bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Psalms 88
Psalms 88
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 87
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 67
Chapter 68
Chapter 69
Chapter 70
Chapter 71
Chapter 72
Chapter 73
Chapter 74
Chapter 75
Chapter 76
Chapter 77
Chapter 78
Chapter 79
Chapter 80
Chapter 81
Chapter 82
Chapter 83
Chapter 84
Chapter 85
Chapter 86
Chapter 87
Chapter 88
Chapter 89
Chapter 90
Chapter 91
Chapter 92
Chapter 93
Chapter 94
Chapter 95
Chapter 96
Chapter 97
Chapter 98
Chapter 99
Chapter 100
Chapter 101
Chapter 102
Chapter 103
Chapter 104
Chapter 105
Chapter 106
Chapter 107
Chapter 108
Chapter 109
Chapter 110
Chapter 111
Chapter 112
Chapter 113
Chapter 114
Chapter 115
Chapter 116
Chapter 117
Chapter 118
Chapter 119
Chapter 120
Chapter 121
Chapter 122
Chapter 123
Chapter 124
Chapter 125
Chapter 126
Chapter 127
Chapter 128
Chapter 129
Chapter 130
Chapter 131
Chapter 132
Chapter 133
Chapter 134
Chapter 135
Chapter 136
Chapter 137
Chapter 138
Chapter 139
Chapter 140
Chapter 141
Chapter 142
Chapter 143
Chapter 144
Chapter 145
Chapter 146
Chapter 147
Chapter 148
Chapter 149
Chapter 150
Chapter 89 →
1
Эйтан Эзрахинин үйрөтүүсү.
2
Теңирим, Сенин ырайымыңды түбөлүккө ырдайм, чындыгыңды укумдан-тукумга өз оозум менен жар салам.
3
Мен мындай деп айтам: Сенин ырайымың түбөлүккө негизделген, асманга Өз чындыгыңды орноттуң да, мындай деп айттың:
4
«Мен Өзүмдүн тандап алган адамым менен келишим түздүм, Өз кулум Дөөткө ант бердим:
5
Сенин тукумуңду түбөлүккө бекемдейм, тактыңды укумдан-тукумга орнотом».
6
Теңирим, асман да Сенин кереметтүү иштериңди даңктайт, Сенин чындыгыңды ыйыктардын жыйынында айтат.
7
Анткени асманда Теңирге тең келер ким бар? Кудайдын уулдарынын арасында Теңирге окшош ким бар?
8
Кудай ыйыктардын улуу жыйынында коркунучтуу, Ал Өзүнүн тегерегиндегилердин бардыгына коркунучтуу.
9
Теңир, Себайот Кудай! Теңирим, Сендей күчтүү ким бар? Акыйкатың Өзүңдүн тегерегиңде.
10
Сен деңиздин каарына бийлик кыласың; анын толкундары жогору көтөрүлгөндө, Сен аларды басасың.
11
Сен Раапты байкуш кылып басынттың, душмандарыңды Өзүңдүн кудуреттүү күчүң менен чачыратып жибердиң.
12
Асман да, жер да Сеники, ааламды жана андагы бардык нерселерди Сен негиздедиң.
13
Түндүк менен түштүктү Сен жараттың. Табор менен Хермон Сенин ысымыңды укканда кубанат.
14
Сенин билегиң күчтүү, Сенин колуң кубаттуу, Сенин оң колуң жогору көтөрүлгөн!
15
Адилеттик жана чындык – Өз тактыңдын негизи. Ырайым менен чындык Сенин алдыңда жүрөт.
16
Сурнай үнүн тааныган эл бактылуу! Алар Сенин жүзүңдүн жарыгы астында жүрүшөт, Теңирим.
17
Күн сайын Сенин ысымың менен кубанышат, Сенин чындыгың менен жогору көтөрүлүшөт,
18
анткени алардын күчү да, даңкы да Сенсиң, Сенин жакшы ниетиң боюнча биздин мүйүзүбүз көккө көтөрүлөт.
19
Биздин калканыбыз – Теңирден, биздин падышабыз – Ысрайылдын Ыйыгынан.
20
Бир жолу Сен көрүнүштө Өзүңдүн ыйыгыңа мындай дедиң эле: «Мен эр жүрөккө жардам бердим, эл ичинен тандалганды жогору көтөрдүм.
21
Мен Өз кулум Дөөттү таптым, аны Өзүмдүн ыйык зайтун майым менен майладым.
22
Менин колум аны менен болот, Менин күчүм ага күч берет.
23
Душман аны жеңе албайт, мыйзамсыз адам кыса албайт.
24
Душмандарын көз алдында талкалайм, аны жек көргөндөрдү кыйратам.
25
Менин чындыгым да, Менин ырайымым да аны менен, Менин ысымым менен анын мүйүзү көккө көтөрүлөт.
26
Анын колун деңизге салам, оң колун дарыяларга салам.
27
Ал Мени: “Сен менин атамсың, Кудайымсың жана куткаруучу аскамсың”, – деп чакырат.
