bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Joshua 1
Joshua 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 2 →
1
Теңирдин кулу Муса каза болгондон кийин, Мусанын кызматчысы Нундун уулу Жашыяга Теңир мындай деди:
2
«Менин кулум Муса көз жумду. Эми сен тур, Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерге Ысрайыл уулдары менен бирге мына бул Иордан аркылуу өт.
3
Мусага айтканымдай, бутуңар баскан жердин баарын Мен силерге берем.
4
Чөлдөн жана мына бул Лебанон жеринен улуу Эфрат дарыясына чейинки хеттиктердин бардык жери, ошондой эле батыштагы улуу деңизге чейинки аймак силердики болот.
5
Өмүрүң өткөнчө сага эч ким туруштук бере албайт. Мен Муса менен кандай болсом, сени менен да ошондой болом. Сенден четтебейм, сени таштабайм.
6
Бекем, кайраттуу бол. Анткени Мен ата-бабаларына берем деп убада кылган жерди бул элдин карамагына сен өткөрүп бересиң.
7
Болгону, бекем, өтө кайраттуу бол, сага Менин кулум Муса берген мыйзамды так сактагын жана аткаргын, бардык иштериңди акылмандуулук менен кылуу үчүн, андан оңго да, солго да бурулба.
8
Бул мыйзам китебинде жазылгандар оозуңдан түшпөсүн, анда жазылгандардын бардыгын так аткарыш үчүн, алар жөнүндө күнү-түнү ой жүгүрт, ошондо сен өз жолдоруңда ийгиликке жетишесиң жана акылмандуулук менен иш кыласың.
9
Мен сага буйрук кылам: бекем, кайраттуу бол, жалтанба да коркпо, анткени сен кайда барсаң, Кудай-Теңириң ошол жерде сени менен болот».
10
Анан Жашыя эл башчыларга мындай деп буйрук берди:
11
«Станды аралап, элге мындай буйрук бергиле: “Жолуңарга азык камдагыла, анткени үч күндөн кийин, ата-бабаңардын Кудай-Теңири силерге мурас кылып берген жерди алганы барыш үчүн, Иордандын ары жагына өтөсүңөр”».
12
Ал эми Рубейин, Гат уруусуна жана Менашенин жарым уруусуна Жашыя мындай деди:
13
«Теңирдин кулу Муса силерге эмне буйруганын эстегиле. Ал мындай деген: “Кудай-Теңириңер силерди тынчтандырып, силерге ушул жерди берди.
14
Аялдарыңар, балдарыңар жана малыңар Иордандын ары жагында, Муса берген жерде калсын. Ал эми силер, согушка жарактууларыңар, куралданып алып, бир туугандарыңардын алдында баргыла да, аларга жардамдашкыла.
15
Теңир силер сыяктуу эле силердин бир туугандарыңарды да тынчтандырмайынча, Кудай-Теңириңер берген жерди алар мурас кылып алышмайынча, аларга жардамдашкыла. Ошондон соң мурасыңарга кайрылып келгиле да, Теңирдин кулу Муса Иордандын ары жагынан, чыгыш тараптан берген жерди ээлегиле”».
16
Алар Жашыяга жооп кылып: «Бизге эмне буйрусаң, ошонун бардыгын жасайбыз, кайда жиберсең, барабыз.
17
Биз Мусаны кандай уксак, сени да ошондой угабыз. Кудай-Теңириң Муса менен болгондой, сени менен да болсун.
18
Сенин буйругуңа каршы чыккан, сен буйрук кылып айткан сөздөрүңдүн бардыгына кулак салбаган ар ким өлүм жазасына тартылат. Болгону, сен бекем, кайраттуу бол!» – дешти.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24