bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Joshua 20
Joshua 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 21 →
1
Анан Теңир Жашыяга мындай деди:
2
«Ысрайыл уулдарына айт: “Мен силерге Муса аркылуу айткандай, баш калкалай турган шаарларды тандагыла.
3
Атайын эмес, жаңылыштык менен киши өлтүрүп алган адам ал шаарга качып барып, кан кууган адамдан жашынсын.
4
Бул шаарлардын бирине качып барган адам шаар дарбазасынын алдына туруп, кылган ишин ал шаардын аксакалдарына угуза айтып берсин. Ошондо алар аны шаарга кабыл алышат да, ага жашап тургудай жай беришет.
5
Анын артынан кан кууган адам келгенде, алар киши өлтүргөн адамды анын колуна салып беришпесин, анткени ал өз жакынын атайылап өлтүргөн эмес, аны менен касташкан эмес.
6
Ал жамаат алдына, сот алдына келгенге чейин, ошол учурдагы башкы ыйык кызмат кылуучунун көзү өткөнгө чейин ошол шаарда жашап турсун. Ошондон кийин гана киши өлтүргөн адам качып чыккан өз шаарына, өз үйүнө кайтсын”».
7
Ошондо алар Напталы тоосундагы, Галилеядагы Кедешти, Эпрайым тоосундагы Шекемди, Жүйүт тоосундагы Кирийат-Арбаны, башкача айтканда, Хебронду,
8
Иордандын чыгыш тарабындагы, Жерихонун жанындагы, Рубейин уруусуна тиешелүү чөлдөгү, түздүктөгү Бетсерди, Гат уруусуна тиешелүү Гилаттагы Рамотту, Менаше уруусуна тиешелүү Башандагы Голанды бөлүштү.
9
Бул шаарлар жаңылыштык менен киши өлтүрүп алган ысрайылдык болобу, келгин болобу, качып барып баш калкалашы үчүн, жамаат алдына, сот алдына келгенге чейин, кан кууган адам аны өлтүрүп койбошу үчүн дайындалган.
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24