bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Psalms 77
Psalms 77
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 76
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 67
Chapter 68
Chapter 69
Chapter 70
Chapter 71
Chapter 72
Chapter 73
Chapter 74
Chapter 75
Chapter 76
Chapter 77
Chapter 78
Chapter 79
Chapter 80
Chapter 81
Chapter 82
Chapter 83
Chapter 84
Chapter 85
Chapter 86
Chapter 87
Chapter 88
Chapter 89
Chapter 90
Chapter 91
Chapter 92
Chapter 93
Chapter 94
Chapter 95
Chapter 96
Chapter 97
Chapter 98
Chapter 99
Chapter 100
Chapter 101
Chapter 102
Chapter 103
Chapter 104
Chapter 105
Chapter 106
Chapter 107
Chapter 108
Chapter 109
Chapter 110
Chapter 111
Chapter 112
Chapter 113
Chapter 114
Chapter 115
Chapter 116
Chapter 117
Chapter 118
Chapter 119
Chapter 120
Chapter 121
Chapter 122
Chapter 123
Chapter 124
Chapter 125
Chapter 126
Chapter 127
Chapter 128
Chapter 129
Chapter 130
Chapter 131
Chapter 132
Chapter 133
Chapter 134
Chapter 135
Chapter 136
Chapter 137
Chapter 138
Chapter 139
Chapter 140
Chapter 141
Chapter 142
Chapter 143
Chapter 144
Chapter 145
Chapter 146
Chapter 147
Chapter 148
Chapter 149
Chapter 150
Chapter 78 →
1
Асаптын үйрөтүүсү. Элим, менин мыйзамымды ук, менин оозумдан чыккан сөздөргө кулак сал.
2
Менин оозумдан накыл сөздөр чыгат, өткөн заманда болгон окуяларды айтып берем.
3
Уккандарыбызды, билгендерибизди, ата-бабаларыбыздын бизге айтып бергендерин баяндайм.
4
Буларды балдарыбыздан жашырбайбыз, келе жаткан муунга Теңирдин даңкын, күчүн, көрсөткөн кереметтерин жарыя кылам.
5
Ал Жакып үчүн мыйзам чыгарып, Ысрайыл үчүн мыйзам жазган, ошол мыйзамдарды биздин ата-бабаларыбызга балдарына айтып берүүнү осуят кылган.
6
Аларды келе жаткан муун, төрөлө турган балдар билиши үчүн, убагы келгенде алар да өз балдарына айтып бериши үчүн,
7
Кудайдан үмүт кылышы үчүн, Анын иштерин унутпашы үчүн, Анын осуяттарын сакташы үчүн,
8
өздөрүнүн ата-бабаларындай, жүрөктөрү өзгөрбөгөн, руху менен Кудайга берилбеген, баш ийбес, кежир муун болбошу үчүн осуят кылган.
9
Куралданган, жаа тарткан Эпрайым уулдары согуш болуп жаткан күнү артка качышты.
10
Алар Кудайдын осуятын сакташкан жок, Анын мыйзамы боюнча жашоодон баш тартышты.
11
Анын иштерин жана өздөрүнө көрсөткөн кереметтерин унутушту.
12
Кудай алардын ата-бабаларынын көз алдында Мисир жеринде, Соан талаасында кереметтерди көрсөттү.
13
Деңизди жара бөлүп, аларды ошол аркылуу өткөрдү, сууну дубалдай тургузду.
14
Күндүз аларды булут менен, түнкүсүн от жарыгы менен алып жүрдү.
15
Түпсүздүктөн суу чыгарып бергендей, чөлдө ташты жарып, алардын суусунун кандырды.
16
Аскадан суу чыгарды, суу дарыядай акты.
17
Бирок алар Анын алдында күнөө кыла беришти, чөлдө бардыгынан жогору турган Кудайды каарданта беришти.
18
Өз жүрөктөрүндө Кудайды сынап, өздөрү каалаган тамакты талап кылышты.
19
Кудайга каршы сүйлөп: «Чөлдө Кудай дасторкон даярдап бере алмак беле?» – дешти.
