bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Joshua 3
Joshua 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 4 →
1
Жашыя эртең менен эрте турду. Жашыя жана Ысрайылдын бардык уулдары Шитимден чыгып, Иорданга келишти да, андан өтпөй, ошол жерде түнөп калышты.
2
Yч күндөн кийин эл башчылар станды аралап,
3
элге мындай деп буйрук беришти: «Кудай-Теңириңердин келишим сандыгын, сандыкты көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди көргөнүңөрдө, силер да ордуңардан козголуп, алардын артынан жөнөгүлө.
4
Бирок силер менен алардын ортосундагы аралык эки миң чыканактай болсун. Кайсы жол менен баруу керек экенин билишиңер үчүн, аларга жакындабагыла, анткени силер бул жол менен мурун баскан эмессиңер».
5
Жашыя элге кайрылып, мындай деди: «Ыйыкталгыла, анткени Теңир эртең силердин араңарда кереметтерди көрсөтөт».
6
Ыйык кызмат кылуучуларга болсо Жашыя мындай деди: «Келишим сандыгын алып, элдин алдында баскыла». Ыйык кызмат кылуучулар келишим сандыгын көтөрүп, элдин алдында басышты.
7
Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: «Мен Муса менен болгондой эле, сени менен да болорумду бардык Ысрайыл уулдары билиши үчүн, бүгүндөн тартып Мен сени алардын алдында даңазалай баштайм.
8
Сен болсо келишим сандыгын көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучуларга мындай деп буйрук бер: “Иорданга кирериңер менен, Иорданда токтоп тургула”».
9
Жашыя Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Бул жакка келгиле, Кудай-Теңириңердин сөзүнө кулак салгыла».
10
Жашыя дагы мындай деди: «Канаандыктарды да, хеттиктерди да, хибиликтерди да, периздиктерди да, гиргештиктерди да, аморлуктарды да, жебустуктарды да силердин алдыңардан кууп чыга турган тирүү Кудай араңарда экенин мындан билесиңер:
11
бүт жердин Теңиринин келишим сандыгы силердин алдыңарда Иордандан өтөт.
12
Ысрайыл урууларынын ичинен он эки киши: ар бир уруудан бирден киши алгыла.
13
Бүт жердин Эгедеринин, Теңирдин, сандыгын көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучулардын таманы Иордан суусуна тиери менен, Иордан суусу тартылат да, жогору жактан аккан суу дубалдай тирелип туруп калат».
14
Ошентип, Иордандан өтүш үчүн, эл чатырларынан козголду, ыйык кызмат кылуучулар элдин алдында келишим сандыгын көтөрүп жөнөштү.
15
Сандык көтөргөндөр Иордан суусуна кирери менен, сандык көтөргөн ыйык кызмат кылуучулардын буту Иордан суусуна тиери менен (Иордан дарыясы болсо эгин оруу маалында жээктеринен чыгып, ташып турат),
16
жогору жактан аккан суу токтоп, Саретандын жанындагы Адам шаарына чейинки эң чоң аралыкка дейре дубал болуп тирелип калды. Ал эми түздүктөгү Туздуу деңизге аккан суу соолуп калды.
17
Анан эл Жерихонун тушунан өттү. Теңирдин келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар Иордандын ортосундагы кургак жерде бекем турду. Ысрайыл уулдарынын баары кургак жер менен өтүп жатышты, бүткүл эл өтүп бүткөнчө ошондой болду.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24