bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Esther 5
Esther 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 6 →
1
Yчүнчү күнү Эстер ханыша кийимин кийип, падыша сарайынын ички короосуна келди. Падыша ошол учурда падыша сарайында, өз тактысында, эшиктин тушунда отурган. Падыша кире бериште турган Эстер ханышаны көрдү. Ошондо Эстер падышадан ырайым тапты.
2
Падыша колундагы алтындан жасалган падыша таягын Эстерге сунду, ошондо Эстер жанына келип, таяктын учуна колун тийгизди.
3
Падыша ага: «Эстер ханыша, сага эмне керек? Кандай өтүнүчүң бар? Ал турсун, сага жарым падышачылык да берилет», – деди.
4
Эстер: «Эгерде падыша туура көрсө, бүгүн Аман менен тойго келсин, мен падыша үчүн той даярдадым», – деди.
5
Падыша: «Эстердин сөзүн аткарыш үчүн, тезирээк Аманды алып келгиле», – деди. Ошентип, Эстер даярдаган тойго падыша Аман менен келди.
6
Шарап ичилип жатканда, падыша Эстерге: «Эмне каалайсың? Сенин каалаганың канааттандырылат. Кандай өтүнүчүң бар? Жарым падышачылыкты сурасаң да, берем», – деди.
7
Ошондо Эстер падышага мындай деди: «Менин каалаганым жана өтүнүчүм мындай:
8
эгерде мен падышанын алдында ырайым тапсам, эгерде падыша каалаганымды канагаттандыргысы келсе, өтүнүчүмдү аткаргысы келсе, анда мен алар үчүн даярдай турган тойго падыша Аман менен эртең да келсин, падышанын сөзүн мен эртең аткарам».
9
Ошол күнү Аман падышанын үйүнөн өзүн бактылуу сезип, көңүлдүү чыкты. Бирок Аман падышанын дарбазасынын алдында отурган Мордохайды көргөндө, абдан кыжыры келди, анткени ал ордунан турмак түгүл, козголуп да койгон жок.
10
Бирок Аман өзүн өзү кармады. Үйүнө келгенде, достору менен аялы Зерешти чакыртты.
11
Аман аларга өзүнүн сан жеткис байлыгы жөнүндө, уулдарынын көптүгү жөнүндө, падыша зоболосун көтөргөндүгү жөнүндө, кызматчылары менен төрөлөрүнөн канчалык жогору көтөргөндүгү жөнүндө айтып берди.
12
Ал дагы мындай деди: «Ханыша Эстер да өзү даярдаган тойго менден бөлөк эч кимди падышага кошуп чакырбаптыр. Эртең да мен падыша менен аныкына чакырылдым.
13
Бирок мен падышанын дарбазасынын алдынан жүйүт Мордохайдын отурганын көрүп турганда, ушунун баарына ыраазы эмесмин».
14
Ошондо аялы Зереш жана келген бардык достору ага: «Бийиктиги элүү чыканакка жеткен жыгач мамы даярдашсын, эртең менен эрте падышага айт, Мордохайды ошого астырып салсын, андан соң падыша менен тойго көңүлдүү бара бер», – дешти. Бул сөз Аманга абдан жагып, жыгач мамы даярдап койду.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10