bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
John 20
John 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 21 →
1
Жуманын биринчи күнү эртең менен эрте, жарык кире электе магдалалык Мариям мүрзөгө келип, анын оозундагы таштын жылдырылып калганын көрдү.
2
Ошондо ал Шымон Петирге жана Ыйсанын сүйгөн шакиртине жүгүрүп барып: «Теңирибизди мүрзөдөн алып кетишиптир! Аны кайсы жерге коюшканын билбейбиз», – деди.
3
Петир менен ошол шакирт дароо мүрзөгө бет алышты.
4
Экөө тең чуркап бара жатышты. Тиги шакирт Петирге караганда батыраак чуркап, мүрзөгө биринчи жетти.
5
Ал мүрзөнүн ичин эңкейип карап, кепинди көрдү, бирок мүрзөгө кирген жок.
6
Анын артынан Шымон Петир жетип келип, мүрзөгө кирди.
7
Ал кепинди жана Ыйсанын башын орогон орогучту гана көрдү, бирок орогуч кепин менен бирге эмес, оролуу боюнча бөлөк жаткан эле.
8
Анан биринчи келген шакирт да мүрзөгө кирди. Ал көрүп, ишенди.
9
Анткени алар Ыйсанын тирилиши керектиги жөнүндө айтылган Ыйык Жазуудагы сөздөрдү түшүнүшө элек болчу.
10
Анан шакирттер үйлөрүнө кайтышты.
11
Мариям болсо мүрзөнүн жанында ыйлап турду. Ал ыйлап жатып, мүрзөнүн ичин эңкейип карап,
12
ак кийимчен эки периштени көрдү. Бирөө Ыйсанын сөөгү коюлган жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында отурган экен.
13
Алар Мариямдан: «Аял, эмнеге ыйлап жатасың?» – деп сурашты. «Теңиримди алып кетишиптир, Аны кайсы жерге коюшканын билбейм», – деп жооп берди ал периштелерге.
14
Ушинтип айткандан кийин, ал артына бурулуп, туруп турган Ыйсаны көрдү, бирок Аны тааныган жок.
15
Ыйса андан: «Аял, эмнеге ыйлап жатасың? Кимди издеп жүрөсүң?» – деп сурады. Мариям Аны бакчы экен деп ойлоп: «Мырза, эгерде Анын сөөгүн сен алып кеткен болсоң, кайсы жерге койгонуңду айтчы, алып келейин», – деди.
16
Ошондо Ыйса ага: «Мариям», – деди. Мариям Ыйсага бурулуп: «Устат!» – деди.
17
Ыйса ага: «Мага колуңду тийгизбе, анткени Мен али Атама көтөрүлүп кете элекмин. Бир туугандарыма барып, Менин Өз Атама – силердин да Атаңарга, Менин Өз Кудайыма – силердин да Кудайыңарга көтөрүлүп кетеримди айт!» – деди.
18
Магдалалык Мариям шакирттерге барып, Теңирди көргөнүн жана Анын ушул сөздөрдү айтканын айтып берди.
19
Ошол эле күнү кечинде, жуманын биринчи күнү, Ыйсанын шакирттери бир үйгө чогулуп, жүйүттөрдөн корккондуктан, эшиктерин бекитип алып отурушкан эле. Ошол учурда Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» – деди.
20
Ушинтип айткандан кийин, Ыйса аларга Өзүнүн колдорун, буттарын жана кабыргаларын көрсөттү. Шакирттер Теңирди көрүп кубанышты.
21
Ыйса аларга дагы бир жолу: «Силерге тынчтык болсун! – деп айтты да, – Атам Мени жиберген сыяктуу, Мен да силерди жиберем», – деди.
22
Ушуну айткандан кийин, Ал шакирттерине демин үйлөп: «Ыйык Рухту кабыл алгыла!
23
Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, ал кечирилет, ал эми кимдин күнөөлөрүн кечирбесеңер, ал кечирилбейт», – деди.
24
Он эки шакирттин бири, Эгиз деген да ысымы бар Томас Ыйса келген учурда алардын арасында жок эле.
25
Шакирттер ага: «Биз Теңирди көрдүк», – дешти. Бирок ал: «Мен Анын колдорундагы мыктын тагын көрмөйүнчө, мыктын тагы калган жерине жана кабыргаларына колумду тийгизип көрмөйүнчө ишенбейм», – деди.
26
Сегиз күндөн кийин Ыйсанын шакирттери ошол үйгө дагы чогулушту, алардын арасында Томас да бар эле. Эшик бекитилүү болчу, бирок Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» – деди.
27
Андан кийин Томаска кайрылып: «Менин колдорум менен кабыргаларыма колуңду тийгизип көр да, ишенбеген адам болбой, ишенген адам бол!» – деди.
28
Томас Ага: «Теңирим менин! Кудайым менин!» – деп жооп берди.
29
Ыйса ага: «Сен Мени көргөндөн кийин ишенип жатасың, көрбөй ишенгендер бактылуу», – деди.
30
Ыйса шакирттеринин көз алдында көптөгөн кереметтерди көрсөттү, бирок бул китепке алардын баары жазылган жок.
31
Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды.
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21