20
Бирок ал ташты урганда, суу чыгып ага баштады. «Кудай нан бере алмак беле? Ал Өз элине эт бышырып бере алмак беле?» – дешти.
21
Муну Теңир угуп, катуу каарданды. Жакыпка каршы от жалындап күйдү, Кудайдын каары Ысрайылга каршы бет алды.
22
Анткени алар Кудайга ишенишкен жок, Анын куткарарына ишенишкен жок.
23
Ал асмандагы булуттарга буйрук берип, асман эшиктерин ачты.
24
Алардын үстүнө асмандан манна жаадырды, аларга асман нанын берди.
25
Адамдар периштелердин нанын жешти, Кудай аларга тамакты тоюшунча берди.
26
Асмандан чыгыш шамалын козгоду, Өз күчү менен түштүк шамалын жиберди.
27
Аларга этти топурактай жаадырды, канаттууларды деңиз кумундай жаадырды.
28
Аларды кошуундарынын арасына, үйлөрүнүн жанына жаадырды.
29
Алар жеп, аябай тоюшту. Аларга каалаганын берди.
30
Бирок алардын каалоосу кана электе эле, алар тамактарын жута электе эле,
31
аларга каршы Кудайдын каары келип, алардын бараандууларын өлтүрдү, Ысрайылдын жигиттерин сулатты.
32
Бирок алар ушунун баарын көрүп турушса да, күнөө кыла беришти, Анын кереметтерине ишенишкен жок.
33
Ошол үчүн Кудай алардын жашоо күндөрүн түйшүктүү кылып, жашоо жылдарын дүрбөлөңгө түшүрдү.
34
Кудай аларды өлтүрө баштаганда, алар Кудайды издей башташты; Кудайга кайрылып, таң азандан Кудайга жалынышты.
35
Кудай өздөрүнүн баш калкалар жайы экенин, бардыгынан жогору турган Кудай өздөрүнүн Куткаруучусу экенин ошондо эстешти.
36
Ооздору менен Ага кошомат кылышты, тилдери менен Анын алдында калп айтып жатышты.
37
Жүрөктөрү болсо Анын алдында таза эмес эле, алар Анын осуятына берилишкен эмес.
38
Бирок Ал ырайымдуулук кылып, алардын күнөөлөрүн кечирди, аларды кырып салган жок. Көп жолу каарын кайт кылды, көп жолу Өзүнүн бүт жаалын козгогон жок.
39
Кудай алардын кетсе кайрылып келбей турган адам экенин, жел экенин эске алды.
40
Алар чөлдө Аны канча жолу каардантышты! Эч ким жашабаган жерде Аны канча жолу ачуулантышты!
41
Кудайды кайрадан сынашты, Ысрайылдын Ыйыгына акарат келтиришти.
42
Алар Анын куткарган колун, Анын эзүүдөн куткарган күнүн унутушту.
43
Анын Мисирде жасаган кереметтерин жана Соан талаасындагы ажайыптарын унутушту.
44
Алар суу иче албай калышы үчүн, Кудай алардын дарыялары менен өзөндөрүн канга айландырды.
45
Аларды чактырыш үчүн курт-кумурскаларды, өлтүрүш үчүн курбакаларды каптатты.
46
Алардын өстүргөн өсүмдүктөрүн кырк аяктарга, алардын эмгегин чегирткелерге жем кылды.
47
Алардын жүзүмдөрүн мөндүр менен, тыт жыгачтарын муз менен талкалады.
48
Алардын бодо малын добул менен, майда малын чагылган менен кырды.
49
Аларга Өзүнүн каарынын жалынын, ачуусун, жаалын жана алааматын каптатып, кыйратуучу периштелерди жөнөттү.
50
Өзүнүн каарын кандыруунун жолун тапты, алардын жанын өлүмдөн сактаган жок, малдарына жугуштуу оору каптатты.
51
Мисирдеги бардык тун балдарды, Хам чатырларындагы бардык күч башаттарын өлтүрдү.
52
Анан Өз элин койлордой алып жөнөдү, аларды чөлдө койлордой алып жүрдү.
53
Аларды коопсуз алып жүрдү, алар коркушкан жок, алардын душмандарын болсо деңиз басып калды.
