bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Matthew 28
Matthew 28
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
1
Дем алыштын эртеси, таң азанда магдалалык Мариям менен дагы башка Мариям көрдү көргөнү келишти.
2
Аңгыча абдан катуу жер титирөө болду. Анткени Жараткан Эгенин периштеси асмандан түшүп, көрдүн оозундагы ташты жылдырып таштап, үстүнө отуруп алган болчу.
3
Ал күн нурундай жаркырап, кийими кардай аппак эле.
4
Сакчылар андан коркконунан калчылдап, өлүк кишилердей болуп, катып калышты.
5
Периште болсо аялдарга минтип сүйлөдү: — Силер коркпогула! Анткени айкаш жыгачка кадалган Ыйсаны издеп жүргөнүңөрдү билем.
6
Ал бул жерде жок, Өзү айткандай, тирилип кетти, келип, жаткан жайын карагыла!
7
Анан тез барып, шакирттерине: «Ыйса өлүмдөн кайра тирилип кетиптир, силерден мурда Галилеяга барат, Аны ошол жактан көрөсүңөр» дегиле. Силерге айтарым ушул!
8
Бир чети коркуп, бир чети аябай кубанган аялдар көрдөн шарт бурулуп, Ыйсанын шакирттерине кабарлаганы чуркап жөнөштү.
9
Аңгыча алардын алдынан Ыйса жолугуп: — Саламатсыңарбы, — деди. Аялдар жакындап келип, бутунан кучактап, Анын алдына жүзтөмөндөп жыгылышты.
10
Ыйса аялдарга: — Коркпогула, боордошторума барып айткыла, алар Галилея аймагына барышсын, Мени ошол жактан көрүшөт, — деди.
11
Аялдар жолдо баратышканда, сакчылардын айрымдары шаарга барып, жогорку динкызматчыларга болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып беришти.
12
Жогорку динкызматчылар эл башчылары менен жыйын өткөрүшүп, чечим кабыл алышты. Анан жоокерлерге көп акча берип:
13
— «Түндө, биз уктап калганыбызда, шакирттери келип, аны уурдап кетишти» дегиле.
14
Эгер муну губернатор угуп калса, анда анын көңүлүн биз жайгарабыз, силер болсо кам санабагыла, баарын өзүбүз бүтүрөбүз, — дешти.
15
Сакчылар болсо акчаны алып, тигилер айткандай кылышты. Ал эми бул жалган сөз иудейлердин арасында ушул күнгө чейин кеңири тарап, айтылып жүрөт.
16
Он бир шакирт болсо Ыйса «баргыла» деп буюрган Галилеядагы тоого келишти.
17
Ал жерден Ыйсаны көрүшүп, Анын алдына жүзтөмөндөп жыгылышты. Алардын кээ бири мунун чындык экенине ишене албай турушту.
18
Ыйса шакирттерине жакын келип, мындай деди: — Көктөгү да, жердеги да бийликтин баары Менин колума берилди.
19
null
20
Ошондуктан барып, бардык элдерди Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүрүп, Менин силерге буйругандарымдын баарын сактоого үйрөтүп, Мага шакирт кылгыла! Мына, Мен акыр заманга чейин, бардык убактарда, силер менен бирге болом.
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28