bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Matthew 15
Matthew 15
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 16 →
1
Ошондо Иерусалимден фарисейлер менен дин мугалимдери келип, Ыйсага мындай дешти:
2
— Эмне үчүн шакирттериң улуулардан калган салтты бузуп жатышат? Алар кол жуу расмисин сактабай эле нан жешет экен.
3
Ыйса аларга мындай жооп берди: — А өзүңөрчү? Эмне үчүн өзүңөр салттарыңарды шылтоолоп, Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар?
4
Кудай эмне деди эле? «Ата-энеңди сыйла»,«Атасын же энесин сөккөн адам өлүм жазасына тартылсын!»— деген.
5
А силер: «Эгер ким атасы же энесине: силерге бере турган нерсемдин баарын Кудайга багыштадым десе,
6
анда ал атасы же энеси үчүн эч нерсе кылбай эле койсо болот» деп, элге үйрөткөн ушул салтыңар менен Кудайдын сөзүн жоюп салдыңар.
7
О, эки жүздүүлөр! Силер тууралуу Ышая пайгамбар таамай айтыптыр:
8
«Тили менен Мени сыйлап жатса да, Дили менен бул эл Менден алыс бейм
9
Адам салтын Меники деп окутуп, Мага келип табынганы пайдасыз».
10
Анан Ыйса элди чакырып алып, дагы мындай деди: — Кунт коюп уккула да, түшүнүп алгыла.
11
Адамды оозуна кирген нерсе эмес, оозунан чыккан нерсе арам кылат!
12
Ыйса ушундай дегенде, шакирттери басып келишти да: — Билесиңби, сенин сөзүңдү угуп, фарисейлер абдан таарынып жатышат? — дешти.
13
Ыйса болсо шакирттерине: — Менин асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк тамыры менен жулунат.
14
Алардан оолак болгула, алар сокурлардын сокур жетекчилери. Сокур сокурду жетелесе, экөө тең чуңкурга кулап түшөт, — деп жооп берди.
15
Ошондо Петир буга: — Бул ибараттын маанисин бизге түшүндүрүп берчи, — деди.
16
Ыйса: — Чындап эле силер да али түшүнө элексиңерби?
17
Адамдын оозуна кирген нерсе ашказандан өтүп, сыртка чыгарын билбейсиңерби?
18
Адамдын оозунан чыккан нерсе болсо жүрөктөн чыгат да, аны арам кылат.
19
Анткени адамдын жүрөгүнөн арам ой, адам өлтүрүүчүлүк, ойноштук, бузукулук, уурулук, жалган-жалаа, уу сөздөр чыгат.
20
Адамды ушулар арам кылат. Ал эми кол жуу расмисин сактабай тамак ичиш адамды арам кылбайт, — деп жооп берди.
21
Ыйса ал жактан чыгып, Тир менен Сидон шаарлары тарапка кетип калды.
22
Аңгыча алдынан ошол жерде жашаган канаандык бир аял тосуп чыгып: — О, Дөөттүн Уулу! Ырайым кыла көрүңүз мага, таксырым! Кызымды жин даарып, катуу кыйналып жатат, — деп кыйкырды.
23
Ыйса болсо жооп бербеди. Ошондо шакирттери Ага келип: — Бул аялды коё берип койчу. Аркабыздан калбай кыйкырып келатат, — деп суранышты.
24
Бирок Ыйса: — Мен Ысрайылдын жоголгон койлоруна гана жиберилгем, — деп жооп берди.
25
Тигил аял болсо Ыйсага жакын келип, чөк түшүп: — Таксыр, мага жардам кылсаңыз, — деп жалынды.
26
Ыйса: — Балдардын нанын алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес, — деди.
27
Аял: — Ооба, таксырым, бирок иттер деле кожоюндарынын дасторконунан түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи! — деди.
28
Ошондо Ыйса: — О, аял! Ишенимиң күчтүү экен, тилегиң кабыл болсун, — деди. Ошондо аялдын кызы дароо айыгып кетти.
29
Ыйса ал жактан чыгып, Галилея көлүнө барды да, тоого чыгып отурду.
30
Ошондо Ага аксак, чолок, сокур, дудук жана башка көптөгөн оорулууларды алып, көп эл келди да, аларды Анын алдына коюшту. Ыйса баарын сакайтты.
31
Дудуктарга тил кирип, майыптар айыгып, сокурлардын көзү көрүп калганын көрүп турган эл аң-таң болуп, Ысрайыл табынган Кудайды даңктады.
32
Ыйса шакирттерин чакырып алып: — Элге боорум ооруп атат. Үч күндөн бери жанымда, жегенге эч нерселери жок. Алар жолдо алсырап, жыгылып калбас үчүн Мен аларды ачка коё бергим келбей турат, — деди.
33
Шакирттери: — Бул ээн талаада ушунча элдин баарын тойгузуу үчүн нанды кайдан алабыз? — дешти.
34
Ыйса: — Канча наныңар бар? — деп сурады. Алар: — Жети нан дагы бир нече кичинекей балыгыбыз бар, — деп жооп беришти.
35
Ошондо Ыйса элди жерге олтургузгула деп буйруду да,
36
алиги жети нан менен балыктарды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты.
37
Баары жеп, тоюнушту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, жети себет толду.
38
Аялдар менен балдарды айтпаганда, жеген эркектердин эсеби төрт миңдей эле.
39
Ушундан соң, Ыйса элди коё берип, Өзү кайыкка түшүп, Магадан аймагына келди.
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 16 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28