54
Аларды Өзүнүн ыйык жерине, Өзүнүн оң колу менен ээлеп алган ушул тоого алып келди.
55
Алардын алдынан элдерди кууп жиберип, алардын жерин аларга мурас кылып бөлүп берди, Ысрайыл урууларын алардын үйлөрүнө киргизди.
56
Бирок алар бардыгынан жогору турган Кудайды дагы сынашты, капалантышты, Анын мыйзамдарын сакташкан жок.
57
Ата-бабаларына окшоп туруксуз, ишенимсиз болушту, кайып кеткен жебедей артка кетишти.
58
Өздөрүнүн бийик жерлери менен Аны каардантышты, таш буркандары менен Анын кызганычын козгошту.
59
Кудай муну угуп, катуу каарданды, Ысрайылга аябай ачууланды.
60
Кудай Шилодо турган үйүн, адамдар арасында Өзү жашаган жыйын чатырын таштап кетти.
61
Өзүнүн чебин туткунга, Өзүнүн даңкын душмандардын колуна салып берди.
62
Өз элин кылыч мизине салып берди, Өз мурасына ачууланды.
63
Элдин жигиттерин от жалмады, анын кыздарына арнап нике ырларын ырдабай калышты.
64
Ыйык кызмат кылуучулары кылычтан өлүп жатышты, жесирлери ыйлабай калышты.
65
Бирок Теңир уйкудан ойгонгонсуп, шараптан соолуга албай жаткан алптай болуп, ордунан туруп келди да,
66
анын душмандарын артка качырды, түбөлүккө уятка калтырды.
67
Жусуптун чатырын четке какты, Эпрайым уруусун тандап алган жок.
68
Тескерисинче, Жүйүт уруусун жана Өзү сүйгөн Сион тоосун тандап алды.
69
Өзүнүн ыйык жайын асмандай бийик кылып курду, жердей кылып түбөлүккө тургузду.
70
Өз кулу Дөөттү кой короодон тандап алды, аны алып чыкты.
71
Аны саан малдан бөлүп алып, Өз эли Жакыпты, Өз мурасы Ысрайылды кайтартуу үчүн алып келди.
72
Дөөт аларды таза жүрөк менен кайтарды, аларды акылман колу менен жетектеп жүрдү.
← Chapter 76
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 67
Chapter 68
Chapter 69
Chapter 70
Chapter 71
Chapter 72
Chapter 73
Chapter 74
Chapter 75
Chapter 76
Chapter 77
Chapter 78
Chapter 79
Chapter 80
Chapter 81
Chapter 82
Chapter 83
Chapter 84
Chapter 85
Chapter 86
Chapter 87
Chapter 88
Chapter 89
Chapter 90
Chapter 91
Chapter 92
Chapter 93
Chapter 94
Chapter 95
Chapter 96
Chapter 97
Chapter 98
Chapter 99
Chapter 100
Chapter 101
Chapter 102
Chapter 103
Chapter 104
Chapter 105
Chapter 106
Chapter 107
Chapter 108
Chapter 109
Chapter 110
Chapter 111
Chapter 112
Chapter 113
Chapter 114
Chapter 115
Chapter 116
Chapter 117
Chapter 118
Chapter 119
Chapter 120
Chapter 121
Chapter 122
Chapter 123
Chapter 124
Chapter 125
Chapter 126
Chapter 127
Chapter 128
Chapter 129
Chapter 130
Chapter 131
Chapter 132
Chapter 133
Chapter 134
Chapter 135
Chapter 136
Chapter 137
Chapter 138
Chapter 139
Chapter 140
Chapter 141
Chapter 142
Chapter 143
Chapter 144
Chapter 145
Chapter 146
Chapter 147
Chapter 148
Chapter 149
Chapter 150
Chapter 78 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66
67
68
69
70
71
72
73
74
75
76
77
78
79
80
81
82
83
84
85
86
87
88
89
90
91
92
93
94
95
96
97
98
99
100
101
102
103
104
105
106
107
108
109
110
111
112
113
114
115
116
117
118
119
120
121
122
123
124
125
126
127
128
129
130
131
132
133
134
135
136
137
138
139
140
141
142
143
144
145
146
147
148
149
150