28
Мен аны тун уулум кылып, жердеги падышалардан жогору коём.
29
Ага көрсөткөн Өзүмдүн ырайымымды түбөлүк сактайм, Менин аны менен түзгөн келишимим бузулбайт.
30
Анын тукуму түбөлүк жашайт, анын тактысы асман жок болгончо турат.
31
Эгерде анын уулдары Менин мыйзамымды таштап, Менин осуяттарымды сакташпаса,
32
Менин мыйзамдарымды бузуп, Менин осуяттарымды аткарышпаса,
33
анда Мен аларды өздөрүнүн мыйзамсыздыгы үчүн темир таяк менен жазалайм, аларга өздөрүнүн күнөөлөрү үчүн сокку урам.
34
Бирок Мен аны Өз ырайымымдан ажыратпайм жана Өз чындыгымды өзгөртпөйм.
35
Мен Өз келишимимди бузбайм жана оозумдан чыккан сөзүмдү өзгөртпөйм.
36
Бир жолу Мен Өзүмдүн ыйыктыгым менен ант бергем: Дөөткө калп айтпайм.
37
Анын тукуму түбөлүк жашайт, анын тактысы Менин алдымда күн сыяктуу турат.
38
Ай сыяктуу кылымдар бою асманда ишенимдүү күбө болуп бекем турат».
39
Бирок азыр Сен Өзүңдүн майланганыңдан баш тартып, аны жек көрүп, ага каарданып жатасың.
40
Өз кулуң менен түзгөн келишимиңди четке кактың, анын таажысын жерге кулаттың.
41
Анын бардык тосмолорун талкаладың, анын сепилдерин урандыга айландырдың.
42
Жолдон өткөндөрдүн баары аны талап жатышат. Ал өзүнүн коңшуларына күлкү болду.
43
Сен анын душмандарынын оң колун жогору көтөрдүң, анын бардык кас душмандарын кубанттың.
44
Сен анын кылычынын мизин тескери караттың, ага майданда күч берген жоксуң.
45
Аны даңктан ажыраттың, тактысын жерге кулаттың.
46
Анын жаштык күндөрүн кыскарттың, уятка калтырдың.
47
Теңирим, качанга чейин жашына бересиң? Түбөлүккө жашынасыңбы? Качанга чейин каарың от болуп жана берет?
48
Менин өмүрүмдүн кыскалыгын эстечи. Сен адам баласын кандай түйшүккө жараттың эле?
49
Адамдардын арасынан ким жашап, бирок өлүмдү көрбөй калды экен? Ким өз жанын өлгөндөр жаткан жайдын колунан куткарып алды экен?
50
Мурунку ырайымдарың кайда, Теңирим? Сен Дөөткө Өз чындыгың менен ант бербедиң беле.
51
Теңирим, Өз кулдарыңдын көргөн кордугун эстечи, мен күчтүү элдердин баарынан кордук көрүп жатам.
52
Сенин душмандарың мени кордоп жатышат! Теңирим, Өзүңдүн майлаганыңдын баскан издерин жаманатты кылып жатышат!
53
Теңирге түбөлүккө даңк! Оомийин, оомийин!
← Chapter 87
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 67
Chapter 68
Chapter 69
Chapter 70
Chapter 71
Chapter 72
Chapter 73
Chapter 74
Chapter 75
Chapter 76
Chapter 77
Chapter 78
Chapter 79
Chapter 80
Chapter 81
Chapter 82
Chapter 83
Chapter 84
Chapter 85
Chapter 86
Chapter 87
Chapter 88
Chapter 89
Chapter 90
Chapter 91
Chapter 92
Chapter 93
Chapter 94
Chapter 95
Chapter 96
Chapter 97
Chapter 98
Chapter 99
Chapter 100
Chapter 101
Chapter 102
Chapter 103
Chapter 104
Chapter 105
Chapter 106
Chapter 107
Chapter 108
Chapter 109
Chapter 110
Chapter 111
Chapter 112
Chapter 113
Chapter 114
Chapter 115
Chapter 116
Chapter 117
Chapter 118
Chapter 119
Chapter 120
Chapter 121
Chapter 122
Chapter 123
Chapter 124
Chapter 125
Chapter 126
Chapter 127
Chapter 128
Chapter 129
Chapter 130
Chapter 131
Chapter 132
Chapter 133
Chapter 134
Chapter 135
Chapter 136
Chapter 137
Chapter 138
Chapter 139
Chapter 140
Chapter 141
Chapter 142
Chapter 143
Chapter 144
Chapter 145
Chapter 146
Chapter 147
Chapter 148
Chapter 149
Chapter 150
Chapter 89 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66
67
68
69
70
71
72
73
74
75
76
77
78
79
80
81
82
83
84
85
86
87
88
89
90
91
92
93
94
95
96
97
98
99
100
101
102
103
104
105
106
107
108
109
110
111
112
113
114
115
116
117
118
119
120
121
122
123
124
125
126
127
128
129
130
131
132
133
134
135
136
137
138
139
140
141
142
143
144
145
146
147
148
149
150