bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
John 15
John 15
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 16 →
1
Мен чыныгы жүзүм Сабагымын, Атам болсо – Жүзүмчү.
2
Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш берип жаткан ар бир бутакты дагы көбүрөөк жемиш берсин деп тазалайт.
3
Силер Менин сөзүм аркылуу тазартылдыңар.
4
Менин ичимде болгула, ошондо Мен силердин ичиңерде болом. Сабактан ажыраган бутак жемиш бере албайт. Ошол сыяктуу эле силер да Менин ичимде болбосоңор, жемиш бере албайсыңар.
5
Мен Сабакмын, силер болсо бутактарсыңар. Ким Менин ичимде болсо, Мен анын ичинде болсом, ал көп жемиш берет. Анткени силер Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар.
6
Ким Менин ичимде болбосо, ал бутак сыяктуу сыртка ыргытылат да куурап калат. Андай бутактарды чогултуп, отко ыргытышат, алар күйүп кетет.
7
Эгерде Менин ичимде болсоңор, Менин сөздөрүм силердин ичиңерде болсо, эмне кааласаңар да сурагыла, силерге берилет.
8
Эгерде силер көп жемиш берсеңер, Атам даңкталат, Менин шакирттерим болосуңар.
9
Атам Мени кандай сүйсө, Мен силерди ошондой сүйөм. Силерде Менин сүйүүм болсун.
10
Мен Атамдын осуяттарын аткаргандыктан, Менде Анын сүйүүсү бар. Ошол сыяктуу эле Менин осуяттарымды аткарсаңар, силерде Менин сүйүүм болот.
11
Силерде Менин кубанычым болсун деп, силерде толук кубаныч болсун деп, Мен силерге ушул сөздөрдү айттым.
12
Менин осуятым бул: бири-бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө.
13
Достору үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок.
14
Эгерде силер Менин айткан сөздөрүмдү аткарсаңар, Менин досторумсуңар.
15
Мындан ары силерди кул дебейм, анткени кул өз кожоюнунун эмне кылып жатканын билбейт. Мен силерди досторум дедим, анткени силерге Атамдан уккандарымдын баарын айтып бердим.
16
Силер Мени тандаган жоксуңар, Мен силерди тандап алдым. Барып, жемиш берсин деп, жемишиңер туруктуу болсун деп, силерди дайындадым. Ошондо Атамдан Менин ысымым урматына эмне сурасаңар да, Ал силерге берет.
17
Силерге бере турган осуятым бул: бири-бириңерди сүйгүлө.
18
Эгерде бул дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун Мени жек көргөнүн билгиле.
19
Эгерде силер бул дүйнөнүкү болсоңор, анда дүйнө өзүнүкүн сүймөк. Силер бул дүйнөнүкү эмессиңер, Мен силерди бул дүйнөдөн тандап алдым, ошондуктан бул дүйнө силерди жек көрөт.
20
“Кул өз кожоюнунан жогору эмес” деген сөзүм эсиңерде болсун. Эгерде Мени кубалашкан болсо, силерди да кубалашат. Эгерде Менин сөзүмдү угушкан болсо, силерди да угушат.
21
Мунун баарын силерге Менин ысымым үчүн кылышат, анткени Мени жиберген Кудайды билишпейт.
22
Эгерде Мен келбесем, аларга айтпасам, аларда күнөө жок болмок. Азыр болсо алардын күнөөлөрү үчүн кечирим жок.
23
Ким Мени жек көрсө, ал Атамды да жек көрөт.
24
Эгерде Мен аларга Менден башка эч ким кылбаган иштерди көрсөтпөгөн болсом, аларда күнөө жок болмок. Алар көрүштү, бирок Мени да, Атамды да жек көрүшөт.
25
Алардын мыйзамындагы “Мени себепсиз эле жек көрүшөт” деген сөз аткарылышы үчүн ушундай болду.
26
Мен силерге Сооротуучуну жиберем. Атамдан чыгып келе турган Ал чындык Руху келгенде, силерге Мен жөнүндө күбөлөндүрөт.
27
Силер да күбөлөндүрөсүңөр, анткени башынан бери Менин жанымда болдуңар.
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 16 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21