bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Esther 4
Esther 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 5 →
1
Мордохай болгон иштин бардыгын билгенде, кийимдерин айрып, зумбал кийип, башына күл сээп, шаардын ортосуна чыгып, боздоп ыйлап,
2
падыша дарбазасынын алдына келди, анткени зумбалчан кишини падышанын дарбазасы аркылуу өткөрүшчү эмес.
3
Ошондой эле бардык дубандарда, падышанын буйругу менен токтому жеткен жердин бардыгында жүйүттөр орозо кармап, боздоп ыйлап, кайгырып жатышты. Зумбал менен күл көбүнө төшөк болду.
4
Эстердин кызматчы кыздары менен эбнухтары келип, болгон ишти айтып беришти, ошондо ханыша аябай коркуп кетти. Анан ал Мордохайга зумбалды чечип, башка кийим кийсин деп, кийим берип жиберди, бирок ал аны албай койду.
5
Ошондо Эстер Атахты чакырып алды. Падыша аны эбнухтардын ичинен Эстерге кызмат кылууга бөлүп койгон. Эстер Мордохайга эмне болгонун, эмне үчүн ушинтип жатканын билиш үчүн, Атахты ага жөнөттү.
6
Атах падыша дарбазасынын алдындагы шаар аянтында турган Мордохайга барды.
7
Мордохай ага эмне болгонунун баарын айтып берди, Амандын жүйүт элин кырыш үчүн, падышанын казынасына тартып берем деп убада кылган күмүшүнүн салмагын да айтты.
8
Анан ал жүйүт элин кыруу тууралуу Шушандагы элге жарыяланган буйруктун көчүрмөсүн Эстерге көрсөтүш үчүн, ага баарын билдириш үчүн, ал падышага барып, андан ырайым сурап, өз эли үчүн өтүнүшү үчүн, аны Атахтын колуна тапшырды.
9
Атах келип, Мордохайдын сөзүн Эстерге айтып берди.
10
Эстер Атахты Мордохайга мындай деп айттыруу үчүн кайра жөнөттү:
11
«Эркек болобу, аял болобу, ким падыша сарайында отурган падышага чакыртылбай кирсе, ал өлүм жазасына тартыларын падышанын карамагындагы бардык кызматчылар да, падышанын дубандарындагы эл да билишет. Падыша алтындан жасалган падыша таягын кимге сунса, ошол гана аман калат. Менин падышага чакыртылбаганыма отуз күндүн жүзү болду».
12
Эстердин сөзүн Мордохайга айтып беришти.
13
Мордохай Эстерге мындай жооп айтты: «Жүйүттөрдүн ичинен жалгыз өзүң падышанын үйүндө аман калам деп ойлобо.
14
Эгерде сен азыр унчукпай койсоң, анда жүйүт элине эркиндик менен куткарылуу башка жактан келет, бирок сен атаңдын тукуму менен кошо өлөсүң. Ким билет, балким, сен ханышалык даражага мына ушундай мезгил үчүн жеткендирсиң?»
15
Ошондо Эстер Мордохайга мындай жооп жөнөттү:
16
«Бар, Шушандагы бардык жүйүттөрдү чогулт. Мен үчүн орозо кармагыла, үч күн күнү-түнү менен эч нерсе жебегиле да ичпегиле. Мен өзүм да кызматчы кыздарым менен орозо кармайм, андан соң мыйзамга каршы келсе да, падышага барам. Өлсөм, өлөйүн».
17
Мордохай жөнөп кетти. Эстер кандай буйруса, ал так ошондой кылды.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10