bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
John 10
John 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 11 →
1
Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким кой короого эшиктен кирбей, башка жагынан кирсе, ал – ууру жана каракчы.
2
Ал эми ким эшиктен кирсе, ал – койчу.
3
Кароолчу ага эшикти ачып берет. Койлор анын үнүн угушат, ал өзүнүн койлорун атынан чакырат, аларды тышка чыгарат.
4
Ал өзүнүн койлорун тышка чыгаргандан кийин, алардын алдында басат, ал эми койлору анын артынан ээрчишет, анткени алар анын үнүн таанышат.
5
Чоочун кишини ээрчишпейт, андан качышат, анткени анын үнүн таанышпайт».
6
Ыйса айтып берген бул үлгү-насаат аңгеменин маанисин алар түшүнүшкөн жок.
7
Ошондо Ыйса аларга дагы мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен койлор кире турган эшикмин.
8
Менден мурун келгендердин баары – ууру жана каракчы. Бирок койлор аларды угушкан жок.
9
Мен эшикмин. Ким Мен аркылуу кирсе, ал куткарылат. Кирет, чыгат жана жайыт табат.
10
Ууру уурдоо, өлтүрүү жана жок кылуу үчүн гана келет. Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим.
11
Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы кайтаруучу койлору үчүн өз жанын берет.
12
Жалчы болсо койчу эмес, анткени койлор аныкы эмес. Ал карышкырдын келе жатканын көргөндө, койлорду таштай качат. Карышкыр койлорго тийип, аларды туш тарапка чачыратат.
13
Жалчы болсо качып кетет, анткени ал – жалчы, койлорго кайдыгер мамиле кылат.
14
Мен жакшы Кайтаруучумун. Мен Өзүмдүн койлорумду билем,
15
Атам Мени, Мен Атамды билгендей эле, койлорум да Мени билет. Койлорум үчүн Мен Өз жанымды берем.
16
Менин бул короодогу койлордон башка да койлорум бар. Мен аларды да алып келүүм керек. Алар да Менин үнүмдү угушат, ошондо бир короо кой, бир койчу болот.
17
Мен Өз жанымды беремин, ошон үчүн Атам Мени жакшы көрөт. Мен Өз жанымды кайра алуу үчүн беремин.
18
Менден аны эч ким тартып албайт, Мен аны Өзүм берем. Аны берүүгө жана кайра алууга бийлигим бар. Бул осуятты Мен Атамдан алгам».
19
Ушул сөздөн улам жүйүттөрдүн ортосунда талаш чыкты.
20
Алардын көпчүлүгү: «Анын ичинде жин бар, акылы ордунда эмес, Аны эмнеге угуп жатасыңар?» – дешти.
21
Кээ бирөөлөрү: «Бул жин тийген адамдын сөзү эмес! Жин сокурлардын көзүн ача алмак беле?» – дешти.
22
Ошол убакта Иерусалимде ийбадаткананы ыйыктоо майрамы болуп жаткан. Кыш мезгили эле.
23
Ыйса ийбадаткананын чыгыш тарабындагы Сулайман үйүнүн кире беришинде басып жүргөндө,
24
жүйүттөр Аны курчап алып: «Качанкыга чейин башыбызды маң кыласың? Машайак болсоң, айтпайсыңбы ачыгын!» – дешти.
25
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мен силерге айттым, бирок силер ишенбей жатасыңар. Атамдын атынан кылып жаткан иштерим Мен жөнүндө күбөлөндүрүп жатпайбы.
26
Бирок силер ишенбей жатасыңар, анткени Менин койлорум эмессиңер. Мен муну силерге айткам.
27
Менин койлорум Менин үнүмдү угушат. Мен аларды тааныйм, алар Мени ээрчишет.
28
Мен аларга түбөлүк өмүр берем, алар эч качан өлүшпөйт. Аларды Менин колумдан эч ким тартып ала албайт.
29
Аларды Мага берген Атам баарынан чоң. Аларды Атамдын колунан эч ким тартып ала албайт.
30
Мен жана Атам бирбиз».
31
Ошондо Аны таш бараңга алуу үчүн, жүйүттөр бул жолу да жерден таш алышты.
32
Ыйса аларга: «Мен силердин көз алдыңарда Атамдын атынан көп жакшы иштерди кылдым. Алардын кайсынысы үчүн Мени таш бараңга алгыңар келип жатат?» – деди.
33
Жүйүттөр Ага: «Жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайга акарат келтиргендигиң үчүн, адам болуп туруп, Өзүңдү Кудай кылып жаткандыгың үчүн, таш бараңга алганы жатабыз», – деп жооп беришти.
34
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мыйзамыңарда: Мен силерге: “Силер кудайларсыңар”, – дедим», – деп жазылган эмеспи?
35
Кудайдын Сөзү кимдерге берилсе, ошолорду Ал кудайлар деп атап жатса (Ыйык Жазуу Өз күчүн жоготпойт),
36
Атам тарабынан дайындалып, бул дүйнөгө жиберилген Мен: “Кудайдын Уулумун”, – дегеним үчүн, “Кудайга акарат келтирип жатасың”, – дейсиңерби?
37
Эгерде Мен Атамдын иштерин кылбай жатсам, анда Мага ишенбей эле койгула.
38
Эгерде кылып жатсам, Мага ишенбесеңер да, кылган иштериме ишенгиле. Ошондо Атанын Менин ичимде, Мен Атанын ичинде экенимди билип, ишенип каласыңар».
39
Ошондо алар Ыйсаны кайрадан кармап алмакчы болушту, бирок Ал карматкан жок.
40
Ыйса кайрадан Иордан дарыясынын наркы өйүзүнө – мурун Жакан элди сууга чөмүлдүрүп жүргөн жерге барып, ошол жерде калып калды.
41
Ага көп адамдар келишип: «Жакан эч кандай керемет көрсөткөн эмес, бирок анын бул Адам жөнүндө айткандарынын баары чындык экен», – дешти.
42
Ошентип, ал жерден Ага көптөгөн адамдар ишенип калышты.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21