анткени алар Сенин мыйзамдарыңды издешпейт.
156
Сенин боорукердигиң чексиз, Теңирим. Мени Өз адилеттигиң боюнча тирилт.
157
Мени куугунтуктагандар, душмандарым көп, бирок мен Сенин осуяттарыңдан четтеген жокмун.
158
Сенин сөзүңдөн четтегендерди көрүп капа болом, анткени алар Сенин сөзүңдү сакташкан жок.
159
Сенин буйруктарыңды кандай сүйөрүмдү көр. Өзүңдүн ырайымың боюнча мени тирилт.
160
Сенин сөзүңдүн негизи – чындык, Сенин ар бир адилет өкүмүң түбөлүктүү.
161
Төрөлөр мени себепсиз куугунтуктап жатышат, бирок менин жүрөгүм Сенин сөзүңдөн коркот.
162
Өтө чоң олжого ээ болгондой, Сенин сөзүңө кубанам.
163
Жалганчылыкты жек көрөм, андан жийиркенем, Сенин мыйзамыңды болсо сүйөм.
164
Адилет өкүмдөрүң үчүн Сени бир күндө жети жолу даңктайм.
165
Сенин мыйзамыңды сүйгөндөрдүн тынчтыгы зор, аларга бөгөт жок.
166
Сенин жардамыңа таянам, Теңирим, Сенин осуяттарыңды аткарам.
167
Сенин осуяттарың менин жүрөгүмдө сакталуу, мен аларды абдан сүйөм.
168
Сенин буйруктарың менен осуяттарыңды аткарам, анткени менин бардык жолум Сенин алдыңда.
169
Менин зар-муңум Сага жетсин, Теңирим. Өз сөзүң боюнча мага акыл бер.
170
Менин жалынуум Сенин алдыңа келсин. Өзүңдүн сөзүң боюнча мени куткар.
171
Сен мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөткөндө, менин оозумдан Сени мактаган сөздөр чыгат.
172
Менин тилим Сенин сөзүңдү жарыя кылат, анткени Сенин осуяттарыңдын баары адилет.
173
Сенин колуң мага жардам берүүгө даяр болсун, анткени мен Сенин буйруктарыңды тандап алдым.
174
Сенин жардамыңды зарыгып күтүп жатам, Теңирим, Сенин мыйзамың – менин сооронучум.
175
Менин жаным жашасын, Сени даңктасын, Сенин адилеттигиң мага жардам берсин.
176
Мен жоголгон койдой адашып калдым. Өз кулуңду издеп тап, анткени мен Сенин осуяттарыңды унуткан жокмун.
← Chapter 117
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 67
Chapter 68
Chapter 69
Chapter 70
Chapter 71
Chapter 72
Chapter 73
Chapter 74
Chapter 75
Chapter 76
Chapter 77
Chapter 78
Chapter 79
Chapter 80
Chapter 81
Chapter 82
Chapter 83
Chapter 84
Chapter 85
Chapter 86
Chapter 87
Chapter 88
Chapter 89
Chapter 90
Chapter 91
Chapter 92
Chapter 93
Chapter 94
Chapter 95
Chapter 96
Chapter 97
Chapter 98
Chapter 99
Chapter 100
Chapter 101
Chapter 102
Chapter 103
Chapter 104
Chapter 105
Chapter 106
Chapter 107
Chapter 108
Chapter 109
Chapter 110
Chapter 111
Chapter 112
Chapter 113
Chapter 114
Chapter 115
Chapter 116
Chapter 117
Chapter 118
Chapter 119
Chapter 120
Chapter 121
Chapter 122
Chapter 123
Chapter 124
Chapter 125
Chapter 126
Chapter 127
Chapter 128
Chapter 129
Chapter 130
Chapter 131
Chapter 132
Chapter 133
Chapter 134
Chapter 135
Chapter 136
Chapter 137
Chapter 138
Chapter 139
Chapter 140
Chapter 141
Chapter 142
Chapter 143
Chapter 144
Chapter 145
Chapter 146
Chapter 147
Chapter 148
Chapter 149
Chapter 150
Chapter 119 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66
67
68
69
70
71
72
73
74
75
76
77
78
79
80
81
82
83
84
85
86
87
88
89
90
91
92
93
94
95
96
97
98
99
100
101
102
103
104
105
106
107
108
109
110
111
112
113
114
115
116
117
118
119
120
121
122
123
124
125
126
127
128
129
130
131
132
133
134
135
136
137
138
139
140
141
142
143
144
145
146
147
148
149
150