bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Joshua 23
Joshua 23
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 24 →
1
Теңир Ысрайыл уулдарын туш тараптагы бардык душмандарынан куткарып, тынчтандыргандан кийин, көп мезгил өттү. Жашыя абдан карып калды.
2
Жашыя Ысрайылдын бүт жамаатын, алардын аксакалдарын, башчыларын, башкаруучуларын, көзөмөлдөөчүлөрүн чакыртып алып, аларга мындай деди: «Мен карып калдым.
3
Кудай-Теңириңер ушул турган элдерди силердин алдыңарда эмне кылганын өз көзүңөр менен көрдүңөр, анткени Кудай-Теңириңер силер үчүн Өзү салгылашты.
4
Мен Иордандан батыштагы улуу деңизге чейинки элдердин бардыгын кырып, калган элди силердин укум-тукумуңарга өкчөмө таш боюнча бөлүп бердим.
5
Кудай-Теңириңер силерге айткандай, алардын жерлерин мурастап калышыңар үчүн, Кудай-Теңириңер Өзү аларды алдыңардан кууп чыгып, силердин көз алдыңарда жок кылат.
6
Ошондуктан Мусанын мыйзам китебинде жазылгандардын бардыгын так сактап, так аткарууга аракет кылгыла, андан оңго да, солго да бурулбагыла.
7
Араңарда калып калган элдер менен байланышпагыла, алардын кудайларын эскербегиле, аттарын атабагыла, аларга кызмат кылбагыла, табынбагыла,
8
бирок бүгүнкү күнгө чейин жабышып келгениңердей, Кудай-Теңириңерге жабышкыла.
9
Теңир көп сандаган күчтүү элдерди силердин алдыңардан кууп чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин силерге эч ким туруштук бере алган жок.
10
Бирөөңөр эле миңди кубалайсыңар, анткени Кудай-Теңириңер Өзү айткандай, силер үчүн Өзү күрөшүп жатат.
11
Ошондуктан Кудай-Теңириңерди бүт күчүңөр менен сүйүүгө аракет кылгыла.
12
Эгерде силер Теңирден баш тартып, араңарда калган бул элдер менен катышып, кыз алышып, кыз беришип, силер аларга, алар силерге келе турган болсо,
13
анда билип койгула: Кудай-Теңириңер бул элдерди араңардан кууп чыкпайт, алар силерге жайылган тор, мойнуңарга салынган сыйыртмак болот, Кудай-Теңириңер берген берекелүү бул жерде силер кырылып калмайынча, алар жонуңарга камчы, көзүңөргө тикенек болот.
14
Жарык дүйнө менен коштошорума аз калды. Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да аткарылбай калбаганын бүт жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен таанып билгиле, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты, бир да сөз аткарылбай калган жок.
15
Бирок Кудай-Теңириңер силерге айткан бардык жакшы сөздөрүн кандай аткарып келсе, бардык жаман сөздөрүн да Кудай-Теңириңер берген берекелүү бул жерде силерди жок кылмайынча, ошондой аткарат.
16
Эгерде Кудай-Теңириңердин силер менен түзгөн келишимин бузуп, башка кудайларга кызмат кылып, аларга табынып кетсеңер, анда Теңир силерге каарданат, силер Теңир берген бул берекелүү жерде бат эле кырылып жок болосуңар».
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 24 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24