bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Esther 9
Esther 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 10 →
1
Он экинчи айда, башкача айтканда, Адар айынын он үчүнчү күнү – падышанын буйругу менен токтому орундалар убак келгенде, жүйүттөргө душмандары үстөмдүк кылабыз деп турган күнү бардыгы тескерисинче болду, жүйүттөр душмандарына бийлик кылып калышты.
2
Ошол күнү Акашбейрош падышанын бардык дубандарындагы жүйүттөр жамандык каалаган душмандарына кол салыш үчүн, өз шаарларына топтолуп жатышты. Алардын алдында эч ким туруштук бере алган жок, анткени алардан бардык элдердин үрөйү учуп калган эле.
3
Дубандардагы төрөлөр, бийлөөчү төбөлдөр, дубан башчылар, падышанын иштерин аткаруучу кызматчылар жүйүттөрдү колдоп кетишти, анткени алар Мордохайдан коркуп калышкан эле.
4
Анткени Мордохай падыша сарайында чоң кызматчы болчу. Анын кадыр-баркы көтөрүлгөндөн көтөрүлүп, атагы бүт дубандарга тарап жаткан.
5
Жүйүттөр бардык душмандарын кылычтап кырып, жок кылып жатышты, аларды өз билгендериндей кылып жатышты.
6
Жүйүттөр борбор шаар Шушанда беш жүз кишини кырышты.
7
Алар Паршандатты, Далпону, Аспатты,
8
Поратты, Адалияны, Аридатты,
9
Пармаштаны, Арисайды, Аридайды, Байзатты –
10
жүйүттөрдүн душманы Амадат уулу Амандын аталган он баласын өлтүрүп салышты, бирок мал-мүлктөрүнө тийишкен жок.
11
Ошол эле күнү борбор шаар Шушандагы өлтүрүлгөндөрдүн санын падышага жеткиришти.
12
Ошондо падыша Эстер ханышага мындай деди: «Жүйүттөр борбор шаар Шушанда беш жүз кишини, Амандын он баласын өлтүрүштү. Алар падышанын калган дубандарында эмне кылышты экен? Эмнени каалайсың? Каалаганың канагаттандырылат. Дагы кандай өтүнүчүң бар? Ал өтүнүчүң да аткарылат».
13
Эстер: «Эгер падыша туура көрсө, Шушанда жашаган жүйүттөргө бүгүнкү кылгандарын эртең да кылууга, Амандын он уулун жыгач мамыга асып салууга уруксат берсин», – деди.
14
Падыша ошондой кылууга буйрук берди, ал буйрук Шушанда берилди, Амандын он уулун асып салышты.
15
Шушандагы жүйүттөр Адар айынын он төртүнчү күнү да чогулуп келип, Шушанда үч жүз кишини өлтүрүштү, бирок мал-мүлктөрүнө тийишкен жок.
16
Падышанын башка дубандарында жашаган жүйүттөр да өз өмүрлөрүн коргош үчүн, душмандарынан коопсуз болуш үчүн чогулушуп, душмандарынан жетимиш беш миң адамды кырып салышты, бирок алардын мал-мүлктөрүнө тийишкен жок.
17
Бул Адар айынын он үчүнчү күнү болду, ошол эле айдын он төртүнчү күнү алар тынчып, ал күндү көңүлдүү, кубанычтуу майрам катары кабыл алышты.
18
Шушандагы жүйүттөр он үчүнчү күнү да, он төртүнчү күнү да чогулушуп, он бешинчи күнү гана тынчып, ал күндү алар кубанычтуу майрам катары өткөрүштү.
19
Ошондуктан айыл-кыштактарда жашаган жүйүттөр Адар айынын он төртүнчү күнүн майрам күн катары белгилеп, бири-бирине белектерди жиберип, салтанат менен өткөрүшөт.
20
Мордохай бул окуяларды жазып, Акашбейрош падышанын алыскы жана жакынкы дубандарында жашаган бардык жүйүттөргө кат аркылуу жөнөттү.
21
Ал катта «Жүйүттөр жыл сайын Адар айынын он төртүнчү жана он бешинчи күнүн майрамдашсын» деген буйрук жазылган.
22
«Бул күндөрдү жүйүттөр душмандарынан коопсуз болуп, тынч жашаган күндөр катары, бул айды болсо кайгысы шаттыкка айланган, муңу майрамга айланган ай катары, бири-бирине белек берип, жардыларга кайыр берүүчү кубанычтуу, көңүл ачуучу майрам катары майрамдашсын».
23
Жүйүттөр Мордохайдын жазган каты боюнча майрам өткөрө башташты, өздөрү да буга чейин майрамдап жатышкан эле.
24
Ал катта жүйүттөрдүн душманы агактык Амадат уулу Амандын жүйүттөрдү жок кылууну ойлоп, өкчөмө таш ыргытканы,
25
Эстердин падышага киргени, падышанын жаңы буйругу боюнча Амандын жүйүттөргө каршы ойлогон жаман ниети өз башына тийгени, өзүн да, уулдарын да жыгач мамыга асып салышканы жөнүндө жазылган эле.
26
Ошондуктан бул күндөрдү “пур” деген сөздөн Пурим деп аташты. Болгон иштерди өздөрү көрүп, өздөрүнүн башынан өткөргөндүктөн, бул каттагы бардык сөздөргө макул болушту.
27
Жазылган кат боюнча алар мындай токтом кабыл алышты: жүйүттөр ушул эки күндү жыл сайын, өз убагында балдары менен бирге, өздөрүнө кошулган эл менен бирге үзгүлтүксүз майрамдашсын;
28
бул күндөрдү ар бир уруу, ар бир дубан, ар бир шаар укумдан-тукумга, жыл сайын майрамдасын. Бул Пурим күндөрүн жүйүттөр алып салышпасын, бул күндөр алардын укум-тукумунун эсинен чыкпасын.
29
Абыгайыл кызы Эстер ханыша менен жүйүт Мордохай Пурим тууралуу жазылган жаңы каттагы буйрук аткарылсын деп, катуу талап менен дагы бир кат жазышты.
30
Тынчтык жана чындык сөздөрү жазылган ал каттарды бардык жүйүттөргө, Акашбейрош падышанын жүз жыйырма жети дубанына жөнөтүштү.
31
Ал каттарда жүйүт Мордохай менен Эстер ханыша алар үчүн белгилеген Пурим күндөрүн өз убагында өткөрүп туруу жөнүндө, орозо кармап, боздоп ыйлаган күндөрдү эстеринен чыгарбаш үчүн, өздөрү да, балдары да бул күндөрдү майрам катары өткөрүшү керектиги жөнүндө жазылган.
32
Пурим тууралуу жазылган ушул катты Эстер ушундай буйрук менен бекитти, ал буйрук китепке жазылды.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10