bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
John 21
John 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
1
Андан кийин Ыйса Тиберия көлүнүн жээгинде шакирттерине дагы бир жолу көрүндү. Бул мындайча болду:
2
Шымон Петир, Томас-Эгиз, Галилеянын Каана шаарынан болгон Натанаел, Зебедейдин уулдары жана дагы эки шакирт чогуу жүрүшкөн эле.
3
Шымон Петир аларга: «Мен балык кармаганы барам», – деди. Алар ага: «Биз да сени менен барабыз», – дешти да, барып, кайыкка түшүштү. Бирок ал түнү алар эч нерсе кармай алышкан жок.
4
Таң атып калганда, Ыйса жээкте турган эле. Шакирттери болсо Анын Ыйса экенин билишкен жок.
5
Ыйса алардан: «Балдар, балыгыңар барбы?» – деп сурады. Алар Ага: «Жок», – деп жооп беришти.
6
Ыйса аларга: «Торду кайыктын оң жагынан салгыла, ошондо кармайсыңар», – деди. Алар торун салышты да, түшкөн балыктын көптүгүнөн торду кайра тартып чыгара албай калышты.
7
Ошондо Ыйсанын сүйгөн шакирти Петирге: «Бул Теңирибиз», – деди. Шымон Петир Анын Теңир экенин укканда, кийимин кие калып (анткени ал жылаңач эле), сууга секирди.
8
Калган шакирттер балыкка толгон торду сүйрөп, жээкке сүзүп келишти. Анткени алар жээктен анча алыс эмес жерде жүрүшкөн. Алар менен жээктин ортосундагы аралык эки жүз чыканактай эле.
9
Жээкке чыгышканда, жагылган оттун чогун жана анын үстүндөгү балык менен нанды көрүштү.
10
Ыйса аларга: «Азыр кармаган балыгыңардан алып келгиле!» – деди.
11
Шымон Петир барып, чоң-чоң балыктарга толгон торду жээкке тартып чыгарды. Тордо жүз элүү үч балык бар экен. Балыктын көптүгүнө карабастан, тор айрылбаптыр.
12
Ыйса аларга: «Келип, тамактанып алгыла!» – деди. Шакирттердин эч кимиси: «Сен кимсиң?» – деп суроого батынышкан жок. Анткени алар Анын Теңир экенин билишти.
13
Ыйса басып келип, аларга нанды жана балыкты берди.
14
Бул Ыйсанын тирилгенден кийин шакирттерине үчүнчү жолку көрүнүшү эле.
15
Алар тамактанып бүтүшкөндөн кийин, Ыйса Шымон Петирден: «Жунус уулу Шымон, сен Мени буларга караганда көбүрөөк сүйөсүңбү?» – деп сурады. «Ооба, Теңир, Сени сүйөрүмдү Өзүң билесиң», – деп жооп берди Петир. Ошондо Ыйса ага: «Козуларымды кайтар!» – деди.
16
Ыйса андан экинчи ирет: «Жунус уулу Шымон, сен Мени сүйөсүңбү?» – деп сурады. «Ооба, Теңир, Сени сүйөрүмдү Өзүң билесиң», – деп жооп берди Петир. Ошондо Ыйса ага: «Койлорумду кайтар!» – деди.
17
Ыйса андан үчүнчү ирет: «Жунус уулу Шымон, сен Мени сүйөсүңбү?» – деп сурады. «Сен Мени сүйөсүңбү?» деп, Ыйса үчүнчү ирет сурагандыктан, Петир капа болуп: «Теңир, Сен баарын билесиң, Сени сүйөрүмдү да билесиң», – деди. Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Койлорумду кайтар!
18
Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, сен жаш кезиңде белиңди өзүң бууп, каалаган жагыңа барчусуң. Карыганыңда колуңду сунуп бересиң, сени башка бирөө байлайт да, каалабаган жагыңа алып барат».
19
Ыйса бул сөздөрдү Петир өз өлүмү менен Кудайды даңктарын билдирүү үчүн айтты. Ушул сөздү айткандан кийин, Ал ага: «Менин артымдан ээрчи», – деди.
20
Петир артын карап, Ыйса сүйгөн шакирттин ээрчип келе жатканын көрдү. Ал кечки тамак убагында Ыйсанын төшүнө башын коюп, «Теңир, Сага чыккынчылык кыла турган ким?» деп сураган шакирт эле.
21
Петир ошол шакиртти көргөндө: «Теңир, ал эми булчу?» – деди.
22
Ыйса ага: «Кааласам, Мен келгенге чейин, ал тирүү болот, сенин ишиң эмне? Мени ээрчи», – деди.
23
Ошондон кийин бир туугандар арасында «Бул шакирт өлбөйт» деген сөз тарап кетти. Бирок Ыйса Петирге аны өлбөйт деп эмес, «Кааласам, Мен келгенче, ал ушул жерде болот, аны менен сенин ишиң эмне?» – деп айткан эле.
24
Ушулардын баарын ошол шакирт жазып алып, күбөлөндүрүп жатат. Биз анын күбөлөндүрүүсү чындык экенин билебиз.
25
Ыйса булардан башка дагы көптөгөн иштерди кылган. Эгерде алардын баарын жазып чыга турган болсо, жазылган китептер бул дүйнөгө батмак эмес деп ойлойм. Оомийин.
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21