bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Esther 6
Esther 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 7 →
1
Ошол түнү Теңир падышанын уйкусун алды. Ошондо падыша күндөлүк иштер жазылган тарых китебин алып келүүнү буйруду. Китепти падыша алдында окушту.
2
Ал китептен Мордохайдын босого кайтарган падышанын эки эбнуху Биктан менен Терештин Акашбейрош падышаны өлтүрүүнү ойлогонун кабарлаганы тууралуу окушту.
3
Ошондо падыша: «Бул үчүн Мордохайга кандай урмат-сый көрсөтүлдү эле?» – деп сурады. Падышанын кызматчылары: «Эч кандай сый көрсөтүлгөн эмес», – деп жооп беришти.
4
Падыша: «Босогодо турган ким?» – деп сурады. Ошондо Аман өзү даярдаган жыгач мамыга Мордохайды астырыш үчүн, падыша менен сүйлөшүүгө падыша сарайынын кире беришиндеги бөлмөгө келген эле.
5
Кызматчылар падышага: «Кире бериште Аман турат», – деп айтышты. Падыша: «Кирсин», – деди.
6
Аман кирди. Падыша ага: «Падыша урмат-сый көрсөткүсү келген адамга эмне кылыш керек?» – деди. Аман ичинен: «Падыша менден башка кимге урмат көрсөтмөк эле?» – деп ойлоду.
7
Аман падышага мындай деди: «Падыша урмат көрсөткүсү келген адамга мындай кылыш керек:
8
ага падыша кийчү кийимди алып келишсин, алдына падыша минип жүргөн атты тартышсын, башына падыша таажысын кийгизишсин.
9
Ал кийимдерди, атты падышанын атактуу төрөлөрүнүн бирине берсин, ал төрө падыша урмат көрсөткүсү келген адамга ошол кийимди кийгизип, аны ошол атка мингизип, атты жетелеп, шаар аянтына алып чыгып, анын алдында: “Падыша урмат-сый көрсөткүсү келген адамга ушундай кылынат!” – деп жар салсын».
10
Ошондо падыша Аманга: «Өзүң айткан кийим менен атты тезинен алып, падыша дарбазасынын алдында отурган жүйүт Мордохайга ошондой кыл, өзүң айткандын баарын жаса, эч нерсе калтырба», – деди.
11
Аман кийим менен атты алып, кийимди Мордохайга кийгизип, атын жетелеп, шаар аянтына алып чыкты да, анын алдында: «Падыша урмат көрсөткүсү келген адамга ушундай кылынат!» – деп жар салды.
12
Андан кийин Мордохай падыша дарбазасына кайтып келди. Аман капаланган, башын жапкан бойдон үйүнө шашып жөнөдү.
13
Эмне болгонунун баарын Аман аялы Зерешке жана досторуна айтып берди. Акылмандары менен аялы Зереш ага: «Сен Мордохайдын айынан кулай баштадың, ал жүйүттөрдүн тукумунан чыкса, анда ага күчүң жетпейт, анын алдында кулап калат окшойсуң», – дешти.
14
Алар Аман менен сүйлөшүп бүтө электе эле, падышанын эбнухтары келип, аны Эстер даярдаган тойго шаштырышты.
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10