bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Psalms 17
Psalms 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 67
Chapter 68
Chapter 69
Chapter 70
Chapter 71
Chapter 72
Chapter 73
Chapter 74
Chapter 75
Chapter 76
Chapter 77
Chapter 78
Chapter 79
Chapter 80
Chapter 81
Chapter 82
Chapter 83
Chapter 84
Chapter 85
Chapter 86
Chapter 87
Chapter 88
Chapter 89
Chapter 90
Chapter 91
Chapter 92
Chapter 93
Chapter 94
Chapter 95
Chapter 96
Chapter 97
Chapter 98
Chapter 99
Chapter 100
Chapter 101
Chapter 102
Chapter 103
Chapter 104
Chapter 105
Chapter 106
Chapter 107
Chapter 108
Chapter 109
Chapter 110
Chapter 111
Chapter 112
Chapter 113
Chapter 114
Chapter 115
Chapter 116
Chapter 117
Chapter 118
Chapter 119
Chapter 120
Chapter 121
Chapter 122
Chapter 123
Chapter 124
Chapter 125
Chapter 126
Chapter 127
Chapter 128
Chapter 129
Chapter 130
Chapter 131
Chapter 132
Chapter 133
Chapter 134
Chapter 135
Chapter 136
Chapter 137
Chapter 138
Chapter 139
Chapter 140
Chapter 141
Chapter 142
Chapter 143
Chapter 144
Chapter 145
Chapter 146
Chapter 147
Chapter 148
Chapter 149
Chapter 150
Chapter 18 →
1
Ырчылар тобунун башчысына. Теңир бардык душмандардын жана Шабулдун колунан куткарып алганда, Теңирдин кулу Дөөттүн Теңирге ырдаган ыры. Ошондо ал мындай деди:
2
«Сени сүйөм, Теңирим, күч-кубатым менин!
3
Теңир менин тирегим, баш паанам, куткаруучум; Кудайым менин аска-зоом. Мен Ага гана таянам. Ал менин калканым, куткаруучу мүйүзүм, таянычым».
4
Табынууга татыктуу Теңирдин атын чакырып, душмандарымдан кутулам.
5
Мени өлүм азаптары курчап алды, кыйынчылыктардын агымы үрөйүмдү учурду.
6
Мага өлгөндөр жаткан жайдын чынжырлары салынды, өлүмдүн торуна чалындым.
7
Мен кысталышта калганда, Теңиримди чакырдым, Кудайыма жалындым. Ал Өз турагынан менин үнүмдү укту, зар-муңум Анын кулагына жетти.
8
Жер силкинип термелди, тоолордун негиздери ордунан козголду, анткени Кудай каарданды.
9
Анын каарынан түтүн көтөрүлүп, оозунан баарын жалмай турган от чыкты, Андан күйүп жаткан чоктор чачырап жатты.
10
Асманды эңкейтип, Ал жерге түштү, Анын бут астында караңгылык жатты.
11
Ал керуптардын үстүнө отуруп, шамалдын канатында учуп жөнөдү.
12
Караңгылыкты Өзүнө жабуу кылды, асмандагы булуттарды, кара булуттарды Өзүнүн тегерегине чатыр кылды.
13
Анын алдындагы жарыктан Анын булуттары, мөндүр, кызыл чоктор качты.
14
Асманда Теңир күркүрөдү, Бардыгынан Жогору Турган үн салды, мөндүр жана жалындаган чок жаады.
15
Өзүнүн жебелерин тартып, аларды туш-тушка чачыратты; көп чагылган жиберип, аларды туш-тушка качырды.
16
Теңирим, Сенин каардуу үнүңдөн, Сенин каарыңдын илебинен суу башаттары, ааламдын негизи ачылды.
17
Ал асмандан колун сунуп, мени алды, мени чоң суулардан тартып чыгарды.
18
Мени күчтүү душманымдан, менден күчтүү болгон жек көрүүчүлөрдөн куткарды.
19
Алар мага башыма мүшкүл түшкөн күнү каршы чыгышты. Бирок Теңир мага жөлөк болду.
20
Ал мени кең жерге алып чыкты, мени куткарды, анткени Ал мени жакшы көрөт.
21
Теңир менин адилдигиме жараша, колумдун тазалагына жараша тиешемди берди.
22
Анткени мен Теңирдин жолун сактадым, Кудайымдан четтеген эмесмин.
23
Анткени Анын бардык мыйзамдары менин алдымда, Анын көрсөтмөлөрүнөн четтеген жокмун.
24
Мен Кудай алдында таза элем, күнөө кылып албайын деп сактанчумун.
25
Теңир Өзүнүн көз алдындагы адилдигиме жараша, колумдун тазалыгына жараша тиешемди берди.
26
Боорукерге Сен боорукердик кыласың, адил адамга адилет мамиле кыласың.
