bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
John 2
John 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 3 →
1
Эки күндөн кийин Галилеядагы Каана шаарында үйлөнүү тою болду. Ыйсанын энеси ошол жерде болчу.
2
Ыйса да шакирттери менен бирге тойго чакырылды.
3
Шарап жетпей калганда, энеси Ыйсага: «Шараптары түгөнүп калыптыр», – деди.
4
Ыйса ага: «Сен экөөбүздүн ишибиз эмне, аял! Менин убагым али келе элек», – деди.
5
Энеси кулдарга: «Ал силерге эмнени айтса, ошону кылгыла», – деди.
6
Ошол жерде жүйүттөрдүн тазалануу расмисин аткарууга арналган, эки-үч ченем суу баткан алты таш идиш турган эле.
7
Ыйса кулдарга: «Идиштерге суу толтургула», – деди. Кулдар идиштерге мелт-калт кылып суу толтурушту.
8
Андан кийин аларга: «Эми сузуп алгыла да, той башкаруучуга алып баргыла», – деди. Алар алып барышты.
9
Той башкаруучу шарапка айланган суудан татып көргөндөн кийин, (ал шараптын кайдан экенин билген жок, аны суу сузуп алган кулдар гана билишчү), күйөөнү чакырып:
10
«Элдин баары адегенде шараптын жакшысын беришет, коноктор кызып калгандан кийин, начарын беришет. Сен болсо шараптын жакшысын ушул убакка чейин сактап коюптурсуң», – деди.
11
Ошентип, Ыйса Галилеядагы Каанада Өзүнүн эң алгачкы кереметин жасап, Өзүнүн даңкын көрсөттү. Ошондо шакирттери Ага ишенип калышты.
12
Ошондон кийин Ыйса энеси, инилери жана шакирттери менен Капернаумга барып, ал жерде бир нече күн болду.
13
Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындаганда, Ыйса Иерусалимге келип,
14
ийбадаткананын короосунда өгүз, кой, көгүчкөн саткандарды жана акча алмаштырып отургандарды көрдү.
15
Аркандан камчы жасап алып, алардын баарын кой, өгүздөрү менен кошо ийбадаткананын короосунан кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын акчасын чачып, үстөлдөрүн көңтөрүп салды.
16
Анан көгүчкөн саткандарга: «Буларыңарды бул жерден алып кеткиле! Атамдын үйүн базарга айландырбагыла!» – деди.
17
Ошондо шакирттер Ыйык Жазуудагы «Сенин үйүңө болгон кызганыч Мени жеп жатат» деген сөздөрдү эстешти.
18
Жүйүттөр Ыйсадан: «Ушундай кылууга укугуң бар экенин кандай жышаан менен көрсөтө аласың?» – деп сурашты.
19
Ыйса аларга: «Бул ийбадаткананы бузгула, Мен аны үч күндүн ичинде кайра тургузам», – деп жооп берди.
20
Жүйүттөр буга: «Бул ийбадаткана кырк алты жылда курулуп бүткөн. Сен аны үч күндүн ичинде тургузуп коёсуңбу?» – дешти.
21
Ыйса болсо «ийбадаткана» деп, Өзүнүн денеси жөнүндө айткан эле.
22
Ыйса өлүп, кайра тирилгенден кийин, шакирттери Анын ушул жөнүндө айтканын эстешип, Ыйык Жазууда жазылгандарга жана Анын сөзүнө ишеништи.
23
Көп адамдар Ыйсанын Иерусалимде, Пасах майрамында кылган кереметтерин көрүп, Ага ишенип калышты.
24
Алардын баарынын кандай экендигин билгендиктен, Ыйса Өзүн аларга ишенип тапшырган жок.
25
Адамдын жүрөгүндө эмне бар экендигин билгендиктен, Ал кимдир бирөөнүн адам жөнүндө күбөлөндүрүүсүнө муктаж эмес эле.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21