bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Matthew 17
Matthew 17
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 18 →
1
Ушундан алты күн өткөндө, Ыйса Петирди жана бир туугандар Жакып менен Жаканды башкалардан бөлүп алып, бир бийик тоого алып чыкты.
2
Алардын алдында Ыйсанын кебетеси өзгөрүп, бети күндөй нурланып, кийимдери болсо аппак болуп, жаркырап кетти.
3
Аңгыча Муса менен Илияс пайда болуп, Ыйса менен маек курушту.
4
Ошондо Петир мындай деди: — Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы! Кел, үч алачык тигели: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска.
5
Петир сөзүн аяктай электе бир аппак, жаркыраган булут аларга көлөкөсүн түшүрүп, ошол булуттан үн чыкты: — Бул Менин сүйүктүү Уулум Ыйса. Мен Ага ыраазымын. Аны уккула!
6
Муну уккан шакирттердин үрөйү учуп, жерге кулап түшүштү.
7
Ошондо Ыйса келип, аларга колун тийгизди да: — Коркпогула, өйдө тургула! — деди.
8
Шакирттер өйдө карап, жалгыз Ыйсадан башка эч кимди көрө алышпады.
9
Тоодон түшүп келатышканда, Ыйса аларга: — Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин бул көрүнүш тууралуу эч кимге ооз ачпагыла! — деп буйруду.
10
Ошондо шакирттери: — Эмне үчүн дин мугалимдери «Машаяк келерден мурун Илияс келиши керек» дешет? — деп сурашты.
11
Ыйса: — Туура, алды менен Илияс келип, баарын ордуна келтирет.
12
Силерге айтып коёюн: Илияс келди, бирок аны тааныбай, ага өз каалагандарын кылышты. Эми Адам Уулу да алардын колунан азап чекмекчи, — деп жооп берди.
13
Ошондо шакирттери анын Жакыя чөмүлдүрүүчү тууралуу айтып жатканын түшүнүштү.
14
Ыйса шакирттери менен чогулган элге басып келгенде, бир киши Ыйсанын алдына чөгөлөй калып:
15
— Устат, менин балама боорукерлик кыла көр, анын талмасы бар, ошондон азап чегип, кыйналууда. Далай ирет от менен сууга боюн таштады.
16
Шакирттериңиздин алдына алып бардым эле, айыктыра алышпады, — деди.
17
Ошондо Ыйса: — Эй, ишеними жок, бузулган эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери! — деди.
18
Баланы алып келишкенде, Ыйса буйрук берип, баладан жинди кууп чыкты. Ошол замат ал айыгып кетти.
19
Ошондо шакирттери Ыйсадан өзүнчө: — Эмне үчүн биз аны кубалап чыга албадык? — деп сурашты.
20
null
21
— Ишенимиңердин аздыгынан, — деп жооп берди Ыйса аларга. — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: сары кычынын данындай кипкиченекей ишенимиңер болсо, мына бул тоого: «Бул жактан тигил жакка которул!» — десеңер, которулат. Силердин колуңардан келбеген нерсе болбойт.
22
Шакирттери менен Галилеяда бир жерде болушканда, Ыйса аларга айтты: — Адам Уулу кишилердин колуна түшөт,
23
Аны өлтүрүшөт, анан үчүнчү күнү Ал кайра тирилет. Муну укканда, шакирттери абдан кайгырышты.
24
Ыйса шакирттери менен Капарноомго барганда, ийбадатканага төлөнүүчү салыкты жыйноочулар Петирге келип: — Устатыңар салыкты төлөмөк беле? — дешти.
25
Петир: — Төлөйт, — деди. Петир үйгө кирип, сүйлөйүн дегенде, Ыйса озунуп: — Сен кандай дейсиң, Ысман, жердеги падышалар салык менен жылдык төлөмдү кимдерден алышат? Өз элиненби же башкаларданбы? — деген суроону узатты.
26
Петир: — Башкалардан, — дегенде, Ыйса: — Анда өз эли — салыктан эркин.
27
Бирок аларды нааразы кылбоо үчүн деңизге барып, кайырмак сал да, биринчи түшкөн балыкты алып, оозун ачсаң, бир тыйын бар, ошону алып, экөөбүз үчүн берип кой, — деди.
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28