27
Тазаларга тазалыгына жараша мамиле кыласың, алдамчыга алдамчылыгына жараша мамиле кыласың.
28
Анткени Сен эзилген адамдарды куткарасың, ал эми менменсинип карагандарды кемсинтесиң.
29
Теңир, Сен менин шамымды күйгүзөсүң. Кудайым караңгымды жарык кылат.
30
Мен Сени менен аскерлерди талкалайм, Кудайым менен чепти ашып түшөм.
31
Кудай! Анын жолу таза, Теңирдин сөзү таза. Ал – Өзүнө таянгандардын баарына калкан.
32
Теңирден башка Кудай барбы? Биздин Кудайдан башка Сактоочу барбы?
33
Кудай мага күч берет, мага түз жол салат.
34
Буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени бийик жерлериме чыгарат.
35
Колумду согушка даярдайт, ошон үчүн колдорум жез жааны сындырат.
36
Сен мага куткаруучу калканыңды бердиң, Сенин оң колуң мени колдоп турат, Сенин ырайымың мени жогору көтөрөт.
37
Сен менин баса турган жолумду кеңейтесиң, ошондо тизелерим титиребейт.
38
Душмандарымды кууп жетип, аларды жок кылмайынча, артка кайтпайм.
39
Аларды талкалайм, алар тура албай калышат, менин бут алдыма жыгылышат.
40
Анткени Сен мага согушканга күч бердиң, мага каршы көтөрүлгөндөрдү бут алдыма жыгып бердиң.
41
Душмандарымды менин көз алдымда артка чегинттиң. Мени жек көргөндөрдү кыйратып жатам.
42
Алар боздоп жатышат, бирок алардын куткарары жок. Теңирге жалынып жатышат, бирок Ал аларды укпайт.
43
Аларды топурактай сапырып, көчөдөгү балчыктай тебеледим.
44
Сен мени эл козголоңунан куткарып алып, бөтөн элдерге эл башчы кылдың. Өзүм тааныбаган эл мага кызмат кылып жатат.
45
Алар мен жөнүндө угуп эле, мага баш ийишет. Бөтөн элдер менин алдымда жасакерленишет.
46
Бөтөн элдер кумсарып, өздөрүнүн сепилдеринде титиреп отурушат.
47
Теңир тирүү, менин тирегим даңкталсын! Мени куткарган Кудай даңазалансын!
48
Мен үчүн өч алган, бөтөн элдерди багындырып берген Кудай,
49
мени душмандарымдан куткарган Кудай даңкталсын! Мага каршы чыккандардын алдында Сен мени жогору көтөрдүң, мени катаал кишиден куткардың.
50
Ошон үчүн, Теңир, Сени даңктайм, бөтөн элдердин арасында Сенин ысымыңды даңктап ырдайм.
51
Падышаны улуу жеңиш менен куткарган, Өзүң майлаган Дөөткө жана анын укум-тукумуна түбөлүккө ырайым кылган Сени даңктап ырдайм.
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 67
Chapter 68
Chapter 69
Chapter 70
Chapter 71
Chapter 72
Chapter 73
Chapter 74
Chapter 75
Chapter 76
Chapter 77
Chapter 78
Chapter 79
Chapter 80
Chapter 81
Chapter 82
Chapter 83
Chapter 84
Chapter 85
Chapter 86
Chapter 87
Chapter 88
Chapter 89
Chapter 90
Chapter 91
Chapter 92
Chapter 93
Chapter 94
Chapter 95
Chapter 96
Chapter 97
Chapter 98
Chapter 99
Chapter 100
Chapter 101
Chapter 102
Chapter 103
Chapter 104
Chapter 105
Chapter 106
Chapter 107
Chapter 108
Chapter 109
Chapter 110
Chapter 111
Chapter 112
Chapter 113
Chapter 114
Chapter 115
Chapter 116
Chapter 117
Chapter 118
Chapter 119
Chapter 120
Chapter 121
Chapter 122
Chapter 123
Chapter 124
Chapter 125
Chapter 126
Chapter 127
Chapter 128
Chapter 129
Chapter 130
Chapter 131
Chapter 132
Chapter 133
Chapter 134
Chapter 135
Chapter 136
Chapter 137
Chapter 138
Chapter 139
Chapter 140
Chapter 141
Chapter 142
Chapter 143
Chapter 144
Chapter 145
Chapter 146
Chapter 147
Chapter 148
Chapter 149
Chapter 150
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66
67
68
69
70
71
72
73
74
75
76
77
78
79
80
81
82
83
84
85
86
87
88
89
90
91
92
93
94
95
96
97
98
99
100
101
102
103
104
105
106
107
108
109
110
111
112
113
114
115
116
117
118
119
120
121
122
123
124
125
126
127
128
129
130
131
132
133
134
135
136
137
138
139
140
141
142
143
144
145
146
147
148
149
150