bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Matthew 16
Matthew 16
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 17 →
1
Фарисейлер менен садукейлер келип, Ыйсаны сынап, асмандан бир жышаан-белги көрсөтүшүн суранышты.
2
Ошондо Ыйса айтты: — Силер кечинде: «Күн кызарып батты, демек эртең аба-ырайы жакшы болот», — дейсиңер.
3
Эртең менен: «Бүгүн жаан-чачын болот, анткени асман кызарып турат», — дейсиңер. Асман кубулуштарын билесиңер да, ал эми заман өзгөртчү окуяларды билбейт экенсиңер.
4
Бузулган жана күнөөкөр муун кереметтүү жышаан көргүсү келет. Бирок Жунус пайгамбардын окуясындагы жышаандан башка жышаан ага көрсөтүлбөйт! Ыйса ушундай деди да, аларды калтырып, башка жакка кетип калды.
5
Шакирттер аркы өйүзгө барышты да, бирок нан алганды унутуп калышты.
6
Ыйса аларга айтты: — Абайлагыла, фарисей менен садукей ачыткысынан сак болгула.
7
Алар өз ара: «Биз нан албаганыбыз үчүн айтып жатат го», — дешти.
8
Ыйса муну билип, аларга: — Ай, ишеними аздар! Эмнеге өз ара нан ала келбептирбиз деп жатасыңар?
9
Кылгандарымды дале түшүнгөн жоксуңарбы? Өткөндү эстебейсиңерби? Беш нан беш миң кишиге жетип, артканын жыйнап алганыңарда канча себет болду эле?
10
Жети нан төрт миң кишиге жетип, арткандарын жыйнагандачы?
11
Фарисейлер менен садукейлердин ачыткысынан сак болгула дегенимде нан тууралуу айтпаганымды кандайча түшүнбөйсүңөр? — деди.
12
Ошондо шакирттер Ыйсанын ачыткыдан эмес, фарисейлер менен садукейлердин окутуусунан сак болууну айтканын түшүнүштү.
13
null
14
Ыйса Филип Кесария деген шаардын аймагына келгенде, шакирттерине мындай суроо берди: — Мени, Адам Уулун, эл ким деп эсептешет? Шакирттери: — Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, а кээси Жеремия же башка пайгамбарлардын бири деп жатышат, — дешти.
15
— А силерчи, — деди Ыйса аларга, — силер Мени ким деп эсептейсиңер?
16
Ошондо Ысман-Петир: — Сен Машаяксың, тирүү Кудайдын Уулусуң! — деп жооп берди.
17
Ыйса айтты: — Сен бактылуу адамсың, Баржунус уулу Ысман, анткени муну сага кан менен денеден турган пенде эмес, асмандагы Атам ачып берди.
18
Мен да сага айтам: сен Петирсиң, ушул аска таштын үстүнө Мен Өзүмдүн Жыйынымды курамын, аны өлүм да жеңе албайт.
19
Мен сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем, жер бетинде эмнеге тыюу салсаң, ал асманда да тыюу салынган болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат кылсаң, ал асманда да уруксат берилген нерсе болушу керек.
20
Ушундан соң, Ыйса шакирттерине: — Менин Машаяк экенимди эч кимге айтпагыла! — деп катуу эскертти.
21
Ушул убактан баштап Ыйса Иерусалимге барышы керектигин, андан эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери тарабынан көп азап чегип, өлтүрүлөрү, анан үчүнчү күн дегенде кайра тирилүүгө тийиш экендиги тууралуу айта баштады.
22
Петир Аны четке чакырып алып: — Кой, анын бетин ары кылсын, устатым, сени Кудай сактасын! — деп Ага каршы болуп кирди.
23
Ыйса Петирге бурулуп: — Жогол Менден, шайтан! Мага тоскоол болуп жатасың, себеби сен Кудайдын эмес, пенденин оюн ойлоп жатасың! — деди.
24
Анан шакирттерине мындай деди: — Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын да, өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанын берүүгө даяр болуп, артыман түшсүн!
25
Анткени ким өз жанын сактайм десе, аны жоготот, ал эми ким жанын Мен үчүн берсе, ал ага кайрадан ээ болот.
26
Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанын жоготкондон адамга не пайда? Же кандай баа менен адам баласы жанын сактап кала алат?
27
Анткени Адам Уулу Атасынын кудурети менен периштелеринин коштоосунда көктөн келет да, кылган иштерине жараша ар кимге тиешелүү шыбагасын берет.
28
Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул жерде тургандардын кээ бирлери Адам Уулунун Падыша болуп келгенин көргөнгө чейин көз жумбайт.
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 17 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28