bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Joshua 14
Joshua 14
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 15 →
1
Ысрайыл уулдары Канаан жеринде үлүшкө алган жерлер мына ушулар. Бул жерлерди аларга ыйык кызмат кылуучу Элазар, Нундун уулу Жашыя жана Ысрайыл урууларынын уруу башчылары бөлүп беришкен.
2
Алар өкчөмө таш ыргытып, Теңир Муса аркылуу буйругандай, тогуз урууга жана Менашенин жарым уруусуна үлүш бөлүштүрүштү.
3
Муса эки урууга жана Менашенин жарым уруусуна Иордандын аркы өйүзүнөн үлүш бөлдү. Уруулардын ичинен Леби уруусуна үлүш бөлгөн жок.
4
Анткени Жусуптун уулдарынан эки уруу тараган, алар: Менаше жана Эпрайым уруулары. Ошондуктан алар лебилерге үлүшкө жер беришкен жок, алар жашаганга, алардын мал-мүлкүнө тегерек-чети менен шаарларды гана беришти.
5
Жер бөлүштүрүүдө Ысрайыл уулдары Теңир Мусага кандай айтса, так ошондой кылышты.
6
Жүйүттүн уулдары Гилгалга, Жашыяга келишти. Кеназдык Жепундун уулу Калеп Жашыяга мындай деди: «Кудайдын кишиси Мусага Теңир Кадеш-Барнейиде сен экөөбүз жөнүндө эмне дегенин билесиң.
7
Кудай-Теңирдин кулу Муса мени Кадеш-Барнейиден жер чалып келүүгө жөнөткөндө, кырк жашта элем. Мен ага жооп кылып, жүрөгүмдө болгонду айтып келгем.
8
Мени менен барган бир туугандарым элди коркутуп салган. Мен болсо өз Кудай-Теңиримдин айтканындай кылгам.
9
Муса ошол күнү мындай деп ант берген: “Бутуң баскан жерлер түбөлүккө сенин жана сенин уулдарыңдын үлүшү болот, анткени сен менин Кудай-Теңиримдин айтканындай кылдың”.
10
Ошентип, Теңир Өзү айткандай, мени аман-эсен сактап келди. Теңир бул сөздү Мусага айткандан бери, Ысрайыл чөлдө жүргөндөн бери кырк беш жыл өттү. Азыр мен сексен бештемин.
11
Бирок мен азыр да, Муса мени жөнөткөн учурдагыдай эле күүлүү-күчтүүмүн. Ошол учурда канчалык күч-кубатым болсо, азыр да согушууга, кирип-чыгууга ошончолук күч-кубатым бар.
12
Ошондуктан ошол күнү Теңир айткан бул тоолуу аймакты мага бер, анткени ал тоодо Анактын уулдары жашарын, алардын шаарлары чоң, чептүү шаарлар экенин ошол күнү уккансың. Балким, Теңир мени менен болор, ошондо Теңир айткандай, мен аларды кууп чыгармын».
13
Жашыя Жепундун уулу Калепке батасын берип, ага Хебронду үлүшкө берди.
14
Ысрайылдыктардын Кудай-Теңиринин буйругун так аткаргандыгы үчүн, Хеброн – бүгүнкү күнгө чейин кеназдык Жепундун уулу Калептин үлүшү.
15
Хеброн мурда Анактын уулдарынын арасындагы бир алп адамдын атынан Кирийат-Арба деп аталчу. Ошондон кийин өлкөдө тынчтык өкүм сүрдү.
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 15 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24