bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Esther 2
Esther 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 3 →
1
Акашбейрош падышанын ачуусу тарагандан кийин, Башти тууралуу, анын эмне кылганы тууралуу, ага кандай токтом чыгарылганы тууралуу эстеди.
2
Падышага кызмат кылган кеңешчилери мындай дешти: «Падышага сулуу, жаш кыздарды таап келишсе кандай болот.
3
Падыша өзүнүн бардык дубандарына кишилерди дайындаса, алар сулуу, жаш кыздарды чогултуп, борбор шаар Шушандагы аялдарды кайтарган, падышанын эбнуху Эйгенин көзөмөлүндөгү үйгө алып келишсе, аларга майлоочу заттарды беришсе,
4
анан падышага жаккан кыз Баштинин ордуна ханыша болуп калса кандай болот». Падыша бул сөздү жактырып, так ошондой кылды.
5
Борбор шаар Шушанда Бенжемин уруусунан Мордохай деген жүйүт бар эле. Ал – Жайырдын уулу, Жайыр – Шемейдин уулу, Шемей – Киштин уулу.
6
Ал Бабыл падышасы Небухаданасар туткундап кеткен Жүйүт падышасы Жайахин менен бирге Иерусалимден туткундалып келген.
7
Ал агасынын кызы Адасаны (Эстерди) тарбиялап өстүргөн, анткени кыздын атасы да, энеси да жок болчу. Ал келбети келишкен, сулуу кыз эле. Атасы менен энеси көз жумгандан кийин, кызды Мордохай асырап алган.
8
Падышанын буйругу менен токтому жарыялангандан кийин, борбор шаар Шушанга көптөгөн кыздар чогултулуп, Эйгенин көзөмөлүнө тапшырылганда, Эстер да падыша үйүнө, падыша аялдарын кайтарган Эйгенин көзөмөлүнө алынган.
9
Бул кыз Эйгеге жагып, андан ырайым тапты. Ошондо Эйге майлоочу заттарды жана ага арналган нерселердин баарын бергенче, ошондой эле падыша үйүндөгү кыздардан анын жанында болууга татыктуу болгон жети кызды койгончо шашты. Аны жана анын жанындагы кыздарды аялдар турган үйдүн эң жакшы бөлмөсүнө жайгаштырды.
10
Эстер өз эли жөнүндө, өз теги жөнүндө эч нерсе айткан жок, анткени Мордохай айтпа деп үйрөткөн.
11
Мордохай Эстердин ден соолугун, аны эмне кылып жатышканын билиш үчүн, ар күнү аялдар турган үйдүн короосуна келип турду.
12
Ар бир кыздын Акашбейрош падышага кирүү маалы келгенге чейин, аларды майлоочу заттар менен, башкача айтканда, алты ай мирра менен, алты ай жыпар жыттуу заттар менен, аялдардын ар кандай майлары менен майлашчу. Он эки айдын ичинде аялдарга белгиленген шарттын бардыгы аткарылып бүткөндөн кийин гана кыз падышанын үйүнө кирчү.
13
Аялдар үйүнөн падыша үйүнө кириш үчүн, кыз эмнени талап кылса, ага ошонун бардыгын беришчү.
14
Кыз кечинде кирип, эртең менен аялдарга даярдалган бөлөк үйгө, күң аялдарды кайтарган падышанын эбнуху Шаашхаздын көзөмөлүнө кайтып келчү. Андан кийин падыша өзү кааламайынча, аты аталып чакырылмайынча, ал падышага кирчү эмес.
15
Мордохай асырап алган, агасы Абыгайылдын кызы Эстердин падышага кирер маалы келгенде, ал падыша аялдарын кайтарган падышанын эбнуху Эйгенин айтканынан башка эч нерсе сураган жок. Эстерди көргөндөрдүн баары жактырып калышты.
16
Ошентип, Эстер Акашбейрош падышанын падыша үйүнө анын падышачылыгынын жетинчи жылынын онунчу айында, башкача айтканда, Тебейт айында алынды.
17
Падыша Эстерди бардык аялдарынан жакшы көрүп калды. Ал падышага башка кыздарга караганда көбүрөөк жагып, андан ырайым тапты. Падыша анын башына ханышалык таажы кийгизип, Баштинин ордуна ханыша кылды.
18
Анан падыша Эстер үчүн өзүнүн бардык төрөлөрү менен кызматчыларына чоң той берди. Падыша бардык дубандарга жеңилдик берип, берешендик менен белек таратты.
19
Кыздарды экинчи жолу чогултушканда, Мордохай падыша дарбазасынын алдында отурган.
20
Мордохай үйрөткөндөй, Эстер өз эли, өз теги жөнүндө айта элек болчу. Эстер Мордохайдын айткан сөзүн анын колунда тарбияланып жаткан кездегисиндей эле, азыр да так аткарды.
21
Мордохай падыша дарбазасынын алдында отурганда, босого кайтарган падышанын эки эбнуху Биктан менен Тереш падышага кыжырланып, Акашбейрош падышаны өлтүрүүнү ойлошту.
22
Аны Мордохай билип калып, Эстерге кабарлап койду, Эстер болсо аны Мордохайдын атынан падышага айтты.
23
Бул иш изилденип, чын болуп чыкты. Ошондо экөөнү тең даракка асып ташташты. Мордохайдын кылган жакшылыгы жөнүндө падышанын күндөлүк жазуу китебине жазылып калды.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10